Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Үй-бүлө чыры өлүм менен аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң районунун сырт өрөөнүндө 27 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан жан берди.

ИИМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына караганда адам өлүмү боюнча иш каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Келиндин өлүмүнө шектүү катары кармалган күйөөсү убактылуу камакка алынды. Окуяга себепкер болушу мүмкүн деген үчүнчү адамдын тиешеси бар-жогун текшериш үчүн экспертиза дайындалды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакуновдун билдиргени боюнча окуя 16-июнда Тоң районунун Кара-Саз жайлоосунда болгон.

Милиция келиндин өлүмүнө үй-бүлөдөгү чыр-чатак себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.

Маркумдун күйөөсү адегенде келинчеги өзүн-өзү атып алганын билдирип, кийинчерээк кылмышын моюнга алган. 17-июнда адам өлүмү боюнча иш козголуп, тергөө башталды.

«Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык иш козголуп, шектүү К.И. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Мындан тышкары соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эртең, 19-июнда Тоң райондук соту кармалган жарандын бөгөт чарасын карап чыгат», деп билдирди ОИИБнин басма сөз кызматы.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургундун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, келин 27де, күйөөсү 29 жашта. Экөө Тогуз-Булак айылында чогуу түтүн булатып келатканына төрт жыл болгон жана ортодо үч жашар кызы бар.

«Акыркы эки жылдан бери жаш жубайлар жайкысын элдин малын карап, Тоң районунун сырт өрөөнүнө чыгып кетишчү. Быйыл 29-майда мал айдап кетишкен. Аз күн мурун биздин эле айылда жашаган 1980-жылкы айылдашын малчы кылып жанына алган экен. Жаңжал дал ошол адам үчүн болуп жатат. Малчы К.И. келинчегине асылган имиш, аны уккан айылдашыбыздын ачуусу келип, аялын атып салган», - деди атын атабаган айыл тургуну.

Милициянын маалыматына караганда аты аталып жаткан жергиликтүү тургундун кайгылуу окуяга канчалык деңгээлде тиешеси бар-жогун териштирүү максатында экспертизалык иштер башталды.

Окко учкан келиндин сөөгү качан жерге берилери анык боло элек.

2018-жылы Каракол шаарынын тургуну мас абалында кызганычтын айынан аялын бычактап өлтүргөн факт катталган.

«Зомбулук өлүм менен аяктап жатат»

«Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фонду апрель айында тараткан маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жараат алган.

Буга чейин «Пикир» изилдөө мекемесинин талдоочусу, социолог Гүлнара Ибраева мамлекет терроризмге каршы күрөшкөндөй эле үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы чара көрүшү зарыл экенин билдирген:

«Бийлик органдары «үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү - биздин негизги маселебиз» деп такай айтышат. Бирок бул жөн эле сөз. Сөз иш менен көп айкалышпайт. Бюджетти карасаңыз гендердик теңчиликти камсыз кылуу же зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чараларына каражат таптакыр жетишсиз. Буга багытталган мыйзамдын аткарылышына жылына 25 млн. сом керектелет. Ал эми былтыр биринчи жолу 3,5 млн. сом бөлүндү. Бул эмнеге жетет? Экинчиден, ушул багытта ишти көзөмөлдөп, мамлекеттик органдардын ишин координациялай турган орган жок. Ошондуктан зордук-зомбулукка каршы жумуш да чачыранды болуп жатат».

Аталган фонддун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүүдө. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.

Жыл башында адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган «Human Rights Watch» уюмунун баяндамасы жарык көргөн. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн жагдайлар кала бергени айтылган. Алсак, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноо үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизм боюнча шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу дагы эле кездешип жатканы белгиленген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG