Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Апта: Манафорт-Бакиев байланышынын сыры


коллаж
коллаж

Америкалык саясий технологдун кыргыз бийлиги менен кызматташканы билинди. “Коопсуз шаарга” сынак кайра жарыяланат. Олег Сенцовдун ачкачылык кармаганына 100 күндөн ашты.

АКШда арачылар соту Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту ага коюлган 18 пункттан турган финансылык айыптын сегизи боюнча күнөөлүү деп тапты.

69 жаштагы саясий технолог Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин жана анын «Аймактар партиясынын» кызыкчылыгын коргоп жүргөнү белгилүү. Манафорт 2005-жылдагы "Жоогазын" ыңкылабынан кийин Кыргызстанга дагы келгенин "Проект" басылмасы жазып чыкты.

Эки айдан бери АКШда камакта отурган Манафорттун "Кыргызстандагы изин" журналисттер таап чыгышты.

22-августта жарыяланган иликтөөдө Пол Манафорт жана анын орусиялык кызматташы Константин Килимник 2005-жылы Орусиянын кызыкчылыгын алдыга сүрөш үчүн Кыргызстанга келип, президент Курманбек Бакиевдин бийлиги менен иштешкени айтылат.

"Мен Кыргызстан жөнүндө уккам. Алар аякка Орусиянын позициясын бекемдеш үчүн барышкан", - деп айтып берген Манафорттун Украинадагы командасынын мурдагы өкүлү.

Чет элдик эки политтехнолог Бишкектин «Манас» аэрпорторунда турган АКШнын аскердик базасын жабуу маселесине басым жасашканын, алардын Кыргызстанга барганын бир нече булак тастыктап бергенин иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин бири, Москвада иштеген Мария Жолобова "Азаттык" радиосуна айтып берди.

“Алар АКШнын "Манастагы" аба базасынын жабылышын сүрөөнгө алышкан. Ал учурда бул Орусиянын кызыкчылыгындагы иш болчу. Орусия жигердүү алга сүрөп келген”, – деген журналист Килимник менен Манафорттун Кыргызстандагы сапары тууралуу билгендердин “тастыктамасы” бардыгын айтты.

Журналист “Азаттык” менен болгон маегинде Манафорт менен Килимник Кыргызстанга канча жолу, канча мөөнөткө келгенин, Орусиянын кызыкчылыгын сүрөш үчүн кимден буйрук алганы азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Саясий технологдордун сары изине түшкөн журналисттердин ырасташынча, Манафорт менен Килимниктин Бишкекке келгенин ырастачу бир нече булак бар.

2005-жылкы cаясий бийлик алмашкандан кийин өкмөттү башкарган Феликс Кулов АКШнын аба базасын чыгарууга кеңеш берген чет элдиктер келгенинен таптакыр кабары жоктугун "Азаттыкка" билдирди. “Себеби политтехнологдордун ишине киришкен эмесмин. Ал эми Бакиевдер өз алдынча саясий технологдордун командасын түзгөн. Бирок ал командага кимдер киргенин бизге айтышчу эмес», - деди саясий ишмер Кулов.

2005-жылы Курманбек Бакиевдин Бишкектеги шайлоо штабын башкарган, кийин тышкы иштер министри болгон Эднан Карабаевдин көз карашында саясий технологдор "бардык шайлоолорго" аралашат. «Маселе алардын КМШдан же чет өлкөдөн келгенинде эле болот. Мен Бишкектеги шайлоо штабын башкаргам. Бизде политтехнологдор болгон эмес. Бирок республикалык штабда кеңешчилер болсо керек эле. Азыр кимдер болгону эсимде жок», - деди экс-министр.

Дагы бир мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, ошол кездеги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, мурдагы президенттин жакын адамдарынын бири саналган экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев АКШнын аскер базасын чыгаруу үчүн сырттан кеңешчилер келгенин укпаганын айтышты. Ошол эле маалда алар Бакиевдин командасы 2005 жана 2009-жылдардагы шайлоодо четтен келген адистердин кызматынан пайдаланганын четке кагышкан жок.

«Проект» басылмасынын иликтөөсүндө Килимник Бишкекте ыңкылаптан кийин бийликке келген мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгын сүрөгөнү, жогорудагы эки адамдын иш сапарларын орусиялык олигарх Олег Дерипасканын "Базэл" компаниясы каржылап турганы айтылат. Бирок Дерипасканын өкүлү бул маалыматты четке какты.

Олег Дерипаска.
Олег Дерипаска.

Быйыл апрель айында АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын АКШдагы шайлоодогу болжолдуу ролуна байланыштуу орус президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүндөгү олигархтарга, анын ичинде Дерипаскага да санкция киргизген.

Манафорт 2005-2015-жылдар аралыгында негизинен украин бийлигине саясий кеңешчи болуп иштеп, миллиондогон доллар киреше тапкан. Ал "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинадан качкан Виктор Януковичтин жана анын орусиячыл “Аймактар партиясынын” шайлоо штабдарында иштеген. Килимник болсо түздөн түз Манафорт менен кызматташып, анын Киевдеги кеңсесин башкарып турган.

«Проект» басылмасынын журналистти Жолобованын айтымында, алардын расмий көрсөткөн кызматы - шайлоо өнөктүктөрүнүн стратегияларын түзүү болчу. «Бирок алар жашыруун сүрөөнчүлүк менен алек болушканын Кыргызстандан көрүүгө болот», - дейт табышмактуу кеңешчилердин ишмердигин иликтеген журналист.

Былтыр март айында украин депутаты Сергей Лещенко Манафорт 2009-жылы Украинадан тапкан айрым акчасынын изин жашыруу үчүн Белиздеги офшордук компанияны жана Кыргызстандагы банк эсебин колдонгонун айтып чыккан. Ал «Азаттык» менен маегинде Манафорттун командасы арам акчаны адалдаштырууда Кыргызстандын банкын пайдаланганын ырастады.

«Манафорт "Аймактар партиясы" менен келишимдеринде кыргыз юрисдикцияларын колдонгонун билем. Анын ичинде Манафорттун Киевдеги кеңсесинде табылган документтер көрсөткөндөй, ал кайсы бир суммадагы акчаны Белиздеги офшордук компаниянын Кыргызстанда ачылган банк эсеби аркылуу алган. Бул Янукович менен анын коррупциялашкан жогорку бийлик өкүлдөрүнө көрсөткөн кызматы үчүн төлөмдөр болгон» - деп чечмеледи. Лещенко америкалык политтехнолог Украинадан тапкан акчасынын кайсы бир бөлүгүн Кыргызстан аркылуу «финансылык транзакцияларды» ишке ашыруу менен чыгарып кеткен деген пикирде.

Былтыр жазында бул кабар тарагандан кийин Кыргызстанда дагы талкуу жараткан. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Кыргызстан аркылуу арам акчаны адалдоо фактылары ырасталса, бул «өлкөнүн эл аралык беделине шек келтириши мүмкүн» деген маселени көтөргөн.

«Маалымат чыгып жаткандан кийин расмий Киевден суроо-талап болсо, кылмыш ишин козгоп, биздин атайын кызматтар иликтеши керек» - деген эл өкүлү.

Журналисттер ушул тапта Подмосковьеде жашаган Килимник менен байланышканда ал Манафорт менен иштешкени тууралуу сүйлөп берүүдөн баш тарткан. Кыргызстандагы сапары жана Орусиянын кызыкчылыгы тууралуу суроолорго Манафорттун өкүлү Жейсон Малони жооп бере элек. Бул маселе боюнча мурдагы кыргыз бийлигинин да пикири белгисиз.

Украинада америкалык политтехнологго миллиондогон доллар төлөгөн мамлекеттик аткаминерлерге каршы кылмыш иши ачылды. АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, Манафорттун кызматынан Украинанын мурдагы вице-премьери Сергей Тигипко, ишкер Виктор Пинчук, “Оппозициялык блоктун” учурдагы депутаты жана Януковичтин мурдагы администрация башчысы Сергей Левочкин, ишкер-миллиардер Ринат Ахметов, анын оң колу Борис Колесников, Жогорку Раданын экс-депутаты, ишкер Андрей Клюев пайдаланышкан.

Жетинчи айлампага жеткен «Коопсуз шаар»

Алты жылдан бери улам жаңы келген өкмөт жүзөгө ашырууга убада берген "Коопсуз шаар" долбоору дагы бир ирет үзгүлтүккө учурады. Долбоорду ишке ашырчу компанияны тандоо үчүн бейшембиде уюштурулган онлайн-аукцион "техникалык себептен" улам өтпөй калды.

Аукциондун шарттарына ылайык “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга кызыккан компаниялар 23-августта саат 15.00дөн баштап долбоорго сарпталчу акчанын суммасын онлайн режимде сунуш кылышы керек болчу.

Бирок аукцион өтүп жатканда “Мегалайн” жоопкерчилиги чектелген коому сунуш кылган 50 миллиард сом гана көрүнүп турду. Сынактын шарты боюнча долбоорду ишке ашырууга 2,5 млрд. сомдон аз каражат сунуш кылган компаниялар тандалып алынмак. Аукционго катышкан “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому жана орусиялык “Вега Радиокуруу Концерни” акционердик коомунун акчасын интернет портал эмнегедир көрсөткөн жок.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин башчысы Улан Өзүмбековдун айтымында, системада техникалык ката кеткен. “Мегалайн” компаниясынын суммасы тендерде көрсөтүлгөн суммадан көп болуп чыкты. Муну автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептеп, ошолордун суммасын гана ачыкка чыгарып койгон. Система калган эки фирма сунуш кылган сумманы көрсөтпөй, купуя түрдө сактаган» - деп түшүндүрдү тендерди уюштуруу милдетин алган мекеменин жетекчиси.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрү сынактын өтпөй калышына "хакерлер же сырттан кандайдыр бир кийлигишүү» болгон деп ынандырып жатышат. Бирок ошол эле учурда аукциондун жүрүшүндө эмне себептен "Мегалайн" компаниясы акылга сыйбаган акчаны сунуш кылып, аны үзгүлтүккө учуратканын түшүндүрө алышкан жок.

"Мегалайн" ишканасы дагы азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Тендерди уюштурууга жооптуу мекеме бул тармакта тажрыйбасы бар Европанын, Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын 137 компаниясына маалымат жиберсе дагы жергиликтүү эки жана орусиялык бир ишкана гана аукционго катышууга арыз берген. Сынактын бардык документтери орус тилинде гана жарыяланган. Англис жана башка тилдерге которулган эмес.

Эми "Коопсуз шаар" боюнча кайрадан сынак жарыяланып, тендер өткөрүлөт. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети жаңы комиссия түзүлүп, ал сынактын документациясын кайрадан иштеп чыгарын билдирди.

Негизи "Коопсуз шаар" долбоору акыркы алты жылда ар бир өкмөттүн ишин, тагдырын аныктоочу көрсөткүчкө айлангандай. Алгач ирет аны 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ишке ашырууга белсенип, андан бери алты жолу сынак өткөнү менен майнап чыга элек.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү кызматка киришкенде быйыл жыл аягына чейин алгач Бишкек шаарындагы көчөлөрдө көзөмөл камералары орнотуларын жарыялаган. Бирок онлайн аукцион өткөй калгандан кийин азыркы өкмөттүн убадасы аткарыларынан күмөн санагандар көбөйдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев "Коопсуз шаар" өкмөттүн дараментин аныктап, тагдырын чече турган долбоор экенин баса белгиледи. “Сынактын өтпөй калганы техникалык себептен улам эмес, тиешелүү адамдардын шалаакылыгынан. Өкмөт бетине кармап жаткан жалгыз гана "Коопсуз шаар" долбоору болуп жаткан. Эгер муну да кыла албаса, өкмөт алыска бара албайт. Күн сайын жол кырсыгынан канчалаган адамдар өлүп жатат. Адамдын өмүрүнөн кымбат эмне бар?", – деп суроо коёт эл өкүлү.

Буга чейин “Коррупцияга каршы демилгелер” деп аталган коомдук уюм өкмөт өткөрүп жаткан тендердин шарттарын жана даярдыгын сындаган. Уюмдун жетекчиси Назира Раимкулова сынактын таза өтөрүнөн күмөн санаткан жагдайлар бардыгын “Азаттыкка” айткан.

Бишкек
Бишкек

"Мегалайн" компаниясы коомчулукка өзүнүн түздөн-түз аткарчу кызматын көрсөтө албайт. Анан каяктагы тендерге катышып жатканы бизге түшүнүксүз. Дагы бир катышуучу - "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишкана. Ал айла жоктон эле катышып жатат. Жөн эле эл көзүнө тендер өткөрүп, бизди шылдың кылып жатышат”, – деп нааразы болгон. Активист тендерди уюштуруучулар “орусиялык “Вега Радиокуруу Концерни” компаниясын эле жеңүүчү кылып аныктамак”, – деп шек санаган.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер быйыл 20-июлда жарыяланган. Жеңип чыккан компания баш калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо системасын орнотушу керек.

Долбоордун наркы 2 миллиард 552 миллион сомдон ашпайт деп көрсөтүлгөн.

Өлкөнүн ири шаарларына жана кан жолдоруна видеобайкоо орнотуу долбоорун ишке ашыруу жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам утур-утур көтөрүлүп келет.

Акыркы он жылда өлкөдө 11 миңден ашык адам жол кырсыгынан каза болсо алардын миңи балдар. Жарандык коом өкүлдөрү бул көрсөткүч жаңжал баскан айрым өлкөлөрдөгү курмандыктардан да көп экенин эскертип, коңгуроо кагып жүрүшөт.

Сенцовдун 100 күндүк каармандыгы

Украин режиссеру Олег Сенцовдун орус абагында ачкачылык кармап отурганына шейшембиде 100 күн болду. Бул күнү Чехия, Украина жана Британия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө түрмөдөгү режиссерго колдоо көрсөткөн акциялар уюштурулду.

"Олег Сенцовду сактап калгыла!", "Сенцовго эркиндик!" - ушундай чакырыктар жазылган плакаттарды көтөргөн ондогон адамдар 21-августта Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдына чогулушту. Алар миңдеген чакырым алыстагы Ямало-Ненецк аймагындагы түрмөдө 100 күндөн ашуун ачкачылык кармап отурган украин режиссеруна тилектештигин билдиришти.

Сенцовго тилектештик билдирген жана Москваны сынга алган акциялар бул күнү башка өлкөлөрдө да өттү. ПЕН-клубунун жазуучулары Лондондогу орус элчилигинин алдына нааразылык иш-чарасына чыгышты.

Татарстандык активисттер Казан шаарында "Сенцовго эркиндик! 100 күн" деген жазуусу бар баннерди илишти. Чехияда бир катар кинорежиссерлор менен драматургдар абактагы кесиптешине тилектештик иретинде «чынжырлашкан» ачкачылык кармай башташты.

42 жаштагы Сенцов 2014-жылы Орусия каратып алган Крымда кармалган. Ал Крымдын аннексиясын кескин сынга алып келген.

23-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, абактагы Сенцовдун абалын дагы талкуулады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Лавров америкалык кызматташына АКШда кармалган орун жараны Мария Бутинаны бошотуу маселесин койгон. Вашингтондо магистратурада окуп жүргөн 29 жаштагы студент быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ага "саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген", "чет элдик агент" деп каттоодон өткөн эмес, "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган.

Орус элчилигинин алдындагы Олег Сенцовго боштондук сураган акция. Киев, Украина.
Орус элчилигинин алдындагы Олег Сенцовго боштондук сураган акция. Киев, Украина.

Сенцовдун энесинин уулуна ырайым берүүнү суранып президент Владимир Путинге жиберген өтүнүчүн 14-августта Кремль четке какты. Президенттин администрациясы жаза өтөгөн адам өзү Путинге ырайым сурап кайрылмайынча, өтүнүч каралбай турганын айтып жооп кайтарган. Сенцов кылбаган кылмыш үчүн кечирим сурабай турганын айтып келет.

Режиссердун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан “ачкачылыкты токтот деп айтуу канчалык майнапсыз болсо, кечирим сура деген да пайдасыз», - деп Сенцовдун айтканынан кайтпай турганына токтолду.

2015-жылы Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана орус бийлиги койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Украин режиссеру ачкачылык акциясын май айында баштап, өзүнө окшоп орус абактарында “саясий негизде” кармалып турган 60тан ашык украин жаранына эркиндик берүүнү талап кылып жатат.

Эки жума мурда режиссердун адвокаты Дмитрий Динзе Сенцов 30 килограммга арыктаганын, каны азайгандыктан тамырынын кагышы солгундап, бир мүнөттө 40 жолу согуп калганын билдирген. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тарткан.

Олег Сенцовго боштондук сураган акция дүйнөнүн көптөгөн шаарларында өтүп жатат.
Олег Сенцовго боштондук сураган акция дүйнөнүн көптөгөн шаарларында өтүп жатат.

"РИА Новости" басылмасы орус омбудсмени Татьяна Москальковага шилтеме кылып, 20-августта түрмөгө догдурлардын тобу жөнөтүлгөнүн, режиссердун абалы "канааттандыраарлык" экенин жазды.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Сенцовдун өмүрү коркунучта экенин эскертип, аны боштондукка чыгарыш үчүн эл аралык коомчулукту Орусияга басымды күчөтүүгө үндөгөн.

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлигине кайрылып, украин режиссеру Олег Сенцовдун дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган.

Бул маселени айрым дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде француз президенти Эммануэл Макрон да президент Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө көтөргөнү менен азырынча так чечим чыга элек.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Ямало-Ненецк автоном округу боюнча башкармалыгы Сенцовдун абалын “канааттандырарлык” деп баалап, “анын негизги органдарынын иштөөсүнө көмөктөшө турган дарылоо” жүрүп жатканын билдирди.

Сенцов 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG