Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Меркелге кайрылган саясий акция


Бишкектеги Германиянын элчилигинин астына "Саясий туткундарды коргоо" комитети акция уюштурду.

Саясий акциянын катышуучулары ачык эшик күнүнө байланыштуу Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин элчилерине кайрылуу жолдошту. Активисттер "президент Алмазбек Атамбаев бийликке каш кайтарган саясатчыларды абакка отургузууда" деген негизде Евробиримдикти Кыргызстанды саясий жана каржылык колдоодон баш тартууга чакырды.

КСПД фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков акцияны президентти каралоо деп бааласа, "республикачы" депутат Руслан Казакбаев аны "эл аралык укукту түшүнбөстүк жана өлкө кызыкчылыгына каршы аракет" деп мүнөздөдү.

Меркелге кайрылуу

Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин активисттери саясий укуктардын бузулушун айтып Германиянын Бишкектеги элчилигинин астына нааразылык акциясына чыгышты. Алар "Меркел айым, Кыргызстанда акыйкаттык калган жок", "Германия, президент Атамбаевди колдоону токтот" жана "Саясий туткундарга эркиндик" деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүп турушту.

Бул комитеттин төрагасы Сапар Аргымбаев Евробиримдик Кыргызстандагы саясий укуктардын бузулушуна көңүл бурушу абзел экенин белгиледи:

- Евробиримдик, анын ичинде Германиянын өкмөтү президент Алмазбек Атамбаевдин режими менен кызматташып, аны саясий жана каржылык жактан колдоону токтотушу керек. Эмне үчүн? Анткени Кыргызстанда бир жарым жыл ичинде 25 саясатчы камакка алынып, аларга негизсиз жерден оор айыптар коюлуп, сот өкүмү чыкканга чейин эле караланып жатат. Анткени Атамбаев шайлоонун астында саясий талааны тазалап, өзүнө жаккан, өзүнө ыңгайлуу талапкерди өткөрүүгө аракеттенип жатат. Мындай көрүнүшкө биз каршыбыз. Ошон үчүн биз ушундай талаптар менен бул элчиликтин астына чыктык.

Ошол эле кезде камактагы саясатчылардын тарапкерлери Евробиримдик жана анын курамындагы Германиянын өкмөтү Кыргызстандагы адам укугуна байланыштуу абалга анчейин көңүл бөлбөй жатканын сынга алышты.

"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, аны президент Алмазбек Атамбаевге таасир этүүгө чакырды:

- Жалган жалаа менен айып коюлуп, айрымдарына негизсиз соттук чечимдер чыкты. Шайлоонун астында саясий талааны тазалоо максатында учурда жалпысынан 25 саясатчы абакка отургузулду. Ошондуктан Евробиримдик чынында эле адам укугу менен демократияны туу тута турган болсо, анда президент Атамбаевди персона нон-грата деп жарыялашы керек деп эсептейбиз. Биз Ангела Меркел айымды Атамбаев режимин колдоону токтотууга чакырабыз. Адам укугу бузулган мамлекетке гранттык жардамдар берилбеши керек. Ошондой эле саясий куугунтукка тиешеси бар Кыргызстандагы башка жетекчилерге дагы Европага виза берүүгө тыюу салынышы кажет.

Доомат жана каралоо

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган мындай сынды курулай доомат жана кезектеги каралоо катары сыпаттады. "Оор кылмыштарга айыпталган иштерге саясий боёк берип, камактагы саясатчыларды "саясий туткундар" деп атоонун өзү туура эмес" дейт депутат Рыскелди Момбеков.

Депутат Момбеков активисттер койгон талаптарды жосунсуз жорук катары кабыл алды:

- Бул эми президенттик шайлоонун астында мамлекет башчысына буга чейин болуп жаткан каралоонун эле уландысы. Мунун артында дагы кайсы бир саясий күчтүн карааны турса керек.

Парламенттик оппозиция саналган "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев активисттердин чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөргө өлкөнүн ичиндеги адам укугуна байланыштуу абал боюнча кайрылуусун сынга алды.

Руслан Казакбаев кайрылууда президентти айыптап, анын негизинде өлкөгө саясий жана каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотуу чакырыгын мамлекетке каршы саясий опузалоо деп мүнөздөдү:

- Сырттан гранттар, насыялар келип, биздин улуттук деңгээлдеги долбоорлор ишке ашып жатат. Анан эми мына ушундай жагдайда биздин айрым жарандар башка бир өлкөнүн элчилигинин астына барып алып, "Кыргызстанга акча бербегиле" дегени бул - мамлекетке жана коомдук кызыкчылыкка каршы чыгууга барабар иш. Анан дагы жалпы элибиз шайлаган президентке шек келтирип, аны "персона нон-грат" кылгыла" деп жатышканы терс көрүнүш. Бул биринчиден, эл аралык укукту түшүнбөгөндүк жана ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдай. Мунун артында эмне турганын иликтөө керек? Муну саясий опузалоо катары кароо керек.

Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Ошол эле учурда абакта жаткан саясатчылардын таламын талашкандар "күнөөсүз жерден камалып, бийликке каршы сүйлөгөн тилинин азабын тартып жатканын" айтып чыгышты. 12 жылга соттолгон саясатчы Кубанычбек Кадыровдун жубайы Жаңыл Кумашова акыйкат издей берип, эми каякка кайрыларын билбей турганын кошумчалады:

- Бүгүн эми бул жакта ачык эшик күнү экен. Мына ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул жакка дагы үнүбүздү жеткирели деген максатта Германиянын Кыргызстандагы элчилигине келдик эле. Буга чейин чындыкты издей берип, таманыбыз тешиле турган болду. Акыйкатты айта берип, даттана берип, бирок аныбызды эч ким укпады. Сот акыйкатсыз чечим чыгарып, биздин күйөөлөрүбүздүн алдын 20 жылга, артын төрт жылга кесип жиберишти. Тергөөдө жана сотто алардын айыбын далилдей турган фактылар болгон жок. Алар бийликке каршы айткан эки ооз сөзү үчүн ушинтип азап тартып жатышат.

Немис элчилигинен акциянын катышуучуларынан кабар алган өкүл болгон жок. "Саясий туткундарды коргоо комитети" бул кайрылуу Германиянын элчилигинен тышкары, Кыргызстандагы Евробиримдикке мүчө башка мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнө дагы жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Активисттердин ЕБга койгон талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG