Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Аялдын өлүмүнө келини шектелүүдө


Ош шаарында башы кесилген аялдын өлүмүнө шектелип келини жана келиндин бир тууган эжеси кармалды.

Денеси менен башы шаардын ар башка жерине ташталгандыктан маркумдун башы али күнгө чейин табыла элек.

Иликтөөнүн натыйжасында маркум Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 51 жаштагы тургуну экени аныкталган. Андан соң кылмышка шектүү катары маркумдун келини жана келиндин бир тууган эжеси кармалды. Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

- Бул кылмыштын бети ачылды деп айтсак болот. Маркум аялдын өздүгү аныкталгандан кийин эле шектүүлөр кармалды. Алар маркумдун 26 жаштагы келини жана анын 37 жаштагы бир тууган эжеси болуп чыкты. Эже-сиңди ошол эле Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган. Аларга карата "адам өлтүрүү беренеси" боюнча кылмыш иши козголду.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кошумчалагандай, бул кылмыш кайнене-келиндин чатагынан улам келип чыккан.

- Окуядан эки күн мурун аял баласынын үйүнө келген экен. Кылмышка шектелип кармалган келиндин айтканына караганда, кайнене менен келиндин ортосунда мурдатан эле чыр-чатактар болуп келген. Ошол 26-август күнү да маркумдун уулу эртең менен жумушка кеткен соң кайненеси келинине акарат сөздөрдү айткан. "Сен менин балама татыктуу эмессиң. Мен сени жашатпайм" деп тилдеген экен. Андан соң кайнене башка бөлмөгө кирип жатып уктап калган. Ошондон пайдаланып, ачууга алдырган келин сырттан таш алып кирип, уктап жаткан кайненесин бир нече жолу таш менен башка чаап, өлтүрүп салган. Натыйжада кайненеси ошол жерде каза болгон.

Келин келди - "күң" келди

Келин келди - "күң" келди

Шектүүнүн бир тууган эжесинин көрсөтмөсүнө караганда, кайненесин өлтүрүп алган сиңдиси окуя бүткөндөн кийин эжесине жардам сурап келген. Анан экөөлөп сөөктү эжесинин үйүнө такси менен алып келишкен. Эжеси балдарды алаксытып турганда сиңдиси кайненесинин башын алган. Денени биротоло мүчөлөгөнгө да аракет кылынган. Бирок ал маркумдун башынан башка мүчөсүн денесинен ажырата алган эмес. Шектүүнүн эжеси Гүлнара:

- Эртең менен саат тогуздар чамасында эшигимдин коңгуроосун бирөө катуу какты. Ачуум келип чыга калсам сиңдим экен. "Кайненемди өлтүрүп алдым" деди. Мен ишенип-ишенбей сиңдим жашаган үйгө бардым. Кирсем аял өлүп калыптыр. Үстүндө төшөк жабылып туруптур. Кандай өлтүргөнүн мен билбейм. Кирсем үй ичи кызыл-жаян кан. Башын болсо менин үйүмө алып барып, ошол жерде алган. Менин үйүмө такси менен жеткирдик.

Денеси Оштогу таштанды челектен табылган аялдын башы али күнгө чейин табыла элек. Көрсө маркумдун денеси менен башы шаардагы ар башка таштанды челектерге ташталган экен.

- Эже-сиңдинин көрсөтмөсүнө караганда маркумдун башы Ош шаарындагы Маркс орто мектебинин жанындагы таштанды челекке ташталган. Бирок азырынча башты табууга мүмкүн болбой жатат. Себеби "Ош тазалык" ишканасынын жумушчулары ал контейнердеги таштандыларды шаар четиндеги таштанды талаасына төгүп салышкан. Азыркы күндө башты издөө иштери уланып жатат.

Маркум аялдын башы табылбай жаткандыктан жакындары сөөктү узатуу зыйнатын да өткөрө албай турушканы кабарланды. Маркумдун уулу да апасы менен аялынын ортосунда келишпестиктер болуп келгенин, бирок ал келишпестик мынчалыкка жетет деп ойлобогонун милицияга билдирген.

26 жаштагы кылмышка шектүү келин болуп алты жыл мурда келген, бир уул, бир кызы бар. Эжесинин да эмчектеги баласы бар. Учурда оор кылмышка шектелген эже-сиңдилер Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG