Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Мамкаттоо “Клоопту” сотко берүүнү ойлонуп жатат


Мамлекеттик каттоо кызматы "Kloop.kg" порталынын иликтөөсү боюнча коопсуздук комитетине кайрылды. Анын негизинде иликтөөнүн автору Ринат Тухватшин УКМКда сурак берди.

"Kloop.kg" сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Samara.kg" сайты жөнүндөгү макаланын автору Ринат Тухватшин бүгүн, 15-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинде суракта үч саат (10:00-13:00) болду. Бул тууралуу "Kloop.kg" сайтынын Facebook баракчасына жарыяланды. Бирок сурак кандай жүргөнү, эмне маселелер козголгону тууралуу маалымдалган жок.

Тухватшин УКМКга күбө катары чакырылып жатканы кечээ белгилүү болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматы "Кloop.kg" порталынын журналисттик иликтөөсү боюнча жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгын 14-декабрда жарыялады.

Мамкаттоонун өкүлдөрү журналисттик иликтөөдөгү президенттик шайлоо маалындагы серверге сырттан кийлигишүү тууралуу маалыматтар дароо текшерилип, эч кандай шектүү жагдайлар аныкталбаганын айтышууда.

Маселен, мекеме алдындагы "Инфоком" ишканасынын маалыматтык системалар бөлүмүнүн башчысы Эрик Табалдиевдин айтымында, Мамкаттоонун серверине тыштан кийлигишүү болгону же башка бир сайттын жайгаштырылганы ырасталган жок:

- Биз сервердеги бардык аракеттерди карап чыктык. "Биздин кайсы бир кызматкерибиз логилерди өчүрүп салышы мүмкүн" деген божомол да ырасталган жок. Анткени биз сервердеги файлдардын бүтүндүгүн же файлдагы жазуулардын ырааттуулугун текшердик. Мунун баары биздин серверде кандайдыр шектүү аракетти жана буга чейин жарыяланган иликтөөдөгү маалыматтарды ырастаган жок

Каттоо кызматынын өкүлдөрү ушундай эле иликтөөнү kg домени жайгаштырылган "Азия-инфо" интернет-провайдери да жүргүзгөнүн, анда да "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканы аныкталбаганын кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамкаттоо өздүк териштирүүсүнүн жыйынтыгына таянып, бардык материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жөнөткөнүн билдирүүдө. Ал атайын кызмат компетенттүү орган катары буга чейин айтылган маалыматтарга тиешелүү баа бериши керек деген пикирде.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы юристи Кубат Черикчиев анын негизинде "Kloop.kgнин" журналисттик иликтөөсү боюнча сотко кайрылуу жөнүндө сунуш да каралып жатканын билдирди:

- Бизге каршы ар кандай чабуулдар болду. Азыркы кезде бул суроолор боюнча УКМК иштеп жатат. Ал иликтөө бүткөн соң биз сотко кайрылуу боюнча чечимдерди карайбыз.

Ал эми Мамкаттоонун маалымат жыйынынан кийин эле "Kloop.kg" порталынын түзүүчүлөрүнүн бири, иликтөөнүн авторлорунун бири Ринат Тухватшинди УКМК суракка чакырылган.

"Kloop.kg" сайтындагы иликтөөгө байланыштуу материалдан скриншот.
"Kloop.kg" сайтындагы иликтөөгө байланыштуу материалдан скриншот.

Тухватшин Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөө жүргүзүүдө көп жагдайларды көз жаздымда калтырганын белгиледи. Анын жүйөсүндө, Мамкаттоонун иликтөөсү үстүртөн жүргүзүлүп, куру сөздөргө гана негизделген.

- Ички иликтөөнү жүргүзүүдө колдогу фактыларды текшерип чыгыш керек. Биз 10дон ашык фактыны келтиргенбиз, анын бири боюнча да түшүндүрмө беришкен жок. Биз «мындай далилдерибиз бар, мындай издери калып калган» деп айтып жатабыз. Мамлекеттик каттоо кызматы болсо "биз муну кылган эмеспиз" дегендер башканы айткан жок.

Ринат Тухватшин Мамкаттоону "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканын "атайылап жашырууга аракет кылып жатат" деп сындады.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын серверине коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайты жайгаштырылып, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган.

Иликтөөчүлөр ал сайт аркылуу президенттик шайлоодогу үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганын билдиришкен эле.

Иликтөөнүн авторлору Мамлекеттик каттоо кызматынын серверине белгисиз бир сайттын жайгаштырылганын техникалык жактан швециялык "Qurium" деп аталган компания далилдегенин кошумчалашкан.

Ошентип, мамлекеттик орган журналисттик иликтөө үчүн эркин маалымат каражатынын үстүнөн сотко кайрыларын эскертүүдө.

Айрым эксперттер бийлик мындай жол менен маалымат каражаттарын коркутууга аракет кылып жатат деген пикирде.

"Сөз эркиндигин коргоо" комитетинин төрагасы Адил Турдукуловдун айтымында, мындай кырдаалда журналисттер өз алдынча иликтөө жүргүзүүгө батынбай калышат:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

- Азыр бийлик органдары башка ыкмага өтүп жатышат. Мамлекеттик органдар аркылуу эркин басма сөздүн, жарандык активисттердин оозун басып, алардын иш-аракеттерине бөгөт коюп жатат. Бул туура эмес. Ошондуктан, мындай жолдон артка кайтарууга аракет кылышыбыз керек.

Алгачкы жолу "Samara.kg" сайтына байланыштуу тергөө жүргүзүү зарыл экенин экс-президент Алмазбек Атамбаев айткан болчу. Атамбаев президенттик ишмердигин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында бул иликтөөнү “чагым” деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG