Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Милиция шайлоодогу мушташты териштирет


Архивден алынган сүрөт
Архивден алынган сүрөт

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо маалында эки партиянын мүчөлөрүнүн ортосундагы мушташты милиция иликтеп жатат.

КСДП менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрүнүн ортосундагы чыр-чатакка башка региондон келген адамдын шайлоого мыйзамсыз катышканы себеп болгон. Шайлоо комиссиясы мындай окуя болгонун тастыктап, бирок добуш берүү маалында эч бир партияга артыкчылык берилбегенин, баарына тегиз шарт түзүлгөнүн ырастады.

Шаардагы №2115 шайлоо участогунда чыккан мушташ шайлоо өтүп жаткан маалдагы мыйзамсыз көрүнүштөрдөн улам болгонун “Азаттыкка” “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Жапаралы Сейитбеков билдирди. Анын айтымында, Базар-Коргон районунун тургуну шаарга келип, бюллетенди колуна алып, добуш берем деп жаткан учурда кармалган.

- Базар-Коргон жана Сузак районунан келген адамдарга бюллетень берип жатканда кармадык. Биометрикалык маалыматын текшерип отурган менен бюллетень берген комиссиянын мүчөсү КСДПдан талапкердин туугандары болуп жатпайбы. Участоктогу ызы-чуу жана мушташ ошондон улам чыккан. Мындан сырткары автоматташтырылган урна эсептеген бюллетендерден ашыкча үч добуш чыгып калды. Биз ал боюнча акт түзөлү десек комиссия мүчөлөрү макул болбой коюшту. Мушташкан тараптардын жарашканы боюнча менде маалымат жок экен. Мен ошол боюнча алар менен жолуга элекмин.

Шайлоо учурундагы мушташта тартылган видео интернетке жарыяланып, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан учуру. Бул жагдайды милиция жеринде териштирип, кылмыш каттоо китебине “бейбаштык” беренеси менен каттаган. Учурда ага юридикалык баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүп жатканын облустук ИИБ башчысынын орун басары Марат Хажиматов айтты:

- Мушташта тараптарды ажыратууга аракет кылган киши өзү сабалып, милицияга кайрылган. Бул факт шаардык ИИБнын кылмыш каттоо китебине “бейбаштык” беренеси менен катталып, тергөө иштери алынып барылууда. Жабыркаган жаранга соттук-медициналык экспертизадан өтүү табышталды. Бирок эки тарап жарашып алгандыктан бизге кайрылган жаран да экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Ага карабай милиция окуяга юридикалык баа берүү үчүн иликтеп жатат.

Маалыматтарга караганда, 28-май шайлоо күнү добушкананын ичинде ызы-чуу чыгып, андан соң мушташ сыртта уланган. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тарапташы КСДП партиясынан талапкер Сайдулла Чымбердиев менен жакалашкан. Бирок Чымбердиев чырдашкандар кийинчерээк жарашууга барганын айтат:

- Ал жерде олуттуу деле мушташ болгон жок. Мени менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлүнүн ортосунда жөн гана пикир келишпестик чыкты. Мен ал менен талашып, башка жакка басып кеткенде башка бирөөлөр мушташа кетишиптир. Бирок биз акырында милициянын көзүнчө эркекче кол алышып жарашканбыз. Анткени эл-жерди бөлүүгө жана бөлүнүүгө барбайлы деп ушундай чечим кабыл алдык.

№2115 шайлоо участогунун төрайымы менен катчысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында бардык катышуучуларды тынчтандырганын жана сейфтеги документтерин коргогонун айтат. Ал эми бюллетень чырын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы Саламат Курманбаева мындайча түшүндүрдү:

- Чындыгында шайлоо комиссиялары сырттан башка адамдын киргенин билген эмес. Комиссия мүчөсү башка адамга бюллетень берип жатканда ал алып алган. Аны байкоочулар билип калып, ошондон улам ызы-чуу жаралган. Ал бала кайсы партияга добуш бергиси келгени билинбей калды, аны милицияга тапшырганбыз.

Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев да участоктун ичинде кимдир бирөөлөргө көрсөтмө берип жатып тартылган видеосу да ушул добушканада орун алган.

Шайлоо учурундагы бул жагдайды шаар тургуну жана коомдук ишмер Максат Абдукаимов төмөнкүчө мүнөздөйт.

- Таза шайлоо өткөрөбүз деп биометрика жана жаңы жабдыктарды киргизгени менен андан азырынча жыйынтык чыга элек. Эл менен бийликтин ортосунда азыр ажырым болуп калды. Партиялар элдин добушун сатып алуу менен алектенип, анын айынан ушундай ызы-чуу орун алып жатат. Эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы мушташ да шайлоо ушул деңгээлге жетип калганы менен түшүндүрүлөт. Ошол себептүү Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, элдин ишенимине ээ болуш керек. Ансыз шайлоодогу мыйзам бузуулар орун ала берет.

28-майда Кыргызстанда 41 жергиликтүү кеңеште кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Анын ичинен 31 мандаттуу Жалал-Абад шаардык кеңешине да мөөнөтүнөн мурда шайлоо болду. Анткени мурунку чакырылышта жаңыдан шайланган беш партия - КСДП, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Республика Ата-Журт” депутаттары бириге албай, ушул жылдын март айында өзүн өзү тараткан.

Быйылкы жаңы курам “Мекеним Кыргызстан” партиясынын кошулушу менен кайрадан эле мурунку партиялар менен куралат. БШК шайлоо жыйынтыгын азырынча расмий жарыялай элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG