Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Жээнбековдун тышкы саясаттагы кадамы


Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыкка киргендеги алгачкы жылын коңшулаш өлкөлөр менен мамилени оңдоого кетиргенин билдирди. Президенттин билдирүүсү канчалык жөндүү жана учурда кандай тышкы саясат жүрүп жатат?

30-июнда парламенттеги кайрылуусунда президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин көп айтпай келген багытты - тышкы саясаттагы аракеттерин кеп кылды.

Ал президенттигинин алгачкы жылын Кыргызстандын тышкы саясатындагы чиелешкен маселелерди жөнгө салууга коротконун ачыкка чыгарды:

«Мен мамлекеттин башына келгенимде тышкы саясатта чиелешип калган маселелерди, коңшулар менен акыркы жылдары курчуп кеткен мамилелерди мураска алдым. Тышкы саясаттагы түйүн болуп калган маселелерди чечүүгө көп убактымды жана энергиямды короттум. «Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» демекчи, коңшуларыбыз менен мамилени түздөп, алардын бизге болгон ишенимин бекемдөө аракетине менин президенттик алгачкы бир жылдык убактым кетти».

Президент мындай аракеттердин натыйжасында «прагматикалык тышкы саясат жөнгө салынганын», стратегиялык өнөктөштөр сыяктуу эле Батыш Европа жана араб өлкөлөрү менен мамиле жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгиледи:

«Кайсы өлкөгө барбайын, чечилбей келе жаткан майда жана ири маселе, күмөн саноо турду.

Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгына доо кетирбей, ошол эле учурда алыскы жана жакынкы өнөктөштөрдүн ишенимине татыктуу болуу максатында таза ниет менен кадам таштап, мамиле түзүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Кудайга шүгүр, улуттук кызыкчылыктарга таянган жаңы прагматикалык тышкы саясатыбыз жөнгө салынды».

Президент ошол эле учурда жакынкы кошуналардын ичинен Тажикстан менен чек ара маселеси чечилбей келе жатканын, ал эми Казакстан менен стратегиялык өнөктөш болсо да, кыйынчылыктар бар экенин мойнуна алды. Ал учурда ар бир жолугушууну, мүмкүнчүлүктү пайдаланып, олуттуу маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштеп жатканын жана анын өтөөсүнө чыгарына ишенерин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков айтып жаткан улуттук кызыкчылыкка таянган жана жөнгө салынды деген тышкы саясат кандай жүргүзүлүп жатат? Бул суроонун тегерегинде саясий чөйрөнүн жана адистердин пикири ар түрдүү.

Чынында эле Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткен учурда Казакстан жана Түркия сыяктуу өлкөлөр менен мамиле начарлаган. Адистер буга мурдагы президенттин бул өлкөлөрдүн жетекчилерине карата ачууга алдырган билдирүүлөрү себеп болгонун белгилешет.

Атап айтканда, ошол убакта кыргыз-казак чек арасында бөгөттөр, узун кезектер пайда болгон. Сооронбай Жээнбеков президенттикке киришкенден кийин коңшу өлкөгө барган соң гана бул абал жөнгө салынган болчу.

Дал ушул жагдайды эске салган Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов президент Жээнбеков коңшу өлкөлөр менен мамиледеги маселелерди чечүүгө багытталган аракети бир топ жыйынтык берди деген пикирде.

«Сооронбай Шарипович президенттикке келген соң жакынкы коңшулар менен мамилени оңдогону чындык, - деди ал. - Ага чейин аябай катуу бузулган болчу. Азыркы дүйнө жүзүн каптаган ооруга байланыштуу, пандемиялык шартта бардык өлкөлөр чек араларын жаап, өзү менен өзү болуп жатышат. Ушуга карабай Орусия, Кытай, Өзбекстан менен болгон мамиленин жакшы экени акыркы учурда абдан жакшы көрүндү».

Депутаттын мындай оң баасына карабай, бир катар өлкөлөр менен алакада курч маселелер болуп жатат. Маселен, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймактарда жашаган жергиликтүү элде байма-бай чыр-чатактар кайталанып жатканы белгилүү. Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташууга, экспорт-импорт маселесине байланыштуу ЕАЭБдин курамындагы кошуна менен талаш-тартыш маал-маалы менен азыр да уланып жатат.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилени аныктоочу принципиалдуу маселе «Хизмет» кыймылынын тарапкерлерине байланыштуу жагдай болуп турат. Түркия өз өлкөсүндө мыйзамсыз деп тапкан бул кыймыл Кыргызстанда иш алып барып жатат деп эсептейт. Учурда бул маселе боюнча бийликтин так позициясы жок болгону түрк тарап менен мамилени жогорку деңгээлде жандантууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы айтылууда.

Кытай менен мамиле да шыр кетпей, бир катар суроолор менен коштолуп жаткан чагы. Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири болгон бул өлкөдөн келген инвесторлор сунуш кылган Ат-Башыдагы логистикалык борборду куруу долбоору ишке ашпай, Солтон-Сары кени боюнча кытайлык ишкерлер элдин каршылыгына туш болду.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жогорудагы абалды эске алуу менен учурда тышкы саясат жаатындагы чиелешкен маселелер абдан көбөйгөнүн белгиледи:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Азыркы шартта тышкы саясатта көпчүлүк өлкөлөр менен мамиле жакшы деп айта албайбыз. Тескерисинче, начарлап бара жатат. Батыш өлкөлөрү менен тиешелүү келишимдерге кол коюлбай турат. Европа Биримдигинен болсо буга чейин жакшы катнашта болгон Германия жардамды азайтып жатат. Советтер Союзуна кирген өлкөлөр менен деле мамиле бир кылка эмес. Азыр Орусия менен эле мамиле түзүп калдык. Алардын толук карамагында болгондой... Казакстан менен болсо ЕАЭБдин алкагында чек арага байланыштуу абдан көп маселе болуп жатат. Өзбекстан менен башында жакшы башталып, акыркы убакта токтоп калды. Тажикстан менен болсо мамиле кандай болуп жатканын көрүп жатасыңар. Ушулардын баарын эске алганда тышкы саясатта ийгиликке жетишип жатабыз деп айта албайбыз. Тескерисинче, төмөндөп бара жаткандай сезилет».

Конституцияга ылайык, тышкы саясат - президент жооптуу болгон негизги тармактардын бири. Мамлекет башчы өлкөнүн атынан сүйлөшүү жүргүзүп, эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурат.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов учурда президенттин алдында абдан көп маселелер турганын белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Буга чейин солгундап калган мамиле дароо эле оңоло калбайт. Аны бара-бара, дипломатиялык иш-аракеттер менен гана оңосо болот. Биз кандай болгон күндө да бир гана багытты карабай, жалпы дүйнө коомчулугунан чыкпашыбыз керек. Ал үчүн Кыргызстан өз мойнуна алган эл аралык келишимдерди, эл аралык укук нормаларын так сакташы керек болуп турат».

Кыргызстан өткөн жылы бир топ жылдардан бери жаңыланбай келген тышкы саясаттын жаңы концепциясын кабыл алган. Анда көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөрү айтылган. Бирок иш жүзүндө акыркы жылдары Орусияга гана ыктап, расмий Бишкек башка өлкөлөр менен тең салмак сакталбаганы айтылып жүрөт.

Сооронбай Жээнбеков быйыл күзүндө мамлекет башчы болуп шайланганына үч жыл болот. Кыргызстанда президент алты жылга шайланат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (62)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG