Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Бишкек-Москва: кырдаалга байланган сапар


Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин февраль айындагы жолугушуусу. 27-февраль, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин февраль айындагы жолугушуусу. 27-февраль, 2020-жыл.

Сооронбай Жээнбековдун Москвада өткөн аскердик парадга катыша албай, кайра кайтып келиши бир топ талкууга жем таштады. Бул сапарга улай Бишкек менен Москванын эки ача маалымат таратканы - бүдөмүк жагдайда аяктаган Жээнбековдун сапарына кайрадан саясий түс берди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Москвада өткөн аскердик парадга катыша албай калганы тууралуу бир гана кыргызстандыктар эмес, Орусиядагы саясат талдоочулар дагы ар кыл пикирлерин жазып чыгышты.

Маселен, орусиялык журналист, саясий эксперт Ирек Муртазин Кыргызстандын мамлекет башчысын эмне үчүн орус лидерине жолуктурбай коюшту деген суроого жооп издеген.

«Жээнбеков Путинге коронавирус жугузат деген кооптонуудан улам экөөнү жолуктурушкан жокпу? Же Бишкекте андан бир күн мурда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына күнөөлүү деп табылып, 11 жыл, эки айга кесилгени үчүнбү?

Жээнбековду Путинге жана парадга кое бербей, Москва өзүнө «берилген досу» Атамбаевге чыккан өкүмгө нааразылыгын билдирдиби? Же мунун баары жөн гана дал келүүбү?», - деген суроолорду ортого салды.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Москвага учардын алдында COVID-19га анализ тапшырып, баарыныкы таза чыккан.

Орусиянын баш калаасына баргандан кийин дагы бир жолу текшерүүдөн өтүшкөн. Анда делегациядагы 14 кишинин ичинен президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана жансакчылардын биринен коронавирус табылган.

Стамалиеванын айтымында, мындан кийин Жээнбеков майрамдык иш-чарага катышуудан баш тарткан. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү.

Маалымат катчы Кремл президенттин чечимин туура кабыл алып, Москвага келгенине ыраазычылык билдиргенин кошумчалады.

Кыргыз президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев РИА Новости агенттиги жазган маалыматты "Фейсбуктагы" баракчасына бөлүшүп, саясат ушундай деген пикирин жазды.

«Парадга катышпоо тууралуу биздин президент Сооронбай Жээнбековдун чечимине Кремлдин реакциясын Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди. Орусия тарап Кыргызстандын президентинин мындай чечимине ыраазы.

Менимче, конспирологиялык варианттардын баары жокко чыкты.

Лидерлер Путинге эмес, Путин бул иш-чарада кызматташтарына көбүрөөк муктаж болгонун түшүнүшүбүз керек. Саясат ушундай», - деп чечмеледи Алмазбек Акматалиев.

Москвадан делегация кайтып келатканда Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент жана анын жанындагылар анализдин жыйынтыгы чыкмайынча үч күндөй обочодо болушарын жазды.

Ал ошондой эле пландалган жадыбалга ылайык, президент Жээнбековдун Орусияга кийинки сапары 30-июнга белгиленгенин билдирди.

Ал күнү Ржев шаарында 1941-1945-жылдары согуш маалында каза тапкан кыргызстандык аскерлердин урматына эстелик ачыларын кошумчалаган.

Бирок 25-июнда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Ржевдеги иш-чарага президент Жээнбековдун катышары пландалбаганын билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «Жок, эч нерсе пландалган эмес. Андай пландар болгон эмес», - деди. Ал ошондой эле журналисттер «мемориалдын ачылышына кыргыз президенти катышары пландалып жатат» деген маалыматты кайдан угушканына кызыкты.

Айтор, кыргыз президентинин сапарына улай Бишкек менен Москванын эки ача маалымат таратканы - шаршембиде Орусиянын баш калаасында бүдөмүк жагдайда аяктаган Жээнбековдун сапарына кайрадан саясий түс берди.

Эксперт Руслан Акматбек мындай эки ача маалыматтардын чыгышынын себебин тышкы саясат жүргүзүүдөгү алешемдиктерден көрөт.

Руслан Акматбек. 6-март, 2018-жыл. Бишкек.
Руслан Акматбек. 6-март, 2018-жыл. Бишкек.

«Стратегиялык өнөктөшүбүздүн бизге болгон мамилеси биз ойлогондой эмес экен. Муну ачык-айкын көрсөтүп койду. Биз канчалык жагынганыбыз менен ал бизге автономдуу облусундай эле мамиле кылат экен. Президент элдин өкүлү, демек бизди эл катары деле көрүшпөйт экен. Биз аны мурда турмуштук жагдайда көп эле жолу көрүп келгенбиз, эми расмий тастыкташты окшойт. Эгерде биздин президенттин аппараты коомчулук менен коммуникацияны түз, жакшы курганда балким мындай божомолдор дагы чыкмак эмес. Бизде кандай көйгөй көтөрүлбөсүн президенттин деңгээли эмес дегендей мамиле кылып, формалдуу пресс-релиздерди жарыялап коюшат. Ошондой эле өнөктөш мамлекеттер менен дагы коммуникация начар экен. Мына жакында боло турган сапар тууралуу Кремлдин маалымат катчысынын кабары жок. Бул стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосундагы мамиленин көрсөткүчү эмес», - деди ал "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Бейшембиде кечке жуук “Кабар” улуттук маалымат агенттиги президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага шилтеме берип, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын Ржев шаарына 30-июнга белгиленген иш сапары мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун жазды.

Жакында эле Жогорку Кеңеш Канттагы Орусиянын авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялаган. Ага ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкеси "оңдоо үчүн" Орусиянын менчигине өткөрүлүп берилди.

Талкууга жем таштаган келишим 15 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Орусия 2032-жылы аэродромду Кыргызстанга өткөрүп бериши керек.

Байкоочулар бул протоколдун тезинен кабыл алынышынын бирден бир себебин президенттин Москвага боло турган сапарынан көрүшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG