Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Медиа мейкиндиги шайлоо камында


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шайлоого байланыштуу мыйзамдардын өзгөрүшү менен келерки саясий иш-чараларда жаңы технологиядагы медиа таасирдүү роль ойной тургандыгы айтылууда.

Байманалуу саясатчылар жеке менчик телерадио компанияларды шайлоого даярдап жатабы? Үгүт иштеринде мыйзамдык чектөөлөр керекпи? Медианын маалыматынын сапатын жакшыртыш үчүн эмне кылыш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Айнура Усупбекова, «NewTV» телеканалынын директору Нурлан Шакиев жана «Марал» радиосунун директору Руслан Акмат катышты.

«Азаттык»: - Айнура айым, сиз шайлоого байланышкан мыйзамдарды өзгөртүүгө байланыштуу президент түзгөн жумушчу топтун мүчөсү катары айтсаңыз. Келерки парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде маалымат каражаттарына өзгөчө маани бериле тургандыгы айтылууда. Мыйзамда медиага байланыштуу кандай алымча-кошумчаларды сунуш кылып жатасыздар?

Айнура Усупбекова: - Шайлоого байланыштуу мыйзам долбоору бир топ талаш-тартыштан кийин биринчи окуудан өттү. Азыркы өткөн өзгөртүүлөр мурдагы шайлоолордо айтылган кемчиликтерди оңдоо, жакшыртуу максатында киргизилүүдө. Шайлоо процессин туура жолго сала турган бир топ механизмдер сунуш кылынууда.

Негизи шайлоого байланышкан реформа 2011-жылы эле башталган. Азыркы өзгөртүүлөр да шайлоону жакшыртууга дагы бир кадам жасоого шарт түзөт деп ойлойм.

Шайлоодо медиага байланыштуу нормалар да иретке келгени турат. Маалымат каражатын каттоодон баштап, башка бардык аракеттер жоболордо белгиленет. Мисалы, бир талапкер медианы колдонуп экинчи талапкерге шек келтирген маалыматтарды бере албайт. Эгер маалымат жалган айтылып кетсе аны төгүндөөнү тез берүүгө маалымат каражатын милдеттендирген жобо бар. Азыркы мыйзам боюнча маалыматты төгүндөө боюнча талап жок, аны кечиктирип берип же өтө кыска берип кутулган учурлар болчу.

Азыр медиаларга бардык талапкерге бирдей убакыт берүү милдети жүктөлүүдө. Талапкерлерге жарнама убактысы да тең салмактап берилиши керек. Ар бир жарнамалык маалымат атайын фонддон каржыланып жатабы - ал дагы көзөмөлгө алынат.

Кээде бир саясатчы, же башка бир адамдын соцтармактагы баракчасындагы маалыматтар бир чоң медианын ишин жасап коюп жатат.

«Азаттык»: - Нурлан мырза, таасирдүү, ары байманалуу саясатчылар жеке менчик компанияларын шайлоого даярдай баштады. Айрымдары жаңы телеканалдарды, гезиттерди, интернет-порталдарды сатып алып жатышканы тууралуу маалыматтар учурап жатат. Ушундай тенденция барбы?

Нурлан Шакиев: - Кыргызстанда маалымат каражатынын чыныгы ээсин жашырып коюп, башка адамдарга каттатып койгон учурлар бар экенин баарыбыз билебиз. Жөнөкөй, жай күнү каттатып коюп, шайлоого байланыштуу кыска мөөнөткө иштеген медиалар да уюштурулушу мүмкүн. Мисалы, шайлоого алты ай калганда иштей баштап, шайлоо бүткөндөн бир айдан кийин жабылат. Бирок саясатчылар жаңы ачканга караганда мурдатан коомчулукта таасири бар, өз аудиториясын таап калган телеканалдар менен иштөөнү туура көрүшөт.

Айрым маалыматтар боюнча айтсак, шайлоого катышкысы келген саясатчылардын ичинде телеканалдар менен өнөктөш болууга же ал каналдын кайсы бир үлүшүн сатып алууга умтулуп жаткандар бар.

«Азаттык»: - Сиз башкарган «NewTV» телеканалынын чыныгы ээси таасирдүү, акчалуу саясатчылардын бири экени айтылып жүрөт. Анын ким экенин ачык айта аласызбы?

Нурлан Шакиров: - Бизди кимге гана жабыштырышкан жок? «"NewTV" Икрам Илмияновго, Сооронбай Жээнбековго таандык экен» дешти, кийин «чыныгы кожоюну - "Ихлас" компаниясы» дешти. Мен ачык эле айта алам: «NewTVнын» чыныгы ээси Нурбек Осмонов деген жигит. Мен ТВны долбоор катары даярдап, сунуш кылып, ал каржылык көмөк көрсөтүп, чогуу ачканбыз. Эки жылдан бери түптөп келатабыз, элге өз өндүрүшүбүздөн чыккан нерселерди берип келе жатабыз.

«Азаттык»: - «NewTV» азыркы ээси ишкер болгону менен эртеңки саясий максаты үчүн телеканал ачышы мүмкүн да?

Кыргызстанда маалымат каражатынын чыныгы ээсин жашырып коюшуп, башка адамдарга каттатып койгон учурлар бар экенин баарыбыз билебиз.

Нурлан Шакиев: - Бизде андай саясий максат болгон эмес. Биздин максат – эл ишенген, кара кылды как жарган, калыс маалыматтарды берген телеканалды өнүктүрүү. Маалымат каражаттарынын ортосундагы атаандаштыкка салым кошуу. Биздеги ЖМКлар бийликчил же оппозициялык болуп бөлүнүп алышкан. Биз орток, бейтарап маалыматтарды жайылталы деп келебиз. Бизде саясат темасы аябай аз, көбүнчө агартуучулук багыттагы көрсөтүүлөр көп берилет.

Руслан Акмат: - Учурда Кыргызстанда сөз эркиндиги жана жарандык коомдун таасири өтө күчтүү. Ошого жараша саясий айдыңда медианын ролу өзгөчө орунда болууда. Бизде демократиялык жакшы өзгөрүүлөр болуп жатса ал жерде маалымат каражаттарынын «төртүнчү бийлик» катары үлүшү чоң.

Азыр жаңы технологияларга негизделген медиалардын, социалдык тармактардын коомдо таасири күч болуп турат. Кээде бир саясатчы, же башка бир адамдын соцтармактагы баракчасындагы маалыматтар бир чоң медианын ишин жасап коюп жатат.

Чындап айтканда азыр жалгыз адамдын тараткан маалыматы менен бир медианын маалыматтарынын таасири атаандашып жатат. Бул жакшы көрүнүш. Бирок Кыргызстанда медиага байланыштуу жаңы технологияларды толук пайдаланып, иштеп жаткан канча маалымат каражаты бар, ал суроо боюнча калат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Медиа шайлоодо курал болбосо... (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:00 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG