Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Коёналиев: Резиденцияда Атамбаевге үй өкмөт токтому менен курулган


Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн дээрлик 90 млн. сомго курулган дача боюнча талкуулар коомчулукта дале уланып келет. Мындан улам Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиевди кепке тарттык.

“Азаттык”: Кыргызстандын борбору Бишкектин түштүк ыптасындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында экс-президент үчүн курулган дачага мамлекеттен бир тыйын кетпегенин Алмазбек Атамбаев 31-марттагы маалымат жыйынында айтты. Бирок сиздер ага чейин тараткан маалыматта курулушка жалпы 89,3 млн. сом кеткенин, анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өз эсебинен чыгарганын айткансыздар. Ошондо калган 11,5 млн. сом мамлекеттик бюджеттен кеткенби? Кимдин айтканы туура?

Коёналиев: Алмазбек Атамбаевдин айтканы туура. 89,3 млн. сом бюджеттен бөлүнгөн эмес. 77,8 млн. сомду Алмазбек Шаршенович өз каражатынан бөлүп бергени чын.

Мындан тышкары сиз сураган 11.5 млн. сом да бюджеттик эмес, президенттик фонддон бөлүнүп берилген. Жогоруда айтылган акча каражаттары жалаң гана имарат салганга эмес, ошондой эле бардык долбоорлоо иштерине: гидрогеологиялык изилдөө (Кыргыз ГИИЗ), топосъемка, АПУ, ИПУ, долбоор, дизайн-долбоор, автордук көзөмөл сыяктуу чыгымдарга кеткен.

Ошондой эле дренаж системасына, тышкы-ички коммуникацияларга: канализация, газификация, жылуулук, муздак жана ысык суу менен камсыз кылуу, ирригация, жашылдандыруу сыяктуу дагы бир топ чыгымдарды камтыйт.

“Азаттык”: Курулушка сарпталган бюджеттик эмес каражаттарды тастыктаган документтер барбы?

Коёналиев: Сарпталган каражаттардын кагаздары толук бар, бирок талапка ылайык, бул документтер кызматтык колдонуу үчүн гана болот.

“Азаттык”: №17 дачаны куруу кайсы чечимге таянат? Курулуш иштери кайсы чечимдин негизинде жүргүзүлгөн? Парламент же өкмөт менен макулдашылганбы?

Коёналиев: Бул имарат курулаардан мурда президенттин атына 2016-жылдын башында кат менен кайрылып, кийинки экс-президенттерге берүүгө санитардык-техникалык абалы жактан талапка жооп берген дачалар жок экенин жана жаңы имарат куруу зарыл экенин жазганбыз. 2016-жылдын 6-майында өкмөттүн №232 токтому чыгып, ошол документтин негизинде изилдөө, долбоорлоо жана курулуш иштери башталып аягына чыккан.

“Азаттык”: Сиздер тараткан маалыматта “Ала-Арчада” бош үй жок болгондуктан жаңы дача курулганы айтылды. Ошондо калган 16 үйдө кимдер жашап жатат? 16 дачанын бири да бош эмеспи?

Коёналиев: “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында убактылуу жашоого укугу бар жетекчилердин тизмеси президенттин чечими менен бекитилет. Бүгүнкү күндө бардык дачалардын ээлери бар. Бирок дачанын жоктугу эмес, биринчи кезекте алардын санитардык-техникалык нормага жооп бербегендиги себеп болгон. Ушул убакта мамлекеттик резиденцияда президент, спикер, премьер-министр, эки экс-президент жана Жогорку соттун төрайымы жашап жатканы коомчулукка белгилүү. Бирок дачалар өткөн кылымдын 60-70-жылдары салынып, эскирип, талапка жооп бербей калгандыктан калган дачалардын ээлери өз үйлөрүндө жашап жатышат.

Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

“Азаттык”: Мыйзам боюнча экс-президенттердин баары бирдей экени айтылат. Андай болсо экс-президент Роза Отунбаевага кандай шарттар түзүлгөн? Кандай үйдө жашайт, аянты канча, качан курулган?

Коёналиев: Экс-президент Роза Отунбаева, спикер жана премьер-министр жашаган дачалар бир мезгилде - 1968-жылы салынган. Роза Исаковнанын дачасы бир кабаттуу, беш бөлмөдөн турат, аянты 173,0 м2. Бул үч имараттын салынганына быйыл туура 50 жыл болот. Дачанын абалы орточо, эмки 2019-жылга капиталдык оңдоодон өткөрсөк деген оюбуз бар.

“Азаттык”: Деги эле эки экс-президентке бирдей шарттар каралганбы? Мыйзам боюнча кандай камкордуктар көрүлгөн?

Коёналиев: Мыйзамга ылайык мамлекет тарабынан экс-президентке мамлекеттик дача, транспорт айдоочусу менен, күйүүчү май, Интернет, экс-президенттин жубайына жана мектеп курагындагы балдарына бекер медициналык тейлөө, телефондук байланыш кызматтары менен өлкө ичинде бекер камсыздоо каралган. Бизге тиешелүү бул милдеттерди толук аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап, шарттарын түзүп берип жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG