Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Өкмөттүн "тагдыры" өкчөлө баштады


Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү.
Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү.

Парламенттин тиешелүү комитеттеринде өкмөттүн былтыркы ишмердиги жөнүндөгү отчету каралбай калды.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңеште өкмөттү берген отчетунун негизинде же башкаруучу коалицияны кулатуу аркылуу кызматтан кетирүү планы иштелип жатканы айтылууда. Бул эки план тең парламенттеги саясий топтордун ич ара сүйлөшүүлөрүнүн негизинде гана аныкталып, өкмөт башчысын угуп, анын саясий жоопкерчилигин кароо маселеси четте калып кетип жатканы белгиленди.

Премьер-министрге берилчү суроо көп

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитети өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердигин карап, премьер-министрдин отчетун укмак.

Бирок күн тартибиндеги маселе комитетте каралбай, кийинкиге жылдырылды. Буга комитет жыйынына премьер министр Сапар Исаков эмес, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын келиши негиз болду.

Парламенттин отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев ал жетектеген комитетте да өкмөт аткарбай келген иштер боюнча суроолор өтө эле көп экенин белгиледи:

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- Энергетика тармагы менен тоо-кен байлыктары боюнча маселелер каралат. Анын ичинде эң эле талуу маселелер -"Кумтөр" долбоору, Бишкек ЖЭБин оңдоп-түздөөнүн жыйынтыгы, "Датка-Кемин" бар. Өкмөттүн ишмердигине баа ар бир тармактык комитеттин берген чечимдерин жана токтомдорун аткарганына жараша болот. Мисалы үчүн, биздин комитетте эле "Кумтөр" алтын кен долбоору боюнча беш токтом чыккан. Бирок өкмөт анын бирин да аткарган эмес. Анан "биз берген тапшырмалар аткарылды" деп добуш бере албайбыз да. Парламенттеги тармактык комитеттерде каралып, тапшырма берилип, бирок өкмөт тарабынан аткарылбай келген ошого окшогон чечимдер аябай көп.

Күндүн экинчи жарымында парламенттин укук тартиби жана кылмыштуулук боюнча комитетинде өкмөттүн отчетунун алкагында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев укук коргоо органдарынын ишмердиги боюнча баяндама жасады. Бул жыйынга да премьер-министр Сапар Исаков катышкан жок.

Буга чейин өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскарбек Шадиев кызматынан кетерин жарыялаган. Мындай көрүнүштөрдөн улам "өкмөт кетери белгилүү болуп калды" деген пикирлер арбын.

Жолдо калган жоопкерчилик

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков жоопкерчиликти карабай туруп эле өкмөттү алмаштырууну көздөгөн ыкма адат болуп калганын айтты:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Өкмөттү кетирүүнүн эки ыкмасы бизде калыптанып калды. Биринчиси - кайсы бир фракция коалициядан чыгып, ошону менен башкаруучу көпчүлүк ыдырап, коалициялык өкмөт тарайт. Экинчиси - "анын отчету каралат" деп жаткан мезгилде эле өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп, "жаманатты болуп кеткенден көрө, министрлер кабинети өзүңөр эле тарап кеткиле" деген талап коюлат. Анда коалиция тарабай эле, өздөрүнүн ичинен өкмөт башчылыкка бир адамды тандап, коюп алышат. Бул эки ыкма менен тең, өкмөттүн маселеси жең ичинен чечилип, саясий оюндардын негизинде көмүскө ишке ашат. Бизде калыптанып калган бул эки ыкмада тең ачык-айкын өкмөттүн ишин талдап, ага акыйкат баа берүү болбойт. Бул жерде өкмөттү кетирип, аны толук же жарым-жартылай алмаштырууну көздөгөн гана максат болот.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова парламенттеги учурдагы "саясий аба ырайга" караганда, өкмөттүн маселеси чечилип калды дейт. Анын болжолунда, парламенттеги саясий топтордун өз ара сүйлөшүүлөрүнө караганда, өкмөттү отчетуна байланыштырып же башкаруучу коалицияны кулатуу аркылуу кетирүү планынын экөө тең иштеп жатышы мүмкүн.

Депутат Жылдыз Мусабекова кийинки өкмөттө жоопкерчилик болуш үчүн азыркы премьер-министрди угуп коюу ашыктык кылмак эмес деген пикирде:

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

- Азыркы өкмөт "оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго барсаң деле өзүң өлөсүң" дегендей абалда турат. Парламенттеги жалпы маанайга караганда, азыркы өкмөттө башка тандоо калган жок. Азыркы учурда эки вариант тең каралып жатат. Биринчиси - чукулунан эле башкаруучу коалиция ыдырап кетиши мүмкүн. Анда өкмөттүн отчет беришинин эч кимге зарылдыгы жок болуп калат. Экинчиси болсо - өкмөт отчетун берип, ошонун негизинде анын маселеси чечилет. Негизи бул жерде кайсы бир топтор үчүн биринчи вариантты ишке ашыруу жеңил. Бирок негизи кийинки өкмөт жоопкерчиликтүү болушу үчүн азыркы өкмөт башчынын отчетун угуп, ага суроо берип, анан ошонун негизинде гана өкмөттүн ишмердигине "оң" же "терс" деген баа берилип, ошол боюнча ал жооп берсе жакшы болмок.

Коалицияны кулатуу ыкмасынын артыкчылыгы

Анткен менен өкмөттүн отчетун угуп, ага кайсы бир саясий жана жеке кызыкчылыктардын чегинде эмес, мамлекеттик деңгээлде баа берүүгө Жогорку Кеңештин азыркы депутаттарынын кудурети жетет деген ишеним аз. Мындай көз карашты тутунган саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов өкмөттү анын отчетуна баа берүү аркылуу эмес, башкаруучу коалицияны бузуу жолу аркылуу кетирүүнү жактайт:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Азыр өкмөттү эч ким таяк менен кубалап, кетирбейт. Аны кетирүүнүн мыйзамдуу механизми бар. Бул отчетту кабыл албай коюу же коалициянын ыдырышы. Бирок парламентте өкмөттүн отчетун карап, добуш берүүгө келгенде саясий чайкоочулук болуп кетерин баарыбыз эле көрбөдүкпү. Парламент өкмөткө ишеним көргөзбөө боюнча добуш берерде эле түнү менен депутаттардын позициялары өзгөрүп, эртеси маселе теңирден тескери жагына чечилген учурлар болгон. Бул үчүн соңку тарыхты кылчайып карап коюу жетиштүү. Ошондуктан Баш мыйзамда каралган башкаруучу коалицияны таратуу аркылуу өкмөтү кетирүү ченеми натыйжалуу ыкма.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча мыйзамга ылайык, өкмөттүн жылдык отчету бардык комитеттердин кароосунан өтүп, тиешелүү корутундулар чыгарылат. Анын негизинде парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн ишмердигине баа берилет. Эгерде анын иши канааттандырарлык эмес деп табылса, анда көпчүлүк добуш менен өкмөт курамы кызматынан кетет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG