Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Суроодон чыккан талаш


Автандил Добулбеков.
Автандил Добулбеков.

"Cупер.кж" порталынын журналисти Автандил Добулбеков президентке суроо бергенден кийин жумуштан кеткенин айтып чыкты.

24-июлдагы маалымат жыйында журналист Добулбековдун суроосуна президенттин ачуусу келип, сынга алган эле. Порталдын жетекчилиги болсо журналисттин кызматтан бошотулушун ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"Cупер.кж" порталынын журналисти Автандил Добулбеков президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз жыйынынан кийин иштен четтетилгенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Журналист бул кабарды маалымат жыйындан кайтып келген соң укканын билдирген:

- Кечээги президенттин маалымат жыйынынан кийин белгисиз мөөнөткө “сүргүнгө” кетип жатам. Чолпон-Атадан кайтып келсем, редакция мага сюрприз даярдап коюптур. Кудай буюрган күнү жүз көрүшөбүз! - деп жазган Добулбеков.

Бул билдирүүнү жазган соң Добулбеков кандай жагдайда иштен четтетилгени тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүнү каалаган жок. Бирок шаршемби күнү кечинде кабарчы Фейсбук баракчасы аркылуу жетекчилик менен маселе чечилгенин жазып чыкты.

Ал эми "Супер.кж" порталынын редакциясы журналисттин жумуштан бошотулушу боюнча кабарды ырастабай да, төгүндөбөй да турат. Аталган порталдын жетекчилиги бул маселе боюнча комментарий азырынча берилбей турганын айтышты.

24-июлда Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө журналист Добулбеков президентке эл менен бийлик мамилеси тууралуу суроо салган:

- Добулбеков: Урматтуу президент, 2012-жылдын 11-апрелинде Бишкекте Апрель жана Аксы окуяларынын баатырларына арналып эстелик ачылган. Мына ушул эстеликтин ачылышында Кыргызстандын бийлиги элдин ишеничине таянганда гана күчтүү болорун айткан элеңиз. Бирок акыркы күндөрү элге карата көбүрөөк нааразылык айтып, ал эми башка өлкөнүн, сырттагы лидерлерге ыраазылык айтчу болдуңуз. Ошондо катачылык, кемчилик кимде болуп жатат?

Атамбаев: Дароо бир мисал келтирсең...

Добулбеков: Казакстанда ЭКСПОнун жүрүшүндөгү сөзүңүздү мисал кылсак болот. Эгерде мен каражат коротуп, уюштурган болсом мени тытып жеп коюшмак деп билдириңиз эле...

Атамбаев: Иним унутпагын, мен ошондо журналисттер менен айрым саясатчылар деп айткам. Сен сөздү бурмалап кимден үйрөнгөнсүң билбейм, бирок мен өз сөзүмө жооп берем. Сен бурмалабай чын суроо бергин, элди алдабай... Мисалы, сени уккан эл айтат Атамбаев элди шыбап жатыптыр деп. Элди шыбап жаткан силер.

​Мына ушул суроо-жооптон соң Добулбеков иштен кеткенин жарыялап чыкты.

Президенттин маалымат кызматы жаралган жагдайга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Өлкө башчысынын кеңсесинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун айтымында, маалымат жыйындын жүрүшүндө журналисттерге карата эч кандай чектөө болгон эмес:

- Бул редакциянын ички иши. Бул нерсеге президенттик аппаратты кийлигиштирүү туура эмес. Президенттин салтка айланып калган маалымат жыйынында ар жыл сайын эркин, чектөөсүз өтөт. Анда тиги суроону бер же бул суроону бербе деген нерсе жок жана президент ачык жооп берет.

Бирок журналисттер коомчулугу журналисттин кызматтан кетишин кабатырлануу менен кабыл алды. Маселен, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев бул жагдайды тыкыр териштирүү зарылдыгын айтууда:

- Абдан таң каларлык жана тынчсыздануу жаратуучу окуя болуп жатат. Биринчи суроо жаш кесиптешибиздин эмгек укуктары бузулган жокпу дегенде болуп жатат. Ал сотко кайрылабы? Ал кайрылбаса деле журналисттер коомчулугу сөзсүз ага жардам берип, анын кызыкчылыгын жактоо боюнча порталдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз.

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

"Супер.кж" порталы Кыргызстандагы кыргыз тилиндеги эң көп нускадагы "Супер инфо" гезитинин базасында түзүлгөн. Бул маалымат каражаттарынын кожоюну Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов.

Султанов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтып, кызматын тапшырган эле. Бирок мындай көп өтпөй тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG