Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Аткаминерлер мүлкүн элден жашырбасын


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Самат Абдраимов жиберген сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.

Коррупция – бийликтин ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун.

Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот?

Мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы эркин форматтагы диалог түзүү (Түз эфирде элдин көйгөйлөрүн чечүү);

Өкмөттүк саат форматы (элге түз эфирде аткаруу бийлигинин жасаган иштери тууралуу маалымат берүү) жана көзмө-көз же “1-1” форматтагы өкмөт мүчөлөрү, өкүлдөрү менен жарандардын катышуусунда түз эфирде жолугушууларды уюштуруу.

Натыйжада, жарандардын өкмөткө болгон ишеними жогорулайт.

Өлкөдө коррупциясыз, мыйзам үстөмдүк кылган системаны түзүүдөгү тосколдуктар:

1)Системдүү күрөштүн жоктугу;

2) Укук коргоо жана сот органдарында объективдүүлүк менен эффективдүүлүктүн жетишсиздиги;

3)Трайбализм менен рационалдуу күрөштүн алсыздыгы;

4) Жарандар менен күч органдарынын ортосундагы коррупцияга каршы күрөшүүдөгү тыгыз кызматташтыктын жетишсиздиги.

5) ЖМКлардын эркиндигин камсыздоо.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ыкмасы;

- Патронаттык кызматка конкурстук системасын киргизүү;

- КР Президенттин аппаратына, Жогорку Кеңештин аппаратына, өкмөттүн аппаратына адистерди ачык конкурс менен алуу системасын кирзизүү;

- Курултай институтун жандандыруу жана өнүктүрүү.

Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Өлкөбүздө коррупция жана бюрократия менен күрөшүү, бийлик органдарынын башкаруу системасын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, төмөндөгү иш-аракеттер жүрүп жатат:

1) Президенттин жарлыгы 2019 – жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы;

2) ”Бирдиктүү терезе” өкмөттүк программасы;

3) Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы;

4) Калкты тейлөө системасын жакшыртуу;

5) Айлык акылардын жогорулашы.

Коррупция менен эффективдүү күрөшүүдөгү чет мамлекеттердин ыкмасын киргизүү керек

Мисалы:

1.Индияда жемкорлук менен күрөшүү максатында атайын “0 (нөл)” сандуу акча банкнотун чыгарган, кызыктуусу акчада “жемкорлук мыйзам тарабынан жазаланат” деген эскертүү жазылган жана акча талап кылгандарга колдонулуп келет.

2. Чехияга келген конокторго (туристерге) жергиликтүү туристтик компаниялар “Коррупциялык тур” уюштурушат, анда коррупцияга тиешеси бар аткаминерлердин хансарайы, кымбат баалуу буюмдары, автоунаалары, дачалары ж.б.у.с. мүлктөрү менен тааныштырат. Бул программа өкмөт тарабынан колдоого алынып келет.

3. Гонконгдо аткаминерлерге жемкорлук жоромолу же (презумпция коррумпированности) деген түшүнүк бар. Ар бир аткаминер үйүн, автоунаасын, ж.б.у.с. мүлкүн кантип, кайсы каражатка алгандыгын далилдешет.

4. Кытайда коррупционерлерди өлүм жазасына тартышарын баарыбыз билебиз, бирок коррупция менен күрөшүү саясатын мектепке чейинки окуу жайлардан башташат.

Бийлик органдары жогорудагы сунуштарды, мисалдарды ишке ашырса Кыргызстан коррупциясыз 50 өлкөнүн катарына кошулат деген ишенимдемин.

Самат Абдраимов

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG