Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Жакшы аялдар үй болушат бороондо...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Аял жакшы - эр жакшы». Мына ушул сөздү ар дайым уга берип, маанисин жакшы түшүнгѳн менен маңызына анча деле үңүлүп көңүл бура бербейбиз.

Андан да илгери бул сөздү «Обозгер жакшы хан жакшы, катын жакшы эр жакшы» деп коюшчу экен. «Обозгер» деген «увазир», «вазир» дегенди билдирген сөз.

Чындыгында эле жаман эркекти жакшы кылган аялзаты болгондуктан, буга миңдеген мисалдарды келтирсек болот. Башкасын айтпаганда да Манасты Манас кылган, кайсыл жерде болбосун анын кадыр-баркын сактаган Каныкей болгонун «Манасты» билгендер жакшы билишет.

“Жакшы аял менен жаман аял” жөнүндө бизде толгон-токой чыгармалар бар. Мен жакында Кытайга барганда да такай ушул бир куплет ырымды окуп жүрдүм, ошону окуй кетейин.

Бажырайып бакытыңдын гүлдѳрү,

Багың гүлдѳйт, баары гүлдөйт корооңдо.

Жаман аял бороон болсо үйдөгү,

Жакшы аялдар үй болушат бороондо.

* * *

Эненин ак сүтүн акташ кыйын. Эне тууралуу канчалаган эң сонун ырлар жазылып, обондуу ырлар ырдалып келет. Дагстандык авар элинин улуу акыны Расул Гамзатовдун мына бул ырын да мисалга тарта кетели:

Жатат мында күлүп-ойноп периште,

Бир сөз билбейт, болкулдатып эмгенин.

Бирок, мезгил келет айтып беришке,

Ким экенин, жарыкка не келгенин.

* * *

Аял деген эң биринчи - Эне. Аял деген табиятында назик, алсыз жаралган жан. Бирок ал Энеге айланганда бу жалган дүйнөдөн андан күчтүү эчкимди табуу мүмкүн эмес. Бир эле далил. Баласы кокусунан отко түшүп калса, баласын аман сактап калыш үчүн ошол отко атасы да эмес, баланын бир туугандары да эмес, жалгыз гана Эне боюн таштайт. Мен Энелерге арнаган мына бул ырымды окуй кетейин.

Үстүңдө - Асман, астыңдагы -Жер экен,

Үшүсѳң - Үй, ысыгында - Жел экен,

Чөлдө - Араба, көлдө калсаң - Кеме экен,

Абдан назик, абдан алсыз неме экен,

Аял бирок айланганда Энеге,

Кудай Таала Кудуретиңден кийинки,

Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен!

* * *

Баласы:

- Эне, сенин ак сүтүңдү кантип актайм?, - деп сурайт.

Энеси:

- Сенин бактылуу жашаганың, алган жарың менен балдарыңдын бактылуу жашаганы - менин ак сүтүмдүн акталганы, балам, - деген экен.

* * *

Дагы бир жигит:

- Эне, сенин ак сүтүңдөн кантип кутулам?-деп сурайт.

Анда энеси:

- Ичкениңди токтоторуң менен, ичип келип казан-аякты талкалап, катын-балаңды ботодой боздотуп, урганыңды токтоторуң менен кутуласың,-деген экен.

* * *

... Илгери, илгери бир падыша:

- Кимде ким тирүүлѳй энесинин жүрөгүн алып келсе, кызымды мен ошого берем, кызыма кошуп байлыгым менен бийлигимдин теңин берем деп жарыя кылат. Жарлыкты угары менен энесинен бөлөк эчкими жок жетим бала үйүнѳ чуркап жетип, энесин балта менен башка чаап өлтүрүп, жүрөгүн сууруп алып, падыша олтурган Ак үйгө шашат. Шашып баратып чалынып жыгылып, бозала чаң болуп, тура калат. Ошондо колундагы жүрөктөн энесинин үнү угулуп:

- Олда балакетиңди алайыным-ай, абайлап чуркасаң болбойбу, тизеңди оорутуп алдың ээ?, - деген экен.

* * *

Энелердин ак сүтүнөн кантип кутулабыз?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG