Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Апта: Эгемендиктин жыйырма алтынчы жылы, "Харвинин" кесепети


31-августта өлкө эгемендикке ээ болгонунун 26 жылдыгы белгиленди.
31-августта өлкө эгемендикке ээ болгонунун 26 жылдыгы белгиленди.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

30-августта Бишкекте өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын жана саясий кырдаалды талкуулаган “Эркиндик форуму” өттү. Анын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдошту. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы депутат Феликс Кулов мамлекет башчыны сегиз жылга эркинен ажыратылган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Мекенчил» партиясынын лидери, 11 жарым жылга кесилген Садыр Жапаров сыяктуу саясий айыпкерлерге кечирим берүүгө жана «Заноза» сайты менен журналисттерге каршы соттук доолорду чакыртып алууга үндөштү.

"Эркиндик форумунун" катышуучулары.
"Эркиндик форумунун" катышуучулары.

Бишкектеги «Саясий туткундарды коргоо» комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев ушул тапта 25 саясий айыпкер камакта жатканын эске салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналисттер бийликтен сестенип, "мени да соттоп салбасын, мага да миллиондогон доо койбосун деп унчукпай, соттон, бийликтен коркуп калды" деген маселени көтөрдү.

Буга чейин президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты жабылган. Жакында эле көз карандысыз “Сентябрь” телеканалы соттун чечими менен ишин токтотту.

Коомдук биринчи каналдын директору Илим Карыпбеков сөз эркиндигин коргоо менен катар эле журналисттерди жоопкерчилигин көтөрүүнү туура көрөт. "Бирөөлөр сот алдында жоопкерчиликке тартылат, айрымдары коомчулук алдында сындалат" - деген улуттук каналдын жетекчиси ушинтип отуруп медиа чөйрө бир калыпка түшөт деген көз карашта.

Соңку үч жылда бир катар медиа каражаттарына жана оппозициялык активисттерге Башкы прокуратура миллиондогон сомдук доо койгон. 27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Human Rights Watch укук коргоо уюмунун өкүлү Мира Ритманн эл аралык коомчулук Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалы кескин начарлап баратканына тынчсызданып турганын «Азаттыкка» курган маегинде баса белгиледи.

"​Кыргызстанда кандай гана жагдай болбосун, сөз эркиндигин сыйлашы керек. Айрыкча, шайлоонун алдында бул зарыл" деген Ритманн кыргыз бийлиги сөз эркиндигинин сакталышына, жарандардын өз ойлорун эркин билдирүүсүнө кепил болууга милдеттүү экенин эскертет.

“Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк кыймылы” (FIDH) жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун (OMCT) альянсы кыргыз бийлигине кайрылып, "Адилет" укук клиникасынын төрайымы, мурдагы депутат Чолпон Жакупова, көз карандысыз "Заноза" сайтынын башкы редактору Дина Маслова жана журналисти Нарын Айыпты жана бардык укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга, сот иштерин эл аралык мыйзамдарда каралган адилет сот укугун сактоо менен жүргүзүүгө үндөйт.

Эл аралык уюмдар 2003-жылы кабыл алынган "Президенттин ишмердигин кепилдөө" жөнүндө мыйзам Конституцияга каршы келип, сөз эркиндигин чектегендиктен аны жокко чыгарууга, БУУнун укук коргоочулар тууралуу декларациясын урматтоого, Кыргызстан адам укуктары жаатында ратификациялаган эл аралык документтерге ылайык, кандай болбосун кырдаалда адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди урматтоого чакырат.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму өткөн аптада жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөргө" кирген. 180 өлкөнүн ичинен былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-сапка түшкөн.

Абактагы Текебаев шайлоодон четтетилди

30-августта Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүү үчүн чогултулган кол тамгаларды жараксыз деп тапты. Ушуну менен оппозициялык саясатчы президенттик жарышка чыгуу мүмкүнчүлүгүн иш жүзүндө толук жоготту. Эми БШК Жогорку Соттун чечимин добушка коюп, расмий түрдө жоболоштуруусу гана калды.

17-августта Боршайком "талапкер кол тамганы чогултууга чыгымдаган акчаны шайлоо фонду аркылуу төлөгөн эмес" деген негизде Текебаевге берилген жарандардын колдорун жараксыз деп чечкен. БШК 18-июндан 17-августка чейин талапкердин шайлоо фондунун эсебине акча түшпөгөнүн аныктаган.

Текебаевдин ишенимдүү өкүлү Канатбек Азиз абакта жаткан талапкердин паспортун cот бербей койгондон кийин шайлоо фондуна акча которулбай калган деп түшүндүрүүдө.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «кол тамгалар коюлган кагаздын акчасы шайлоо фонду аркылуу төлөнбөй калганы боюнча кемчилик кетип калган. Бул кемчилик боюнча БШК эскертүү менен чектелсе туура болмок” – деп чечмеледи “Азаттыкка”.

7-августта «Ата Мекен» партиясынын лидеринин талапкерлигин колдогон 38 миң 643 кишинин колу коюлган баракчалар БШКга тапшырылган эле.

Саясий эксперттер арасында оппозициялык депутаттын камалышы жана анын шайлоодон четтетилишин – бийликтин каршылашынан арылуу аракети катары баа бергендер да бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Бишкекте өткөн форумда "массалык маалымат каражаттары системалуу түрдө жабылып жатса, сөз эркиндиги, чогулуу эркиндиги басмырланып жатса, саясий биринчи атаандашы түрмөдө калып, шайлоого бара албаса - андай шайлоонун легитимдүүлүгү болобу?" деген суроону койду.

Эл аралык уюмдар Текебаевдин камалышын, сөз эркиндигин, тынч митинг-жыйындарга чогулууну чектөөнү "шайлоонун гана контекстинде карайбыз деп айта башташты".

Президенттик шайлоо алдындагы Кыргызстандын саясий турмушуна коңшу өлкөлөр дагы жакындан көз салууда. Казакстандык саясат таануучу Толгонай Умбеталиева кыргыз бийлигинин "саясий маселелерди, саясий атаандаштыкты жөнгө салууда авторитардык ыкмага көчүшү жакшы тенденция эмес" - деп баалайт. "Борбор Азия өлкөлөрүндөгүлөр Кыргызстандагы кырдаалга кызыгуу менен байкоо салабыз, биринчи кадамдарды Кыргызстан жасап жатат, Борбор Азияда демократия мүмкүн деп үмүттөнөбүз" - дейт алматылык экперт.

Толгонай Умбеталиева.
Толгонай Умбеталиева.

​​

2010-жылы убакылуу өкмөттүн курамында бирге болгон Атамбаев менен бийликтин дарегине курч сын-пикир айтып келген оппозициялык депутат Текебаевдин ортосундагы ачык карама-каршылык туура бир жыл мурун башталган эле.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөн Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратуу, үй мүлкүн мамлекетке чегерүү жана жаза мөөнөтү аяктагандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. Эки саясатчыга орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деген негизде кылмыш иши козголгон.

Эгемендик майрамы

31-августта өлкө эгемендикке ээ болгонунун 26 жылдыгы белгиленди. Президент Алмазбек Атамбаев өз элин мамлекет башчы катары акыркы ирет куттуктады. Мамлекет башчы оболу жети жылдагы жетишкендиктерди тизмектеп, кендердин сатылышына бөгөт коюлуп, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, жолдорду оңдоо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулганына басым жасады. «Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты коргогонду үйрөндүк. Эми анын бардыгын алдыга жылдырышыбыз керек» - деген Атамбаев бул аралыкта коом дагы бир топ өзгөргөнүн белгилей кетти.

Президент жарым сааттык сөзүндө утурлап келаткан шайлоого дагы токтолду. Кээ бир саясатчылар башкаруучу социал демократтар партиясы көрсөткөн талапкер шайлоодо жеңип кетпеши үчүн өлкөдө башаламандык уюштуруудан кайра тартпай турганын айтып, азыртадан эле административдик ресурс колдонулат деп чуу салып жаткандарды сындады. Атамбаев коомдогу туруктуулукту бузам дегендерге каршы катаал чара көрүлөрүн да эскертти.

"Кандай гана административдик ресурс болбосун, шайлоо участкасына сиз менен чогуу губернатор, аким же мектептин директору кирбейт. Тескерисинче, шайлоочу менен урнага олигарх талапкердин берген акчасы кошо кирет" - деген мамлекет башчы элдин добушун сатып алууга миллиондогон акча таратыла тургандыгы боюнча маалыматтар бардыгын айтты.

Атамбаевдин кайрылуусу саясат менен коштолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

Өткөн жылы эгемендикке арналган майрамдык салтанатта Атамбаевдин ачуу сынын уккан экс-президент Роза Отунбаева сахнада турган жеринен басып кеткен эле.

31-августта Отунбаева «Азаттыктын» студиясында курган маегинде Атамбаевдин жана башкалардын эмгегине тарых өз баасын берет деп айтты. ​"Бирок жасалган иштердин баарын чийип, такыр эле жок кылып, “мен эле бармын тарыхта” деген чоң жаңылыштык! Мен айтышпайын дедим. Баарына тарых өзү баа берсин" - деген Отунбаева экс-президент катары эгемендикке арналган салтанатка чакырылбаганын да кошумчалаган.

Отунбаева: Баарына тарых баа берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:07 0:00

​​

26 жылдык эгемендигин белгилеп жаткан Кыргызстан чындап "демократия аралчасына" айлана алдыбы деген суроого коомчулуктун пикири ар кандай.

Саясат таануучу Аида Алымбаева өлкө 26 жылдык тарыхында "шайлоо институту, парламент институту, маалымат каражаттары Кыргызстан демократиянын аралчасы боло турган деңгээлде өнүгө алган жок деген көз карашта. Эксперт мындай кырдаалдын жаралышын "Конституцияны улам-улам өзгөртүү менен бийлик аны өзүнө ылайыкташтырганынан" көрөт.

Мамлекеттик ар кыл кызматтарды аркалап жүргөн коомдук ишмер Алмаз Кулматов өлкө жетекчилиги эркиндикти эңсеген элдин улуттук кайра жаралуу демин пайдалана албаганына өкүнөт. "Элдин күүсү жоргонун жүрүшүндөй” деп коет. Элдин жаратмандык күчтүү идеясын, интеллектуалдык энергиясын, демин идеологиялык максатта колдоно алган жокпуз. Бул – чоң өксүк болду" деген Кулматов 26 жылда өз алдынча экономикалык система түзө алган жокпуз" деген ойдо.

Аны менен катар эле Кыргызстанда бийликти тынч жол менен өткөрүү салты калыптана баштады беп баа бергендер дагы бар. Алматылык саясий аналитик Досым Сатпаевдин пикиринде, кыргыз президентинин өз каалоосу менен мөөнөтү бүткөндө бийликти тапшырам дегени чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн адатта сырткаркы көрүнүш. "Борбор Азия өлкөлөрү үчүн алмашкыс лидерлер каза болгондо гана бийлик өзгөрбөсө, башка жол менен өзгөрүшү кыйын. Башка кырдаалды эске албаганда да Кыргызстандын дал ушу прецедентин абдан жакшы көрүнүш катары баалоого болот" - дейт Сатпаев.

Роза Отунбаева 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанды жетектеп, 2011-жылы президенттик шайлоодо 62% добуш алган Алмазбек Атамбаевге бийликти 1-декабрда өткөрүп берген.

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ага чейинки эки президент Аскар Акаев 2005-жылкы жана Курманбек Бакиев 2010-жылкы күч менен бийлик алмашуудан кийин өлкөдөн качып кетишкен.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

Америкалыктар «Харвинин» кесепеттерин жоюуга киришти

АКШда "Харви" деп аталган урагандан жабыркаган Техас жана Луизиана штаттарында реконструкция иштерине Ак үй Конгресстен 7,85 млрд доллар сурады. Администрациянын бул сунушун Конгресстеги эки партия тең колдоору айтылууда.

Ишембиде президент Трамп жубайы менен Хьюстонго кайра барып, кырсыктан жабыркагандар менен жолугушту. Апта башындагы сапарында Трамп колдоочулары менен жолугуп, бир нече жолугушууларды өткөрүп кайра тартканы бир топ нааразылык жараткан.

Бул жолу Трамп Техастын тургундары менен жолугуудан баштап, жабыркагандарга жардам берчү борбордун иши менен таанышты. Ал жердегилер менен жылуу маанайда сүлөшүп, колдоосун билдирди.

"Баары мыкты иштеп жатышат. Адамдар алар үчүн жасалган эмгекти баалашты" - деген Трамп куткаруучулардын ишин жогору баалады.

Президент Трамп жубайы менен. Техас, 29-август, 2017-жыл
Президент Трамп жубайы менен. Техас, 29-август, 2017-жыл

Андан соң АКШ президенти Луизиана штатындагы Чарльз көлүнүн жээгинде куткаруучулардын өкүлдөрү, Конгресстин делегация мүчөлөрү менен жолугушту.

Трамп кырсыктын кесепеттерин жоюуга жеке өзү бир миллион доллар бере турганы буга чейин айтылган.

Президенттин ички коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Том Боссерт коомдук инфраструктура, 100 миңдей турак жай жабыркаганын билдирди. Катуу бороон-чапкын менен коштолгон суу каптоодон кеминде элүү киши каза тапты. Бир миллиондон ашуун адам үй жайын таштап чыгууга мажбур болду.

Апта соңунда дагы деле 20 миңдей үй жай суу алдында калганы кабарланды. Техаста 450 миңдей турак жай ээлери жардам сурап бийликтерге кайрылды.

Суу каптаган жерлер.
Суу каптаган жерлер.

Алгачкы эсептөөлөргө караганда, «Харвинин» кесепеттерин жоюуга сарпталчу каражат 2005-жылкы «Катрина» ураганынын чыгымдарына жакындайт. 12 жыл мурунку кырсыкта Жаңы Орлеан менен Луизианада 1800гө чукул кишинин өмүрү кыйылган. Калыбына келтирүү иштерине 110 миллард доллардан ашуун акча кеткен.

Кырсыктан кийинки чыгымдар боюнча ар кандай сандар айтылууда, маселен, Техастан шайланган демократ сенатор Шила Жексон Ли 150 миллард долларлык мыйзам долбоорун даярдап жатат.

Штаттын губернатору Грег Эбботт масштабдуу реконструкцияга 125 миллиард доллар зарылдыгын шаршембиде билдирген.

Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Пит Сешнс менен Леонард Лэнс болсо жабыркагандарга 50-80 миллиард доллар керектигин Fox Business Network каналына айтышкан.

Бир жума мурда башталган ураганга 4-даража ыйгарылган. "Харви" катуу жаан-чачын менен коштолуп, Хьюстон шаары жана башка аймактардын айрым райондору суу астында калды. Айрым райондордо суунун деңгээли бир метрден ашты.

Ушул тапта куткаруучулар суу алдында калгандарды издөөнү улантууда, бул иш эки аптага чейин созулушу мүмкүн. Ага тартылган 14 миң аскерге кошумча Улуттук гвардиянын 10 миңдей аскери жиберилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG