Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:08

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү Жогорку Кеңеште УКМКнын ишин көзөмөлдөгөн комитет түзүүнү сунуш кылышты. Бул демилге 12-июнда Бишкекте өткөн талкууда көтөрүлүп, атайын резолюция кабыл алынды.

Иш-чараны уюштурган "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын, Коомдук иликтөөлөр институтунун өкүлдөрү коопсуздук тармагындагы УКМК, ИИМ, Мамлекеттик чек ара кызматы жана башка органдардын иши "парламент үчүн жабык" деген сын айтышты. Кыргызстанда "коопсуздук тармагы президенттин кызыкчылыгын коргогон органга айланып калды" деген көз караштар бар.

"Коомдук иликтөөлөр институтунун" директору, жарандык активист Рита Карасартованын пикиринде, Кыргызстанда коопсуздук тармагын парламент көзөмөлдөй албай калды. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлгөн УКМК саясатка көбүрөөк ыктап, президенттин оппоненттерине үстөмдүк жасоочу куралына айланды:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Бийлик алмашкандан кийин элдин баары: "Дагы кандай өзгөрүүлөр болот? Мамлекет кандай реформаларга муктаж?" деп күтөт. Эгерде өлкөдө парламентаризм өнүгө турган болсо, туура жолго багыт алган болобуз. Ошондуктан парламенттик көзөмөлдү кантип күчөтүш керек деген маселени көтөрдүк. Биринчи эле көзөмөл коопсуздук тармагынан башталышы керек. Анткени Конституцияны, мыйзамдарды өзгөртүү менен көп нерсени УКМКга байлап коет экенбиз. Аларга болсо эч жерден көзөмөл жок. Алар баарын "бул жашыруун сыр" деп отуруп, эч кандай көзөмөлгө алынбай калып отурат. Биз УКМКны президенттин колундагы башка бийлик бутактарына үстөмдүк кылуучу курал катары көрүп атабыз. Бул туура эмес. Президент арбитр гана болушу керек. Президенттин туура эмес чечимдерин сот тизгиндеп коюшу керек. Парламент да мыйзам менен чектеши керек. Ошондо гана маселелердин баарын президент чечпей, ар бир институт өз милдетин аткара баштайт. Кантип бир киши жөн жүрүп, бир күнү ажыдаарга айланып жатат? Көрсө мыйзамдардын баары ошого багытталган экен да. Жөн эле аткаминерлерди алмаштырып коюп, "Абдил Сегизбаев кетти, жакшы болду" деп отура бербей маселени терең карасак...

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев да коопсуздук органдарын парламенттик көзөмөлгө алуу маселеси чабал деген пикирлерге кошулат. Молдалиев буга мурдагы бийликтин тушунда "бийликти басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган саясатчылардын тагдырын мисал келтирди:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- "УКМКны кантип көзөмөлгө алабыз?" дегенде бизде бир мисал болгон. "Атайын кызмат жалаң эле саясий куугунтук менен алектенип жатат" деген негизде парламенттик комитет түзүлүп, УКМКны текшерген. Саясатчыларга карата эмненин негизинде иш козголгону, кандай кагаздар бар экени гана каралып, ал гезитке жарыяланып, маселе ошону менен бүтүп калган. Бул көзөмөл деле эмес. Мисалга акыркы жылдардагы окуяларды алалы. Телефондон сүйлөшүп, "төңкөрүш жасаганы атыптыр" деп бир нече саясатчы камалды. Ушул жерден парламент УКМКдан: "Соттун уруксатын качан алдыңар?" деп сурап, териштириши керек болчу. Бирок андай болгон жок.

Эл аралык "Search for common ground" ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") уюмунда да Кыргызстанда коопсуздукка карата коомдук көзөмөл болбой жатканы тууралуу далилдер бар. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кеңешбек Сайназаров бул багытта парламенттин өзүндө башаламан иш жүрүп жатканын белгиледи:

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

- Айрыкча террорчулук, экстремизге каршы күрөшүү өнөктүгүндө парламенттик, коомдук көзөмөл жоголуп кетти. Мисалы, интернеттеги социалдык тармактарда "жактыруу" же "лайк" басуу үчүн Орусияда мигранттар жоопко тартылган учурлар кезигет. Мындай нерсе Кыргызстанда да кездешип жатпайбы. Топ-топ мыйзамдарды кабыл алган кезде эң негизги өзгөртүүлөр тууралуу коомчулукта кенен талкуу жүрүшү керек. Бизде бир саат ичинде он эки мыйзам кабыл алып коюшат. Аны окуп үлгүрбөй калган убактар болот. Буга абдан кылдат мамиле керек.

Талкууда бийликке курал болууга жол бербөө максатында УКМКнын ишин көзөмөлдөгөн парламенттик комитет түзүү тууралуу сунуш киргизилип, ал демилге камтылган резолюция кабыл алынды. Документ тиешелүү мекемелерге, Жогорку Кеңешке жөнөтүлө турган болду. Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Таштемир Чилдебаев айтылган маселелер талдана турганын "Азаттыкка" билдирди:

Бардык мыйзамдарды парламент кабыл алат. Президент кол коет же каршы пикирин билдирет. Мыйзам чыгаруу жараянында президенттин укугу ошону менен чектелет.

- Талкууда мамлекеттик, улуттук коопсуздук жөнүндө сөз болду. Улуттук коопсуздук деген өтө орчундуу маселе. Биз коомчулуктун бул багытта кандай ойлору, сунуштары бар экенин байкап, угуп, талдайбыз. Бардык мыйзамдарды парламент кабыл алат. Президент кол коет же каршы пикирин билдирет. Мыйзам чыгаруу жараянында президенттин укугу ошону менен чектелет. Биз демократиялык өлкөбүз. Бизде парламент өтө күчтүү. Улуттук коопсуздукка карата тышкы жана ички коркунучтар бар. Аларды коомчулук талкуулап, сунуштарын айтып атат. Биз аларды угуп, жыйынтык чыгарып келебиз.

Кыргызстан 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин парламенттик башкаруу ыкмасына багыт алган. Ошол окуялардан кийин президенттин ыйгарым укуктары чектелип, Жогорку Кеңештин укуктары кеңейтилген. Ал кезде УКМКны президенттин таасиринен чыгаруу боюнча талкуулар да жүрүп, бирок бул орган мамлекеттин жетекчисине баш ийген бойдон калган. Азыр УКМКнын башчысын президент дайындап, жумуштан алат. Жарандык активисттер бул укук атайын кызматтын "өз функцияларын аткарышын чектеп жатат" деп эсептешет.

Ушу тапта парламентте тогуз тармактык комитет иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG