Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:17

Чек ара: суунун нугунан чыккан нааразылык


Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургундары суунун нугу бузулуп, чек ара сызыгы өзгөргөнү боюнча көтөргөн маселени өкмөттүн мекеме аралык комиссиясы териштире баштады.

Мамлекеттик чек ара кызматы Чым-Коргон айылына жакын Чүй дарыясы аркылуу өткөн кыргыз-казак чек ара сызыгы өзгөрбөгөнүн жана жергиликтүү калктын «суунун нугу бери бурулуп, жер тилкеси Казакстанга өтүп кетти» деген маалыматы жалган болгонун билдирди.

12-мартта Кеминдин Чым-Коргон айылындагы тургундардын тобу курулуш компаниялары дарыянын боюнан кум-шагыл казып, ташып кетип жаткандыктан дарыя табигый нугунан тайып, чек ара сызыгы бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

«Чек ара сызыгы жылбайт»

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан билдирүүдө «чек ара сызыгындагы түрдүү табигый өзгөрүүлөр, анын ичинде дарыяны бойлой кеткен тилкелердеги суунун нугунун бурулушу мамлекеттик чек аранын өзгөрүшүнө өбөлгө түзбөй турганы» көрсөтүлгөн. «Ошондуктан Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы кыргыз-казак чек арасы Чүй дарыясынын жээгиндеги табигый өзгөрүүлөргө карабастан, анда буга чейин демаркацияланган чек ара сызыгы бир сантиметрге да ичкери жылган эмес» деп белгиленген.

Чек араны тактоо боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов дарыяны бойлоп кеткен чек ара сызыгы демаркацияланган координаттар боюнча бекитилгенин айтып, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматын ырастады:

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

«Өзгөчө Чүйдүн суусу ташып кеткен учурда ары-бери оонай берет да. Ал эми келишимде суунун агымы өзгөргөн менен чек ара сызыгы өзгөрбөй турганы жазылган. Бул ошол координаттары алынып, картага түшүрүлүп, чекиттери чийилген жана кийин демаркациялоо келишими бекитилген учуру. Андан бери дарыяны бойлой кеткен жерде кандайдыр бир табигый же адам факторунун негизинде өзгөрүү болгон учурда да чек ара сызыгы жылбайт. Себеби демаркациялоо кезинде бекитилген координаттар келишимде бекитилген. Аны эч ким буза албайт».

Бул маселе 12-мартта Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында жергиликтүү калктын жыйынында талкууланган. Анда Чүй дарыясынын алабынан кум-шагыл жана таш казып алуу иштери суунун нугун буруп, натыйжада чек ара сызыгы ичкери карай жылып, жер тилкесинин айрым бөлүгүнүн Казакстанга ооп кетишин шарттап жатканы айтылган.

Жүздөй адам топтолгон бул жыйынга бийлик өкүлдөрү да катышып, дарыянын жээгиндеги суунун табигый нугун бузган иш-аракеттерди иликтөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүү боюнча демилге көтөрүлгөн.

Жарандык активист Улан Бейшеев жергиликтүү калк эмнеге мынчалык тынчсызданганын мындайча түшүндүрдү:

«Биздин тилке аркылуу өткөн аймакта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын бөлүп турган Чүй дарыясы экен. Чек ара сызыгы сууну бойлой кетет. Айрым курулуш компаниялары дарыянын биз тараптагы жээгинен шагыл, кум казып, ташып кетип жатышат. Суунун нугу бурулуп, дарыянын агымы биздин аймакты өздөй жылып, чек ара өзгөрүлүп кетип баратат. Бул маселе мурда да көтөрүлгөн болчу. Жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрү жолукканда да комиссия түзүү жана бул ишти иликтеп, жыйынтык чыгаруу боюнча убакыт берилди».

Чым-Коргон айылы. 12-март, 2020-жыл.
Чым-Коргон айылы. 12-март, 2020-жыл.

Чым-Коргон айылындагы Чүй дарыясынын суу бассейнин тазалоо иштерин жүргүзүүгө кыргызстандык «Пикассо» ишканасы укук алып, кезинде Чүй облустук суу чарба башкармалыгы менен келишим түзгөнү белгилүү болду. Бул компаниянын жетекчиси Айбек Абылкасымов суунун табигый нугу бузулганы тууралуу дооматты четке какты. Ал тазалоо иштеринде жээктен алынган кум менен шагылды мыйзамдуу ташуу ишин жергиликтүү бир ишкер кызганып, айылда ызы-чуу уюштуруп жатат деп билдирди:

«Биз таштанды болобу, чөп-чар, таш болобу, кум же шагыл болобу, бардыгын тазалап беришибиз керек. Бул мыйзамдуу. Биз ар бир автомашинеге жүктөлгөн жүк үчүн мамлекетке акча төлөйбүз. Анткени ал жерден кум жана шагыл сыяктуу курулуш материалдары чыгышы мүмкүн. Биз быйыл 20-январда техника каражаты киргизип, андагы тазалоо иштеринин натыйжасында 260 автомашине жүк алып чыгып, бул үчүн биз 26 миң сом төлөп бердик. Дарыянын эки бети тең бетондолгон. Суунун нугу эч кандай бузулган жери жок. Жергиликтүү элдин арасынан Каныбек деген киши бул ишке кызганычтан улам айылдаштарын уюштуруп, бизди «бул жактан чыгып кеткиле» деп коркутуп жатышат. Анткени ал адам буга чейин өздөрү мамлекетке эч нерсе төлөбөй эле өз чөнтөгүнө иштеп келген экен. Биз мыйзамдуу түрдө мамлекетке акча төлөп, тазалоо иштерин баштасак, эми мынтип ызы-чуу салышууда».

Бирок Чым-Коргон айылындагы шагыл казган ишканага каршы нааразылык билдирип жыйынга чогулган топ, тескерисинче, аларга криминал «дубай салам» айттырып, коркутуп-үркүтүү жүрүп жатканын билдирген болчу.

Мамлекеттик чек ара кызматынын эскертүүсү

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева чек ара сызыгы өткөн Чүй дарыясынын жээгинен шагыл менен кум казуу иштери башталганда, жергиликтүү бийлик органдарына аны токтотуу боюнча бир нече курдай эскертүү берилгенин билдирди. Бирок быйыл январь айында «суу бассейнин тазалоо» деген негизде уруксат берилген ал иштер токтотулган эмес.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев эмнегедир бул суроого жооп берүүнү туура көргөн жок.

Ал эми Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев акимчиликтин ага тиешеси жок экенин айтып, эми мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгын күтүш керек экенин маалымдады:

«Буга жергиликтүү бийлик эч качан уруксат берген жери жок. Бул тазаланып жаткан тилке облустук суу чарба башкармалыгына караштуу жер. Бул компания сайга же башкача айтканда Чүй дарыясына кирген жок. Булардын колунда курулма жайгашкан аймакты тазалоо боюнча суу чарба башкармалыгы менен түзгөн келишими бар экен. Чек ара сызыгы эч кайда жылып кеткен жери жок. Ал эми тазалоо иштеринин мыйзамдуулугун мекеме аралык комиссия текшерип жатат. Ошол чыгарган корутундусунун негизинде чечим чыгат».

Жогорку Кеңеш 2014-жылы Чүй дарыясынын табигый нугун сакташ үчүн суу бойлой кеткен жээктерде кум менен шагыл казуу иштерине тыюу салуу боюнча өкмөткө сунуш киргизген.

Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо боюнча келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG