Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Сайназаров: Ректордун жарандыгынан көрө иши маанилүү


Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректорлук кызматына кыргызстандык жаранды дайындоо демилгеси боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Сайназаров "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.

"Азаттык": Кыргыз-Түрк "Манас" университетин соңку беш жылдан бери түрк жараны башкарып келет. Ректор кыргызстандык жаран болушу керек деген сунуштарга кандай карайсыз?

Кеңешбек Сайназаров: Ректор сөзсүз Кыргызстандын жараны болуш керек деген талап андай деле маанилүү эмес. Маселе окуу жайды өнүктүргөн, алдыга жылдырган, ишбилги кадрдын болушунда. Башкаруучунун дасыккан адам болгону башкы орунда турууга тийиш.

"Азаттык": Анда бул маселенин көтөрүлүшүнө эмне түрткү болду?

Кеңешбек Сайназаров: Менин оюмча, Кыргыз-түрк “Манас” университети Бишкекте жайгашкандыктан, анын ректору кыргызстандык атуул болушу керек деп жатышат. Ошол эле маалда анын артында ар кандай себептер жана кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Айрымдар эгерде ректор кыргыз жараны болсо, окуу жайдын иши жакшырат деп атса керек.

Бирок буга чейин кыргызстандык ректор болуп турган кезде окуу жайдын абалы кандай болгонун, көрсөткүчтөрдү салыштырып көрүү зарыл. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, менин байкоом боюнча, университетти Камкорчу кеңеш көзөмөлдөп турат. Анын курамындагы кыргыз тараптан дайындалган өкүлдөр министрлер же дагы башка аткаминерлер алмашса эле бат-баттан алмашып турат экен. Ал эми түрк тараптан дайындалган өкүлдөр көпкө иштейт. Ошондон улам ректор кыргызстандык болушу керек деген демилгенин артында жеке кызыкчылык турабы деген ой туулат. Эгерде мындай болсо, окуу жайдын деңгээли башкалардай болуп төмөндөп кетет деген кооптонуу бар.

"Азаттык": Эгер бул демилге ишке ашса, университет азыркыдай сапаттуу адистерди даярдай албай калат дегени турасызбы?

Кеңешбек Сайназаров: Убагында 2012-жылы жаңы келишимге кол коюлганда түрк жаранынын ректор болушуна баары макул болгон. Тиешелүү келишим түзүлгөн. Эми кайра аны бузуу аракети көрүлүп жатканы түшүнүксүз. Эмнеге учурунда келишим кайра каралып жатканда бул маселе көтөрүлгөн эмес. Макулдашуу боюнча университетти 50 пайыз кыргыз тарап, 50 пайыз түрк тарап каржылашы керек эмес беле. Бүгүнкү күнү ошол келишимдеги шарттар аткарылып жатабы же жокпу деген маселе каралып, андан кийин гана ректорду алмаштыруу жөнүндө сөз кылышса туура болмок.

Маалымат үчүн: Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитети 5-сентябрда Кыргыз-түрк “Манас” университетинин уставы боюнча меморандумду талкуулап, өкмөткө кыргыз тараптан ректор дайындоо тууралуу сунуш даярдоо тапшырмасы берилген эле.

Кыргыз-түрк "Манас" университети 1995-жылы ачылган. Маалыматтарга караганда, азыр окуу жайды толугу менен түрк өкмөтү каржылайт. Учурда беш миңге чукул студент бекер билим алат жана алардын дээрлик басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. 2011-жылы университеттин Кыргызстан тараптан шайланган ректорунун ордуна Себахаттин Балжы дайындалып, окуу жайды башкарып келүүдө.

XS
SM
MD
LG