Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кыргыз-казак алакасы: экономика элдештирет


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасаган биринчи расмий сапарынын жыйынтыктары кандай болду? Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий гуманитардык маселелердин деңгээли улуттук кызыкчылыктарга туура келеби?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Адилбек уулу Шумкар жана коомдук ишмер, дипломат Алмаз Кулматов катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы биринчи расмий иш сапарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн духуна, кол коюлган документтердин аталышына карап баа бергенде, кандай негизги жыйынтыктарды айтсак болот?

Алмаз Кулматов: Соңку убактарда бир аз сууп кеткен мамилелердин фонунан караганда бул сапардын жыйынтыгы жакшы десек болот. Дипломатиянын тили менен айтканда бул сапар достук маанайда, чыныгы бир туугандык, өнөктөштүк маанайда болду.

Эл аралык мамилелерде эки өлкөнүн жакшы ымалага келиши, президенттердин жолугушуп жатканы абдан чоң мааниге ээ, алардын жеке мамилелери да жалпы алакага чоң таасирин тийгизет.

Президенттердин маанайы, каш-кабагы, сүйлөгөн сөздөрү да жалпы маанайга өзүнчө таасир берет. Ачык айтышыбыз керек, бизге биринчи кадамды казак президенти Нурсултан Назарбаев өзү жасады. Минскидеги жолугушууда биздин президентти Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө өзү чакырды. Биз менен болгон мамилени чыңдоого, бузулуп кеткен жерлерин оңдоого казактар дилгир экенин билдиришти.

“Азаттык”: Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча президенттер Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө макулдашууга да кол коюшту. Ушул эки документтин айырмачылыгын, артыкчылыктарын, маанисин айтып бере аласызбы?

Алмаз Кулматов: Эки документ эки башка маанидеги келишимдер. Биринчиси - мамлекет аралык чек аралардын аныкталып, такталгандыгын бекемдеген документ, чек ара маселелери биротоло чечилип бүттү деген сөз. Экинчиси - ошол такталган чек аралардан адамдардын, товарлардын өтүү эрежелерине, жоболоруна арналган документ. Эки мамлекет эле эмес, биз эми ЕАЭБдин алкагындагы жаңы кызматташуубузга өбөлгө боло турган документ десек болот.

“Азаттык”: Шумкар мырза, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыктын акыркы жылдардагы тенденциясы кандай?

Адилбек уулу Шумкар: Казакстан мамлекети - соода-экономикалык байланыштарда, инвестициялык багытта Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Буга статистика да далил болуп бере алат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 800 миллион долларга жетсе, 2017-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча 700 миллионго жетип отурат. Бул алдыга өсүш бар дегенди билдирет.

Бирок инвестиция жаатында Казакстандан келген каражаттар азайганын көрүп жатабыз. Ага карабай "Казакстан кайсы тармактарга инвестиция салууга кызыгат?" деп сурап калышат. Алар негизинен тоо-кен тармагына келип жатышат, алардын “Казакмыс” компаниясы бизде иштеп жатат. Андан сырткары байланыш тармагында иштеп жатышат, мында казак мобилдик операторлорунун капиталы бар, ошондой эле банк тармагында да иштешүүдө.

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты.

Жалпылап айтканда Кыргызстанда кыргыз-казак тарап болуп түзүлгөн 530дан ашык биргелешкен ишканалар иштеп жатат. Алардын 51и банк тармагында, 24ү курулушта, чекене-дүң соода жаатында 264, кызмат көрсөтүү жаатында 68 ишкана иштеп жатат десек болот.

“Азаттык”: Шумкар мырза, "эки өлкө ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн 2020-жылы 1 миллиард долларга чыгарабыз" деп казак тарап айтып жатат, ал үчүн кайсы тармактарыбызда кандай резервдер бар? Айтылган чекке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?

Адилбек уулу Шумкар: Биздин тамак-аш жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүү тармагында чоң потенциалыбыз бар. Казактар бул боюнча кызматташып келген, ал кызматташтык дагы уланат. Биздин өндүрүмдөрдүн сапаты казактарга жакшы белгилүү. Дагы бир багыт - бул текстиль өнөр жайыбыз, ал да чоң резерв.

Келечек үчүн маанилүү тармактардын дагы бири - маалымат технологиясы жагынан ийгиликтүү кызматташсак болот. Электротехникалык товарларды чыгарып, Казакстанга сатсак болот. Буга Кытай тараптын ишкерлери катуу кызыгып жатат. Ушул жана башка жагдайларды эске алганда бир миллиард долларлык чекке жетүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз-казак мамилесинин жаңы кыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:23 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG