Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Ш. Мамыров: ЕККУ полиция кеңешчилери эл менен сүйлөшпөйт


Милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда"
Милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда"

Кыргызстанга жаңы жылдан кийин келчү ЕККУ полиция кеңешчилери ички иштер тармагын реформалоого гана кол кабыш кылмакчы.

Эл аралык кеңешчилер тобунун коопсуздугун ким камсыздайт, алар кандай иш жүргүзөт? "Азаттыктын" ушул сыяктуу суроолоруна Кыргызстандын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Шамшыбек Мамыров жооп берди.

Шамшыбек Мамыров:
Булардын биринчи максаты - ички иштер органдарын өнүктүрүү, биздин милициянын жумушун эл аралык стандартка дал келе тургандай кылып көтөрүү болуп саналат. Алар үчүн бир жылдык мөөнөт аныктап жатабыз. ИИМдин буйругу менен үлгүлүү райондук 18 ички иштер бөлүмүнө аталган долбоорду ишке ашыруу дайындалды. Орто эсеп менен отузга жакын эл аралык кеңешчилер ички иштер кызматын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга көмөктөшүү максатында келет.

"Азаттык": - Алар кеңеш берүү менен эле чектелеби, же ички тергөө иштерине да аралашууга укугу барбы?

Шамшыбек Мамыров: Булар ички иштер кызматкерлерине гана кеңеш берүү менен алек болот. Ал эми тергөөгө, өз алдынча эл менен жолугушууга, же болбосо көзөмөл кылып кайгуул кызмат өтөөгө булардын акысы жана мандаты да жок.

"Азаттык": - Мына ушундай шарттарга ылайык ЕККУ полиция кеңешчилери жергиликтүү калк өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө, баарлашууга акысы жок экен, аларга уруксат берилбептир, мунун себеби эмнеде?

Шамшыбек Мамыров: Себеби эл менен жолукканда булар кандайдыр бир башкача көз карашта болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө эл менен иштей турган, элдин талабын аткара турган мамлекеттин ыйгарымдуу бутагы катары өзүбүздүн милициябыз бар. Ошондуктан булар биздин гана ишке кеңешчи катары жардам беришет.

"Азаттык": - Ал эми полиция кеңешчилер тобунун коопсуздугун ким камсыздайт?

Шамшыбек Мамыров: Эми алар биз менен кызматташып жаткандан кийин алардын коопсуздугун ички иштер кызматкерлери, биз камсыздайбыз.

"Азаттык": - Аларда курал алып жүргөнгө уруксаты барбы?

Шамшыбек Мамыров: Жок, алар эч кандай курал-жарагы жок келишет.

"Азаттык": - Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG