Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Токойчулар сүрөтчүнү сотко жетелейби?


Токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жалган маалымат таратууда деп көз карандысыз фотокабарчы Влад Ушаковду сотко берээрин жарыялады.

Учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан фотокабарчы Влад Ушаковдун карагайлардын кыйылып жатканын, жаратылышты коргоого чакырган билдирүүсү үчүн сотто суралып калышы мүмкүн.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик 7-декабрда маалымат жыйын өткөрүп, мекеменин жетекчиси Абдыкалык Рустамов фотокабарчы келтирген фактылар далилденбегенин айтып, Ушаковду сотко берээрин маалымдады. Агенттиктин жетекчиси Абыкалык Рустамов “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Баары далил менен болуш керек. Далилденген нерсени чыгарса, мен "муну көрбөй калыпмын" деп эки токойчуну тилдеп, урушуп, алардын жазасын берип, жумуштан алчусун алып, айып төлөтүп, ордуна коймокмун. Ал эми мунуку туура эмес болуп жатпайбы. Азыр материалдарды чогултуп жатабыз, анан үстүмдөгү чоңдорго кайрылам. Мына, эч нерсе далилденген жок деп кат жазабыз. Мен мамлекеттик кызматкермин, өйдө жактан уруксат керек.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

4-декабрда фотокабарчы Влад Ушаков Фейсбуктагы баракчасына кыйылып жаткан жыйырмага чукул карагайдын сүрөтүн жайгаштырган. Анда Ушаков сүрөттөр Жууку капчыгайынан жаңы тартылганын айтып, капчыгайда мыйзамсыз карагай кыюу сезону башталды деп жазып, коомчулукту буга каршы тууруга чакырган.

Социалдык тармактардагы кызуу талкуулардан кийин премьер-министр Сапар Исаков капчыгайдагы бак-дарактарды кыюу фактыларын текшерип, чара көрүү боюнча тапшырма берген.

Фотокабарчы Влад Ушаков буга чейин Жууку капчыгайындагы кыйылып жаткан карагайлар тууралуу видео дагы тартканын, бул мыйзамсыз ишке токойчулар өздөрү катышканын далилдегенин айтууда.

- Жазында карагайларды кыюу фактысы болгон. Бул жолу барганыбызда дагы кыйылган карагайларды көрүп, интернеттке жайгаштырдык. Биз эч нерсе өзгөрбөй эле кыйылып жатканын көрсөттүк.

Медиа эксперт Марат Токоевдун айтымында, соңку кездери мамлекеттик органдардын кабарчыларды соттук иштер менен коркуткан учурлар арбыды. Мындай көрүнүш журналисттердин өзүн-өзүн чектөөсүнө, коомдогу чуулгандуу иштерди жазуудан алыстатат.

- Мамлекет башчысына карап түздөнөт. Бизде, тилекке каршы, акыркы мезгилде жаман болуп кетпедиби. Бийлик башында отургандар мындай нерсени сот эмес, башка жолдор менен чечсе болмок. Эми жаңы президент кандай болоорун көрөбүз.

Дагы бир медиа эксперт Элира Турдубаеванын пикиринде, учурда дүйнө жүзүндө социалдык тармактар чоң күчкө айланды. Бийликке деле интернет колдонуучуларынын жардамы менен алыскы аймактардагы ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө жардам болмок. Ал эми журналисттин жеке баракчасына жарыяланган билдирүүсү үчүн мамлекеттик орган тарабынан басым жасалышы авторитардык өлкөлөргө таандык көрүнүш.

- Жарандар, активисттер социалдык тармакка бир нерсе жазып, көйгөйдү иликтегенден коркуп, сактанып калышат. Анын үстүнө социалдык тармак жеке адамдын барагы. Ал жерге эмне жазаарын өзү билет. Ал эми анын чын-төгүнүн аныктоо - мамлекеттик кызматтардын милдети.

Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак болуп эсептелет жана өзгөчө коргоодо турат. Фотокабарчы Влад Ушаков ушул жылдын март айында Ютуб каналына “Экоцид. Ысык-Көл токоюн жок кылуу” деген видео жарыялап, анда Жууку капчыгайында дагы карагайлар кыйылып жатканын айткан болчу.

Влад Ушаков көп жылдардан бери өлкөнүн кооз жаратылышты, кызыл китепке кирген жаныбарлардын сүрөткө түшүргөн мыкты фото кабарчылардын бири катары белгилүү. Ал Кыргызстандагы фото журналисттер союзунун жетекчиси.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG