Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Атамбаевдин тарапташтарынын кезектеги соту


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөлөрүнүн үчөө үй камагына алынып, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев камалды.

КСДП мүчөлөрүнүн суракка чакырылып, андан ары сотко жеткирилгени тууралуу маалымат 27-декабрда кечинде чыкты. Сот бөгөт чарасын түнкү саат бирге чейин карады.

Бул убакыт ичинде жарандык активисттер, журналисттер жана айыпталып жаткандардын жакындары сыртта турушту.

Узакка созулган териштирүүдөн кийин Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу, депутат Асел Кодуранованы, партия төрагасынын орун басарлары, депутат Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаеваны үй камагында калтырды.

Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев айыпталуучуларга Кой-Таш окуяларында "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу", "калайман башаламандык уюштуруу", "барымтага алуу" боюнча айып тагылганын билдирди.

- Кундуз Жолдубаева үч берене менен шек саналып жатат. Мен айтат элем бул айыптар негизсиз. Эгер 7-8-августта Кундуз "Альфанын" кызматкерлерин ачууланган элден коргоону уюштурган.

Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы чыккан тушта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысынын милдетин аркалаган. Буга чейин тергөөдөн күбө катары өтүп келген. Ал соттон чыккандан кийин өзүнө коюлган айыптарды жалаа деп атады.

- Үч оор берене менен айыптап жатышат. Менин макамымды күбөдөн шектүүгө алмашырышты. Прокурорлор соттон 9-февралга чейин камакта калтырууну суранышкан. Бирок сот бул чечимди четке кагып, үй камагында калтырды. Мен бир дагы айыпты моюнума албайм. Коюлган айыптарда менин күнөөмдү далилдей турган илинчек жок. Мунун баары менин оозумду жабуу үчүн жасалып жаткан аракеттер. Буга чейин "унчукпай отур" деген эскертүүлөр болгон.

Буга чейин эле үй камагына ​калтырган Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова дагы бул иш саясий заказ экенин белгилешти.

Ал арада КСДПнын мүчөлөрүн коштоп суракка, андан кийин сотко баргандар Кундуз Жолдубаеванын беш жаштагы кызынын апасын күтүп көчөдө турган сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарышты.

Интернет колдонуучулар буга ар кандай реакция кылышты. Айрымдар "баланы саясатка аралаштыруу" деп айыптаса, башкалары Кундуз Жолдубаева жалгыз бой эне экенин эске салып, бийликтин аракетин 1937-жылдагы репрессияга теңешти.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова ​коомчулук мындай мыйзамсыздыкка реакция кылышы керек деп эсептейт:

- Коопсуздук кеңеши, президент, парламент жана жарандык коом чогулуп ачык сүйлөшпөсө болбой калды. Күч органдары мыйзамды бузуп атса, бизге тиешеси жок деп отура беребизби? Муну токтотуш керек. Укук туралуу Конституцияда так жазылган. Ал баарынан жогору турат. Репрессия кылып, мурдагы бийликтин өкүлдөрүн кордой бергенден оңолуп кетпейбиз. Минте берсек качан өнүгөбүз?

Мискенбаев абакта, Кодуранова, Жолдубаева, Карамушкина үй камакта болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

Коюлган айыпты "абсурд" деп атап, бөгөт чарасынын түндө каралганына мыйзамсыздыктын жеткен чеги катары баа бергендердин бири - Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.

- Мыйзамдуулук бузулуп жатканын эл айтып жатса мен ага кошулам. Ушул үч кыз "Альфа" деген атайын топтун адамдарын барымтага алып, бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деген бул сот эмес. Бул абсурд! Тескерисинче, массалык башаламандык уюштурбаганга аракет кылып, абалды турукташтырганга аракет кылып жүргөн адамдарды айыптап, бөгөт чарасын түндө караганы мыйзамсыздыктын жеткен чеги, - деди Момбеков.

Рыскелди Момбеков буга чейин Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияны сотко бере турганын эскерткен.

Ал журналисттерге комментарий берип жатып 7-8-августта Кой-Ташка барбаганын, ошого карабай окуяны иликтеген комиссия аны күнөөлүүлөрдүн катарына кошуп койгонун белгиледи. Иликтөөдөгү соңку корутунду менен башкы бүтүмдүн ортосунда айырма барын айтып чыккан комиссиянын мүчөлөрү Артур Медетбеков менен Клара Сооронкулованын сөзүн мисалга тартты.

Эске сала кетсек, буга чейин Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келген.

- Ал массалык башаламандык, талап-тоноо менен коштолгон аракеттер аркылуу бийликти күч менен алууну пландаган. 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев менен анын тарапташтарында, - деген комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров 12-декабрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү Исмаил Исаков ​КСДП мүчөлөрүнө чыккан өкүмдү адилеттүү болду деген пикирде:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Кыргыз офицери Атамбаевдин үйүндө өлдү. Кыргыз жоокерлери барымтага алынды. Ал эми кечээги соттор түнкү бирге чейин караганы, балким ошондой зарылчылык болгондур? Биз алардын ишине баа бере албайбыз. Бирөө камалыптыр. Калганы кое берилиптир. Жазаны бирөө алышы керек да. Сенин үйүңдө өлүм болуп жатса, барымтага алынып жатса, ошого катышкандарды актоо туура эмес да. Сот да өзүнүн планына жараша караса керек. Мен тигиндей же мындай деп баа бере албайм. Бирок мен аларды сотко чакырганы туура болуптур деп ойлойм. Анткени алардын күнөөсү бар. Комиссия да ошондой чечим кабыл алды. Бирок канчалык деңгээлде аны сот гана аныктап, өкүм чыгарышы керек.

КСДПнын дагы бир мүчөсү, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев болсо 9-февралга чейин камакка алынганы белгилүү болду. Ал 7-августта Кой-Таштагы операция учурунда жараат алып, бирок 8-августта кайра ал жакка кайра барганы айтылган.

2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG