Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:13

Көчмөндөр оюндары: намыс жана саясий утуш


Көчмөндөр оюндары

2-сентябрда ачыла турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын саясий, экономикалык, идеологиялык, маданий маанисин арттыра алдыкпы же курулай каражат короткон, куру намыстын иш-чарасы болуп жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жана философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов катышты.

“Азаттык”: Асан агай, ушуну менен үчүнчү жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөнү турабыз. Биринчи менен үчүнчү оюнду салыштырып айтсак, бул оюндан Кыргызстан кандайдыр бир саясий упай алдыбы, өлкөнүн сырткы аброюна оң таасири болдубу?

Асан Ормушев.
Асан Ормушев.

Асан Ормушев: Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен саясий, экономикалык, маданий жана туризм жагынан да көп утуштарга ээ болду деп айта алам.

Себеби, мен экинчи жана үчүнчү Көчмөндөр оюндарын уюштуруу ишине, тагыраагы маданий иш-чараларын өткөрүүгө түздөн-түз катышып келем. Маселени ичинен таанып, сырткы таасирин байкоого жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Моюнга алсак, биринчи Көчмөндөр оюндары анча даярдыксыз өтүп калган, чет өлкөлөрдүн жардамы жок эле өз күчүбүз менен өткөргөнбүз. Экинчисинде көптөгөн мамлекеттер катышканын баарыбыз билебиз.

Эми үчүнчүсүн алсак, көп өлкөлөрдүн президенттери, премьер-министрлери, дүйнөнүн атактуу инсандарынын катышканы жатканы Кыргызстан үчүн чоң саясий аброй, чоң саясий утуш деп эсептесек болот. Көчмөндөр оюндары негизинен үч багытта жүрөт. Биринчиси - көчмөндөр оюндарынын мелдеши, экинчиси - көчмөндөрдүн маданиятын көрсөтүү, үчүнчүсү - көчмөндөрдү изилдөө маселелерине арналмакчы. Ушул максаттардын баары Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга, туристтердин келишине кеңири шарт түзөрүндө шегим жок.

“Азаттык”: Эмил мырза, ар бир өлкө мындай ири иш-чаралардан экономикалык киреше же пайда табууну көздөйт эмеспи. Кыргызстан бул оюндун даярдыгына, өткөрүүгө чоң суммадагы акчаларды коротту? Биз чыгым эле болдукпу же акчалай пайда таптыкпы?

Эмил Каниметов.
Эмил Каниметов.

Эмил Каниметов: Кыргызстан бул оюндарга көп акча коротту деп айта албайм, биздин өлкө өз дараметине, бюджетине жараша каражат жумшады. Кошуна казактар биринчи, экинчи оюндарды көрүп алып, “кыргыздар жарыбаган акчага дүйнөлүк деңгээлдеги чоң иш-чараны өткөрүп коюшту, биз казактар миллиарддаган акчаларды коротуп, мындай оюндарды уюштура албай жатабыз” деп таң калып жазышкан.

Жакшы нерсенин баарын эле акчага байлап койгонубуз туура эмес. Кечээ Орусияда футбол чемпионаты, Кытайда олимпиада өткөндө да “канча акча табышыптыр?” деп жатышты. Жакыр жашаган эл ошол Америкада, Англияда да бар. Кыйналып жатабыз деп отура берүүгө болбойт. Чындыгында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мындай масштабдагы иш-чара боло элек.

9-сентябрь, 2016-жыл.
9-сентябрь, 2016-жыл.

Дүйнөдө болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөр көп эле болуп жатат, ошолордун бири руханий дүйнөнүн жаңырыгы – Көчмөндөр оюндары десек болот. Бул иш-чараны экзотикалык жеңил-желпи окуя катары кароого болбойт. Тескерисинче, бул окуянын философиялык, тарыхый-идеологиялык жактан терең анализге алышыбыз керек. Ошол эле батышта, илимде “номадология” деген өзүнчө тармак пайда болууда.

“Азаттык”: Көчмөндөр оюндары туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот дедик эле, ал тармакка кандай таасирин тийгизди?

Эмил Каниметов: Башкасын айтпайм, менин чет өлкөлөрдө менин көптөгөн досторум бар. Алардын көбү ушул Көчмөндөр оюндарына келебиз деп атайын план түзүп коюшкан. Канчалаган туристтик компаниялар ушул оюндарга байлап канчалаган туристтерди алып келип жатышканын билебиз. Эми муну мамлекеттик деңгээлде колго алуу керек, азыркы өкмөттүн жасап жатканы али жетишсиз.

6-сентябрь, 2016-жыл.
6-сентябрь, 2016-жыл.

“Азаттык”: Асан агай, Кыргызстан бул оюндар аркылуу өз маданиятыбызды, каада-салтыбызды дүйнөгө тааныта алабыз дедик эле, ал максатыбызга жеттикпи, жетсек анын үзүрүн кандай мисалдар менен бекемдейт элеңиз?

Асан Ормушев: Туура, кыргыз маданиятын бул оюндар аркылуу дүйнөгө даңазалап жатабыз, анын үзүрүн көп мисалдар менен айтсак болот. Биз бул жолу, максатты дагы бийик коюп жатабыз.

Үчүнчү көчмөндөр оюндарында жеке эле кыргыздан каада-салттарын көрсөтүү менен чектелип калбай, дүйнө элдеринин этномаданиятын көрсөтөлү деп жатабыз. Аны биз “Этнофестиваль” деп атадык. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн келген коноктор Бостериде, Чоң-Сары-Ойдо, Чолпон-Атада мурдатан даярдалган аянттарда өз маданияттарын даңазалашат.

Ал эми кыргыздын өзүнүн этномаданиятына байланышкан фестиваль тогуз номинация менен өткөнү турат, буга бардык аймактардан чоң даярдыктар көрүлдү.

Мисалы, “ийик ийрүү” деген номинация бул жолу биринчи болгону жатат. Дегеле, бул Көчмөндөр оюну биздин каада-салтыбызды өнүктүргөнгө эмне салым болду деген суроо коюлуп келе жатпайбы. Башкасын айтпасам да кыргыздын улуттук кийимдерин даярдоо, тигүү, күнүмдүк турмушта колдонуу, жаңы заманбап стил менен эл аралык мода конкурстарына алып баруу жогорку деңгээлге чыкканын мактаныч менен айтсак болот. Мына ушунун өзүнө Көчмөндөр оюндарынын таасири чоң болгонун баарыбыз сезип турабыз. Биз аны өнүктүрүшүбүз гана керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Көчмөн оюндары кыргызды кыйырга таанытты
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:10 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG