Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Жалал-Абад: милициядагы ээнбаштык


Иллюстрация
Иллюстрация

Ала-Бука райондук милициясынын жетекчисинин орун басары маңзат менен кармалса, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы ишкерлерге кысым көрсөтүп, акча чогултуп жүргөн деп айыпталууда.

Ал эми Жалал-Абад шаардык милициясынын жооптуу кызмат адамынын үстүнөн прокуратура кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министрлиги бул аракеттерди жоопкерчиликсиз жана паракор кызматкерлерден арылуу максатында жүргүзүп жатканын айтууда.

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин 46 жаштагы орун басары маңзат "бизнесине" шектелип кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиришинче, ал милиция менен УКМКнын биргелешкен операциясында колго түшкөн. Аны менен бирге кармалган "Коррупцияга каршы" коомдук уюмунун өкүлү тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

- Маңзат сатуу оор кылмыштардын катарына кирет. Бизге буга чейин оперативдүү маалымат түшкөн. Эки ай аралыгында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, ИИМдин маңзатка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү атайын операция уюштурган. Ала-Бука райондук ИИБ башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары беш килограммга жакын маңзат ташып келе жаткан учурда колго түшкөн. Аны менен бирге кармалган экөөнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси боюнча иш козголуп, соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин камакта калтырылды.

Милициядагы кызмат чырыбы?

Бакыт Сейитовдун айтымында, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси да ишкерлерди коркутуп, акча чогулткан жана кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча жыйнаган деп айыпталууда. Ошол эле учурда өз милдеттерин аткарбагандыгы, убактылуу кармоочу жайларга көзөмөл кылбагандыгы жана олуттуу кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Жалал-Абад шаардык милициясынын жетекчиси да жоопкерчиликке тартылып жатат.

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамасейитовдун демилгеси менен Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы атайын Сузакта жана Жалал-Абад шаарында текшерүү жүргүзгөн. Анын натыйжасында Сузак районунун милициясынын жетекчиси ишкерлерден жана өздүк курамдан мыйзамсыз акча жыйнагандыгы ачыкка чыккан. Ал эми шаардык милициянын жетекчиси өз жумушуна кайдыгер мамиле жасаган жана өздүк курамдын ортосунда моралдык укук бузууга жол берген факты боюнча бизге кайрылуу келген. Облустук ИИБ тарабынан жогорудагы эки жетекчини жумуштан алуу боюнча министрликке сунуш жөнөтүлдү. Мындан сырткары катачылыкка жол берген жана коррупцияга аралашкан кызматкерлер да жумуштан алынууда.

Айыпталып жаткан Сузак райондук милициясынын башчысы Нурбек Сыдыков өзүнө коюлуп жаткан дооматтарды четке кагууда. Анын пикиринде, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жаңыдан дайындалган жетекчи анын кызмат ордуна кызыгып, ушундай аракеттерге барып жатат.

- Кол алдымдагы кызматкерлерден протоколсуз эч кандай акча чогулткан эмесмин. 28 миң 500 сом деп көрсөтүлгөн сумма жыйын учурунда ортого салынып, баарынын макулдугу менен жер көчкүдөн жабыркагандар жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган турнирге катышып жаткан орган кызматкерлери үчүн жыйналган. Ал эми ишкерлерди мажбурлаган деген доомат негизсиз. Анткени Сузак районунун борборунда көчө боюнда соода кылган сатуучуларды иретке келтирүү максатында облустук жана райондук бийликтин буйругун аткарганбыз. Менин кызмат ордум ОИИБнын башчысына керек болуп жаткандыктан ушундай куру жалаа менен кетирүүдө. Учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыктан адвокат жалдап, сотко кайрылам.

Ички иштер министрлиги Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык милиция жетекчилеринин иши облустук прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Алтынбек Аттокур уулу буларга токтолду.

- Биздин карообузга бир гана Жалал-Абад шаардык ИИБнын жооптуу кызмат адамынын үстүнөн материалдар келди. Ал эми Сузак райондук милиция башчысы боюнча маалымат жок. Финансылык катачылыктарга жол бергендиги үчүн шаардык милициянын жооптуу кызмат адамына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга тергөөгө өткөрүп бердик. Ага кандай баа берүүнү тергөө чечет.

"Милиция тазаланып турушу керек"

Укук коргоо органдарындагы жетекчи кызматкерлердин арасындагы тирешүүлөр эми сотто каралат. Бул тармакта иштеген милициянын эс алуудагы ардагери Сейдаалы Женалиев маселе тараптардын кызматтык абалына карабай мыйзам чегинде чечилиши керек деп эсептейт.

- Ошондой кармоолор жана айыптоолор болуп жатса, бардык жагдайлар факт менен далилдениши керек. Эгерде кылмышкерлер менен күрөшүп жаткан кызматкерлер чындыгында ошондой кемчиликтерге жол берсе, аларды жумуштан алып гана тим болбой, эки эсе жазага тартуу абзел. Ал эми жетекчилик кысым астында аларга жалган жалаа менен басым көрсөтүп, кетирип жатса ал да кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат. Азыр коомдо коррупция аралашпаган тармак калбай калды. Кайда барба, мамайдын көрү дегендей. Бир гана Ички иштер министрлигинин алдында ички коопсуздук кызматы деген бар. Баарын ошолор текшерип, аздыр-көптүр коррупцияга аралашкандарды тазалап турушу керек.

Жалал-Абад облустук ИИБнын мурдагы башчысы Жеңиш Жоробеков жумушунда кетирген кемчиликтери үчүн деп министрликтин коллегиясынын чечими менен ушул жылдын башында кызматтан алынып, анын ордуна Акылбек Мамасейитов дайындалган. Бул багытта Мамасеитовдун өзүнөн маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG