Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Кэтрин Эштон: Адам укуктары унутулбайт


Бүгүн Бишкекте Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын вице-президенти Кэтрин Эштон Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту.

Жабык эшик артында өткөн жолугушууда аймактагы коопсуздук, адам укуктарынын абалы, суу, энергетика, экология тууралуу сөз болду.

Кэтрин Эштон айым Борбор Азиядагы сапарын Бишкектен баштады. Бишкекке ал Тбилисиден учуп келди. Мамлекеттик резиденцияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү.

Жолугушуу көпкө созулду. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери, ал эми Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин биринчи орун басарлары катышты.

Жолугушуудан соң Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Еврокомиссиянын вице-президенти Кэтрин Эштон айым журналисттерге маалымат беришти.

"Биз билим берүү, коомдогу аялдардын ролу, мыйзамдын үстөмдүгү, экология, суу, коопсуздук, жана энергетика темаларын талкууладык", - деди Кэтрин Эштон.

Бул жолугушууну укук коргоочулар жана жарандык коом абдан күтүп жаткан. Себеби дээрлик бардык аймактагы тышкы иштер министрлери чогулуп, адам укуктары жаатындагы мүчүлүштүктөр өңдүү орчундуу маселелерди ачык талкуулап алууга шарт түзүлмөк.

Коопсуздук, энергетика, суу маселелери боюнча айрым чечимдер болобу деген да үмүт бар болчу. Бирок эч кандай конкреттүү чечимдер же билдирүүлөр жасалган жок.

Ошентсе да Кэтрин Эштон талкуу абдан кызуу жана ачык болгонун кошумчалады:

- Евробиримдик үчүн Борбор Азия өтө маанилүү регион. Ооганстанга байланыштуу коопсуздук боюнча ой бөлүштүк. Энергетика, суу тармагында регионалдык кызматташтык маселелери курч турат – бул суроо да талкууланды.

Кэтрин Эштон президент Алмазбек Атамбаев менен да жолукту. Эртең ал Өзбекстанга учат, андан соң Тажикстанда жана Казакстанда болот.

1996-жылдан тарта Евробиримдиктен Кыргызстанга ар кандай долбоорлор аркылуу 450 миллион евро суммада жардам келген.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG