Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:44

Кыргызстанда мамлекеттик сырларды сактоо чаралары катаалдаштырылышы мүмкүн. Учурда парламент "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырларды коргоо тууралуу" мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Мамлекеттик сырды сактоонун жаңы чаралары

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырларды коргоо тууралуу" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, талкуудан соң экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул өзгөртүүлөрдө өлкөнүн ички-тышкы саясатына, аскерий-техникалык кубаттуулугуна жана экономикалык коопсуздугуна байланыштуу мамлекеттик сырларды сактоонун кошумча жаңы чаралары сунушталып жатканы көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаев кызмат адамдарына мамлекеттик сырга уруксат берүүнүн тартиби өзгөрө турганын билдирди:

- Биринчиден мамлекеттик сырга уруксат алуу үчүн тиешелүү кызмат адамдары атайын текшерүүдөн өтөт. Анан ошол укукту бере турган мамлекеттик органда иштеген кызматкерлер дагы тиешелүү аттестациядан өткөрүлөт. Ошентип бул жерде мамлекеттик сырды алып жүрүүчүлөрдүн жана андай укукту ыйгаруучу органдын кызматтык милдеттери так аныкталып, бекитилет. Ошол эле кезде мамлекеттик сырды алып жүргөн кызмат адамдарынын чет өлкөлөргө чыгуусунун шарттары дагы каралат. Бул мына ошол кызмат адамдары уруксат алган мамлекеттик сырдын купуялуулугунун даражасына жараша аныкталат.

Абдувахаб Нурбаев.
Абдувахаб Нурбаев.

Мыйзам долбоору өкмөткө мамлекеттик сырга кире турган ар кайсы тармактар боюнча маселелердин тизмегин аныктап, бул боюнча өзүнчө жобону иштеп чыгууга укук берет. Ага кен байлыктардын запасы, аскерий-техникалык кубаттуулук, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун сактоого байланыштуу кошумча маалыматтар кириши мүмкүн.

Мыйзамга өзгөртүүлөр мамлекеттик сырды коргоо чараларын жакшыртууга багытталганы белгиленди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Рустам Мамасадыков мамлекеттик сырга кирчү маселелер менен катар аны алып жүрүүчү кызмат адамдарынын чөйрөсү дагы кеңейе турганына токтолду:

- Буга чейин парламентте тиешелүү комитеттердин эле жетекчилери мамлекеттик сырга уруксаты бар болсо, эми мындан ары, мисалы, парламенттеги 120 депутаттын баарына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Анан азыркы учурдагы талаптарга ылайык, мамлекеттик сырды камтыган маалыматтары бар тармактардын тизмеси дагы кеңейет. Буга киберкоопсуздук же башка бир илимий иштердеги жана илимий ойлоп табуулардагы мамлекеттик кызыкчылыкты ичине камтыган башка бир маалыматтар кириши мүмкүн. Буга ошондой эле олуттуу мамлекеттик кызыкчылыктагы тармактардагы ишмердикти лицензиялоого байланыштуу маалыматтар дагы киргизилиши ыктымал.

Кээ бир жагдайлардын кемтиги

Анткен менен айрым депутаттар кээ бир маалыматтарды мамлекеттик сырлардын тизмесине киргизүүнүн зарылдыгы жок экенин айтып чыгышты. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев СССР кезиндеги, тоталитардык режимдин тушунда мамлекеттик сыр катары бекитилген маалыматтар азыркы күнгө чейин мамлекеттик сыр катары сакталып, бирок мына ошондой жашыруундуулуктун кесепети мамлекетке тийип жатканын мисал келтирди:

- Биз ушул күнгө чейин тоталитардык режимден жаңы гана бошонуп чыгып, 94-жылы кабыл алынган мыйзам менен иштеп келе жатканбыз. Бирок анда шаарлардын генералдык пландары, курулуштардын деталдуу планы боюнча маалыматтардын бардыгы мамлекеттик сыр катары жашыруун сакталып келди. Мунун өзү эмнеге алып келди? Жашыруун деген нерсенин кесепетинен улам, башаламан курулуштар түштү. Көп кабат үйлөрдүн короосуна чейин курулуштар салынып кетти. Бирок эч ким ага жоопкерчилик тарткан жок. Анан эми өзүңүздөр айтып жаткандай мына ушуга окшогон маалыматтар мүмкүн коомчулукка ачык болсо, мамлекет үчүн пайдалуу болот эле. Анан бул мыйзамдын принциби негизинен улуттук коопсуздукка байланыштуу гана маселелер боюнча болсо деген оюм бар.

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Экспертизалар эскертет

Ошол эле кезде башка бир депутаттар бул мыйзам долбоорун кароодо антикоррупциялык жана адам укугун коргоо боюнча экспертизалардын корутундуларын эске алуу маселесин көтөрүштү. КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева анда адам укугун чектеп, коррупцияга жол бере турган ченемдер бар экенине басым жасады:

- Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү антикоррупциялык экспертизанын корутундусуна бургум келет. Анда бул мыйзам долбоорунун 5-беренеси боюнча "коррупциялык тобокелчиликтер абдан жогорку даражада" деп жазылыптыр. Ошондой эле бул мыйзам долбооруна карата адам укугун коргоо боюнча экспертиза дагы терс корутунду чыгарыптыр. Ошондуктан бул мыйзам долбоорундагы аталган берене тиешелүү экспертизадан өтпөй калды...

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзамдын 5-беренесиндеги өзгөртүүдө мамлекеттик сырдын даражасын аныктоо, кызмат адамдарынын купуя сырга уруксат алуу тартибин бекитүү жана алардын чет өлкөгө чыгуусун убактылуу чектөө боюнча координациялык кеңешке берилген ыйгарым укуктарды сынга алды.

Бул долбоор мыйзамды ШКУга, КМШга жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатын көздөй турганы белгиленди. Бул мыйзам долбооруна карата эки түрдүү экспертизанын терс корутундусу чыкканына карабастан мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда жактырылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG