Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Мээнеткеч профессор Раимжан Эгембердиевдин жаркын элеси


Профессор Раимжан Эгембердиев.
Профессор Раимжан Эгембердиев.

“Манас” эпосун изилдөөгө, кыргыз фразеологиясы жана диалектологиясы илимий тармактарына зор салым кошкон окумуштуу, профессор Раимжан Эгембердиев дүйнө салды. Андан университетте таалим алып калган адабиятчы, илимпоз Бекташ Шамшиев эскерет.

Кыска маалымат. Профессор Раимжан Эгембердиев 1940-жылы 21-январда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек кыштагында туулган. Филология илимдеринин доктору. Ал кыргыз фольклорунун, фразеологиясынын, “Манас” эпосунун көйгөйлөрүн изилдөөчү катары таанымал.

Профессор Эгембердиев 1992-жылы “Фразеологияны 11-класста окутуу”, 2007-жылы “Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер” эмгектерин, андан тышкары 10-11-класстар үчүн окуу китептерин жазууга катышкан. Ал 2010-жылы чыккан “Азыркы кыргыз адабий тили” аттуу өзөккү илимий эмгектин авторлорунун бири. Жалпысынан ал 10дон ашык окуу куралдарын жазууга катышкан жана көптөгөн илимий жана жамаагаттык макалаларды жарыялаган, университеттерде дарстар окуп келген.

Профессор Раимжан Эгембердиев (21.1.1940--30.1.2021).
Профессор Раимжан Эгембердиев (21.1.1940--30.1.2021).

Байкалбаган бир мээнеткеч аалым дүйнөдөн өттү да кетти...

Раимжан Эгембердиев агайдын 30-январда дүйнө салганын Лайли Үкүбаева эжеден уктум. Лайли эже университетке жаңы ишке киргенде биздин топтун куратору болуп дайындалган, ошондон бери учурашкан жерде өткөн-кеткенди эскерип калабыз, кээде телефон чалып, ал-акыбалды сурап кобурашмайыбыз бар. Раимжан агайды 1-февралда Өзгөндөгү Ак-Терек айылына алып барып коюшарын, коштошуу зыйнаты ошол жерде болорун эже айтты. “Жакшы агайың эле, жарыя кылып койгула, билгендер угуп калышсын” деди.

Өмүрүн илим менен билимге арнаган адамдын эмгегин эскерип, адамгерчилик сапаты жайында азыноолок кеп кылуунун ыңгайы ушинтип да келет экен. Башка учурда чыгынып айта албай, сааты чыкпай, кийинкиге жылдырылып кала берет. Студент кез деле ыраакта калып, бизге билим берген агай-эжейлерибиз деле аз калышты. Мына, сексенге чыкканы менен баскан-турганы тың, дайым шайдоот жүргөн Райимжан агай да кайрылгыс каркыралардын катарына кошулуп учуп кете бериптир.

Кезигип калган жерде бажырая күлүп, жадырап-жайнап жүрчү агайым минтип өлкөбүз санаркаткан санаадан арыла албай, башкалаасын ыш басып, шайлоодон шайлоого үмүт артып, абалы калтыс турган кезде актыкка моюн сунуптур.

Ажал айтып келбейт экен. Ушу азыр окуунун жакшысы, билимдин мыктысы деп ал кездеги жапжашыл баш калаага келип, студенттик партада отурганыбыз, бизге билимин берип, илимге кызыктырган устатыбыздын өмүр жолу, азыноолок баамдап-билип калган адамдык сапаттары, ар кандай шарт-жагдайлардагы кездешип калгандарыбыз, биртоп нерселер эске түштү.

Аз илгерээк ал кишинин жүрөккө операция болгонун уккам. Башка учур болсо жумушка баратып же келатып учурашып, абалын сурап калар белек. Бу балакеттүү апаат келгени мурдагыдай ээн-жайкын сыртка чыгыш, тааныштар менен кенен басып сүйлөшүү калып, жуктуруп коёмбу же жугузуп аламбы коркунучу алдында жашап калбадыкпы. Көнүмүш тирилик минтип кескин өзгөрүп, жакшы адамдар бир четтен кайтпас сапарга чыгып кетип атышат, өзүң да ошол катарга бир күн кошулуп каласың, жашоонун катаал мыйзамы ушул экен.

Азыр ойлосом, Раимжан агай университетке мугалим болуп келген чакта жаш эле жигит экен, бизге токтолуп калган кишидей сезилчү. Анан да ошол кездин жазылбаган дагы бир мыйзамы бар эле, жаш мугалимдерди студенттерге баш-көз кылып бир айлык айыл чарба жумуштарына жөнөтүп ийишчү. Айыл чарба жумушу студенттерге майрам болгону менен агайларга андай эместир. Түйшүгү түмөн иштерин таштап токтолго таппас жаштарды саксактап кайтарып, жумуш бүтүп чарба уруксат бергенден кийин дуулдаган-шуулдаган жаштарды кайра шаарга жеткириш кыйла эле жооптуу жумуш болчу. Буга кошумча, студенттер жардамга барган айылдын жаштары менен мунасага келүү деген маселе турчу.

Биз жогорку курс болуп калганда Раимжан агай менен алыскы Кетмен-Төбөдө бир айга жакын чөп жыйнап, “Токтогул” совхозунун суу алдында калчу бир айылынын кыйла жумуштарын жасаганбыз.

Акын Токтогул Сатылган уулунун 150 жылдык мааракеси маалында. Кетмен-Төбө өрөөнү, Токтогул райлну, Жалал-Абат облусу, Кыргызстан. 2014-жылдын 17-октябры.
Акын Токтогул Сатылган уулунун 150 жылдык мааракеси маалында. Кетмен-Төбө өрөөнү, Токтогул райлну, Жалал-Абат облусу, Кыргызстан. 2014-жылдын 17-октябры.

Ал ишке чейин агайдын жаңыдан салынып жаткан үйүнүн курулушуна жардам бергенибиз эсимде. Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы Газ шаарча деген жерде уруксаты жок салынып калган айылдагы кичинекей үйдүн бир бөлмөсүнө пол салганбыз. Аркыл тактайлардан кураштырылган полубузду түнү менен сүргүлөп, жерпайын бекемдеп акыры бүткөргөнбүз.

Кара жумуштан кыйла жатыркап калгангабы же түнкү уйку кыстадыбы, иши кылып илең-салаң кыймылдап калган бизге агайдын кара жумушту катыра жасаганы, баарынан да мыкты жыгач усталыгы, тактайды тептегиз сүрүп, мыкты кыйшайтпай түз какканы, жыгачтын таарындыларын сыртка алып чыгып үйдү улам-улам тазалап турганы таң калтырган. Иш аяктагандан кийин дасторкон четинде тамаша кептен таштап, баарыбызды күлдүрүп, анан кара жумуш жаш адам үчүн пайдалуу экенин, бир түндо чон иш жасап койгонубузга кат-кат ыракматын айтып узаткан.

Агай жолугуп калганда үй-бүлөнү, анан айылды сурачу эле. Айыл ал киши үчүн өзгөчо бир укмуш дүйнө болчу. Бала кезинде айылдагы күндөрүн, үмүт-кыялдарын ал кийинки эскерүулөрүнүн биринде эскерген экен. Бала кезинде көркөм чыгармачылыкка кызыгып китеп окуп, кыялый дүйнөдө жашаган окшобойбу.

Кийин бир курбалдашы акын Курбанбай Калдыбаев тууралуу эскерүүсүн окуп, балалык сезими жазуучулукка ооп, көркөм сөзгө жакын өскөнүн байкагам. Негизи эле бала кезинде китеп окугандардын көпчүлүгү жазуучулук менен акындыкты көздөп калышат. Жашоо-турмушка жаңыдан баш баккысы келген баланын кирсиз таза дүйнөсүнө көркөм соз керемети жуурулушуп, кыял-сезимин алып учуп, алыскы мейкиндерге алып кетет го. Раимжан ага да Курбанбай Калдыбаев экөө эчен кыялдарга батып, сезим толкунуна капталып, китеп дүйнөсүнө жакын өсүп, жаратылыш кучагында эр жеткен экен.

Раимжан агай менен учурашып калганда өткөн-кеткенди кобурашып калганыбыз менен анын балалык чагы, айылдык турмушунан таптакыр кабарсыз экем. Бармактай кезинен кандай кыйынчылыктарга кабылганын, койчулуктун азабын кийинки бир маегинен билдим.

Кубат Чекиров. 23.11.2017.
Кубат Чекиров. 23.11.2017.

“Кут билим” гезитинин баштыгы агайдын дагы бир студенти Кубат Чекиров сексенге чыгып калган профессорду кепке тарткан экен.

Эмгек жолум адегенде падачы, андан соң, койчу болуудан башталган. Мен ал жумуштарды өз алдымча эмес, Өзбекстандын Шааркан, Кува, Асаке деген райондорунда, бирөөлөрдүн колунда, жалданып жүрүп аткарганмын. Мен эки жашка келип калганда апамдын көзү өтүптүр. Атам фронтко кетип, кийин келгенде өз алдынча үй-бүлө күтүп, мени чоң атам менен чоң энем багып, чоңойтуп өстүрүшкөн экен. Андан соң чоң энем, кийинчерээк чоң атамдын көзү өткөн, өз атамдан бөлөк өскөн мен, аларга барбастан, бирөөлөрдү ээрчип өзбек жерине кеткен экенмин, анан ошол жакта жаш балага ким ишенип жумуш бермек эле, ошондуктан бирөөлөргө жалданып, бирөөнүн көзүн карап, жалданып иштеп жүрүүгө аргасыз болгонмун.

Эки жыл иштеп, бир да кой жоготпой, бир да козуну чыгымга учураткан эмесмин. Ошентип жүргөнүмдө жаңы төлдөгөн койлорду короого калтырып төл бербеген койлорду талаага багып, кечинде келсем, короодогу козулардан бирөө жок. Аны улук чабаным “Сен субай койлорго кошуп, айдап кетип, сатып келдиң” деп мени ак жеримден ууру кылды. Мен актыгымды айтып, бирок аны далилдеп бере албай өтө катуу ызага баттым. Ошондо мага “тил бүтүп” баш чабаным менен жаман-жакшы айтышып, койчулукту таштагам”.

Раимжан агайдын тестиер кезинде кой бакканын мурда бир чала-чарпыт угуп калган жайым бар. Бирок аны орто мектепти бүтүп окууга тапшырып өтпөй калган соң бир жылдай чарбада эмгек китепчесин алыш үчүн жасаган болуш керек деп ойлоп жүрчүмүн.

А негизи агайдын кыргыз мамлекеттик университетине өтүүсү биртоп кыйынчылыкка туш келип, ортодо Токмоктогу маданий-агартуу техникумда окуу, үч жылдык аскердик кызматты аткарып келүү менен коштолуп жыйырма беш жашында университетке (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) өтүп, аны 1970-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган экен.

Агайдын студент кездеги курсташтарынын айтуусунда, аскердик милдетин өтөп келгенден кийин сабакка келип эң артында отуруп калат. Алдыда күбүр-шыбыр күчөйт. Күнгө тотуккан бул жигит жогор жактан келген текшерүүчүлөрдүн бириби деп ойлошот. Танаписте сыртка чыгып кеткен жигиттин дептерине ачышса орус тилинен сабак жазып отурган экен. Аты-жөнүн ошондо билишет.

Техникумду аяктап, аскердик милдетин аткарып келген күнгө тотуккан жигит кийин окуунун алдыңкысы болуп, сабактарын мыкты окуп, ага кошумча тыйын табыш үчүн башка жерде иштеп, окуусун аяктагыча турмушун кыйла тыңдап алат.

Алгач радиодо кабарчы, басмада редактор, андан университетке мугалимдикке которулуп, жарым кылымга жакын созулган илимпоздук, окутуучулук ишмердиги башталат. Ушунча жыл кыргыз тилинин өзгөчө туюнтмаларын - фразеологизмдин төркүнүн иликтөөгө жумшап, бул жаатта ондогон эмгектерди, окуулуктарды, жүздөгөн илимий макалаларды жазып, илим кандидаты, доктору, профессору болуп, илимге ынтызар шакирттерине жол көрсөтүп, кызыктуу өмүр кечирди. Жарым кылым ашуун убакытка созулган түйшүктүү иш билинбей өтүп кетти.

Раимжан агайды жакшы билип, ага деген сый-урматыбыздын ойгонушуна касиеттүү Кетмен-Төбө, улуу акын Токтогул атындагы совхоздун бир бөлүмү, суу сактагыч алдында калчу айылга чөп жыйноого барганыбыз себепкер болду окшойт. Ак төөнүн карды жарылып, берекелүү күз келип калган. Биз жыйначу саман, беде талаасынын жанында карасуулук кайсы бир багбандар айдап койгон дарбыздары жайнап жаткан экен. Жыйначусун жыйнап, алчусун алып кеткенби көп өтпөй дарбыз талаа бош калды. Жабылып чиркегич тракторго улам жүктөп айылдыктар менен дарбыз талаага бир күн кечке каттадык.

Жаткан жерибиздин алдына үйүлгөн дарбызды башында шашпай бычак менен тилип кесип жеп, анан антиштен да эринип ташка бир коюп, кыпкызыл болуп ширеси куюлган дарбызды чала жеп ыргыта баштадык. Иши кылып, дарбыз той бир жумача уланды. Токтогулда дарбыз анча чон эмес, бирок аябай таттуу болорун ошондо көрдүк.

Айыл чарбасына жардам дегени менен кыйнаган деле жумушу жок, убакыт өткөрмөй эле. Совхоздун болгон техникасы чөп жыйноо, чөп ташуу жумушуна чегерилип, а бизге талаада чиркегичке чоп жыюу кызык. Үйүлгөн чөптү мал сарай жанына таштап келгиче бошпуз, карта чаап же балдар-кыздар кубалашып оюн. Кээде ак көңүлу кармаганда совхоздун машине, трактор айдоочулары бизге техникасын минип келүүгө беришет, жыргал.

Чарбанын жыйналчу чөбүнүн кыйласы ташылып, убакыт кеңейип калганда Раимжан агай бизди алыста жаткан суу сактагыч – жасалма көлдүн боюна алып алып барды. Балдар жээктей басып жүрүшүп суу жеген жарчадан адамдын сөөктөрү чыгып калганын айтып келишти. Агай аны чогултуп чыккан жеринен алыс эмес бийигирээк жерге куран окуп көмдүрүп койду.

Анан бир күнү Раимжан агай баарыбызды көк кашка Зилге салып алып, Узун-Акмат суусунун жээгиндеги Токтогул акын төрөлүп өскөн жерге алып барды. Айтылуу акындын үйү деген кокту оозундагы чакан эки бөлмө үйдү ысыкта ылаалаган эшектер ээлеп, үргүлөп турушуптур.

Баарыбыздан Раимжан агай жаман болду, улам кейип, кыргыздын бир генийинин артында калган таберик жерге ушунчалык кайдыгер мамиле жасалганына өзү айыптуудан бетер кейип жүрдү. Токтогул акындын сөөгү коюлган Чоң-Арыкта акындын атындагы музейи толук бүтө элек экен.

Музейдин кызматкерлери, айылдыктар менен сүйлөшүп, студенттерди “мына муну билип алгыла, эстеп калгыла” деп, ал күнкү саякатыбыз аябай кызыктуу өттү.

Токтогулдун жээни Жоомарт Бөкөнбаевдин Мазар-Сай айылындагы мектепке келип, ал жерден акындын туулган жылын тактап, билген кишилердин сөздөрүн кунт коюп угуп, блокнотуна жазып алып турду. Кийин ошондо уккандарын агай илимий макалаларынын биринде атайын белгилеп, Ж. Бөкөнбаевдин өмүр баянын изилдөөдө биртоп такталчу маселелер бардыгын айтып жүрдү.

Кетмен-Төбө акыйкатта да кооз, кызыктуу жер экен. Ал кезде Токтогул менен Жоомартты билип, угуп калган адамдар көптүгүнөнбү, Раимжан агай убакты-шарты болсо жергиликтүү элден кызыктуу маалыматтарды сурап, тактап, чогултуп жүрдү.

Бизге кең талаада машине же трактор айдамай, суусу мелт-калт толо аккан чоң каналдагы кичинекей жыгач көпүрөдөн үстү ачык “Кировец” деген кичинекей тракторду сууга кулатпай айдап өтүү кызык болчу. Балдардын баары негедир ошол тракторго жабышып, мурда-кийин техника менен иши жоктору деле отурсам эле айдап кетем деп турушчу. “Пони” жылкысындай болгон ошол эргежээл трактор баарыбызга жакын, баласы деле кызы деле минип алып тыртылдатып айдаса “аный” дебей кете берчү жакшы унаа эле.

Анын үстүнө Раимжан агай биз талаага чыкканда артыбыздан калбай, буйрук берип, артыбызда текшерип-тескечү деле эмес. Ал кишиге айылдагы сөзмөр, анан да өткөн-кеткенди мыкты билген адамдар керек беле, көчүп кете элек айылдык кишилер менен сүйлөшүп отурчу.

Раимжан агайдын төш чөнтөгүнөн түшпөс карточкалары жүрчү, колунан түшпөс китептеринен керектүү сөздөрдү жазып алып, илимий ишинин камында жүргөнүн байкачу элек. Адабиятка жакын жаны Токтогул менен Жоомарт тууралуу айылдаштарынын маалыматын аз-аздан чогултуп, оюн-тамашага тойбогон бизди эркин коё берип, көңүлүнө жаккан ишин уланткан экен.

Профессор Раимжан Эгембердиев өмүрлүк жары Бегайым Макибаева менен (ал КМУда курсташы да болгон). "Фейсбук".

Адабиятка, көркөм сөзгө жакындыгын кийин мен айылдаш курбусу акын Курбанбай Калдыбаевди эскерүү макаласынан аңдадым. Ал кезде Курбанбай Калдыбаев жаңыдан чыгып жаткан. Бир-эки китеби чыгып эл оозуна алына баштаган.

Мага анын:

О, чиркин, бул дүйнөнүн кенендигин карачы,

Айтууга аны сөз кайда,

Ырдоого аны үн кайда.

Тетиги Ала-Тоонун ичинде,

Күкүктөп агып жатат бир дайра”, – деген саптары жакчу.

Саякбай манасчыны Калдыбаевден өткөрүп эч ким элестүү, окуган адамдын эсинде тык орноп калчудай айта албады. Арман дүйнө, ошол 1970-жылдары дүрт этип чыккан катары калың акындардын кыйласы Пушкин, Лермонтов курагында дүйнө салып кетишти.

Кийин аларды эстеп ичи эңшерилип акын Эгемберди Эрматов каламдашы Курбаналы Сабыровду эскерип минтип жазган:

Лейлектин көз мончоктой турналары,

Көрүнбөй учуп барат кырдан ары.

Өзөктү өрттөп ийчү кайрыктарын,

Сен эми укпай калдың Курбаналы.

Раимжан агай көркөм адабиятка кирбей, илим жолун тандап алганынын эсесин чыгарып, кыргыз тилиндеги фразеологизмди ар тараптан изилдеп, мыкты эмгектерди жаратты.

Ал кыргыз сүрөткерлеринин тил байлыгын, элдик оозеки чыгармачылыктын керемет дүйнөсүн ачып, тилдик туюмдун теренде катылган сырларын ачып берди. Илимий табылгаларын студенттерине берип, жаштар арасында жаңылыкка умтулуп, жаркын жашоо кечирди.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен Жалал-Абад университетине которулуп, андан К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине өтүп, түйшүгү түмөн окутуучулук өнөрдөн ажырабай, дарс, семинардык сабактар өтүп, жаштарга кыргыз тилинин кереметин ачып берүү аракетин акыркы деми калганга дейре улантты.

Бир өкүнткөн жагдай, Раимжан агай тирүү кезинде эмгеги татыктуу бааланбады, илимий даражалары, профессордук наамынан тышкары эмгеги сиңген же элдик деген, болбосо башка сыйургалдар берилбеди.

Ал мамлекеттик чоң сыйлыктарга татыктуу болчу, эмгектеринин илимий деңгээли, усулдук жагынан катарлаштарынан кем калбаган мыкты эмгектерди жазып, анысын бир да жерде колко кылбай, илим дүйнөсүндө улуу ишин улантып жүрө берчү.

Башкалары демилге кылбады, өзү айтпады...

Профессор Раимжан Эгембердиев кызы Бермет менен.
Профессор Раимжан Эгембердиев кызы Бермет менен.

Маркумдун сөөгү 2021-жылы 1-февралда туулган жеринде – Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек кыштагында анын керээзине ылайык жерге берилди.

Агайдын Бермети, жакшы көргөн эрке кызы, көкүрөк күчүгү, азыркы тапта коомдук уюштуруу тажрыйбасы менен таанымал карындашыбыз “Азаттыкта” бир катар жылдар үзүрдүү эмгектенген.

Ред.: “Азаттык” үналгысынын эмгек жамааты Бермет Эгембердиевага жана башка маркум агайдын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG