Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

ЖЭБ чыры: Авазовдун ачык каты


Сооронбай Жээнбеков жана Салайдин Авазов. 2-май, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Салайдин Авазов. 2-май, 2017-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун ачык каты жарыяланды.

Анда Авазов күнөөсүз жерден камакка алынганы жана ага байланыштуу коомчулукка бурмаланган маалыматтар таркап жатканы айтылган.

Анын адвокаты Салайдин Авазов кол койгон келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбегенин жана модернизациялоо долбоору өлкөнүн саясий жетекчилигинин көзөмөлүндө болгонун айтты.

Ал эми депутаттык комиссиянын корутундусунда келишимге кол койгон кызмат адамдарынын жоопкерчилиги көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду.

Кайрылуунун өзөгү

Салайдин Авазов өз кайрылуусунда ал "Электр станцияларын" жетектеген учурда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча 2013-жылы Кытай тарап менен кол койгон контракттык макулдашуу боюнча түшүндүрмө берди.

Анда Авазов кышта электр энергиясынын таңкыстыгынан улам ЖЭБде электр кубаттуулугун иштеп чыгууга муктаждык болгонун белгилеген. Ошондой эле ал бул курулуш долбоорунун негиздемеси макулдашууга ылайык иштелип чыкканын жана анда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун баяндаган.

Салайдин Авазовдун адвокаты Назгүл Алымова келишим тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өткөнүнө жана долбоорду аткаруу өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө болгонуна токтолду:

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору ошол кездеги мамлекет жетекчилеринин, президенттин көзөмөлүндө болгон.

- Бул иштин негизги жагдайы эле - Авазовдун ошол убакта "Электр станциялары" ишканасын жетектеп турганы. Ошондо контракттык макулдашуу түзүлгөн. Ага бул киши кол койгон. Андан кийин насыялык макулдашууга финансы министри кол койгон. Ошондон көп өтпөй эле ал киши кызматынан кеткен. Андан кийин кандай жумуштар аткарылганын жана эмне болгонун биз билбейбиз. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору ошол кездеги мамлекет жетекчилеринин, президенттин көзөмөлүндө болгон. Макулдашууга бүт баары макул болгон. Анын техникалык негиздемеси да макулдашуунун шарттарына туура келет. Долбоорду ишке ашырууда эң төмөнкү бааны кабыл алышкан. Негиздемеде кандай жумуштар аткарылышы керек экендиги жазылган. Ошонун баарын карап туруп, анан ага кол коюлган. Эми анын туура аткарылышын кийинки келген жетекчилер карашы керек болчу да?

УКМК Салайдин Авазовдон Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча козголгон кылмыш иши боюнча коррупцияга байланыштуу шекшип жатканын жарыялаган. Атайын кызмат Авазовго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирген менен анын адвокаты козголгон иш "Коррупцияга көмөктөшүү" беренеси боюнча экенин белгилеген.

Тизмеде кимдер бар?

Бул ишти иликтеген убактылуу депутаттык комиссия ишке катышы бар кызмат адамдарынын саясий жоопкерчилигин териштирип жатат. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева жагдай боюнча мындай деди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Салайдин Авазовдун кайрылуусу биздин корутунду даяр болуп калгандан кийин жарыяланыптыр. Аны окудук. Биздин корутундуда келишимге кол койгон кызмат адамы катары Салайдин Авазов бар. Ал жерде аталган келишимге кол койгон ар бир кызмат адамынын жоопкерчилиги көрсөтүлдү. Кийинки насыялык макулдашууга кол койгон мурдагы каржы министри Ольга Лаврова, ага ыйгарым укук берген ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да бар. Андан кийинки өкмөт башчылар да бар. Темир Сариевдин да фамилиясы жүрөт. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев да ошол тизмеге киргизилди. Келишим түзүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгы жакшы эске алынбай калганы корутундуда бар.

Ошол эле учурда 2015-жылдагы өкмөт башчы Темир Сариев ЖЭБди жаңылоо долбоорун башкаруу жана көзөмөлдөө "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы менен "Улуттук энергохолдинг" компаниясына жүктөлгөнүн билдирди. Темир Сариев ошол кезде жалпы көзөмөлдү президенттин аппараты жүргүзгөнүн айтты:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Ал жерде бул долбоорду ишке ашырыш үчүн оператор болуп Энергетика министрлиги менен "Электр станциялары" ишканасы бекитилген. Анан алардын үстүнөн жалпы көзөмөлгө ошол убактагы президенттик администрация түздөн-түз катышып, кураторлук иш алып барган. Анан депутат Жамангулов "Сариевдин маалында курулуш иштери бүткөрүлгөн" дегендей айтыптыр. Бул туура эмес. Анын маалыматы жок окшойт. Мен ал кезде өкмөттө жок болчумун.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов эч жакка качып кетпөөгө кепилдик берүү менен жаш курагына жана кызмат абалына байланыштуу ага эркиндикте жүрүп тергөөгө сурак берүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн.

Салайдин Авазов камакка алынганга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган. Авазов менен анын "Электр станциялары" ишканасындагы мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров да камакка алынган. Аларга удаа эле "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев да кармалган болчу.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция жана андагы аварияга жол берген шалаакылык боюнча жалпысынан мурда иштеп кеткен жана кармалганга чейин иштеп жаткан жети кызмат адамы камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG