Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Газ кризисин “Газпром” да чече албай жатат


Оштогу газсыз күндөр.
Оштогу газсыз күндөр.

Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Орусиянын “Газпром” компаниясы да расмий Ташкенди ийге келтире албай жатат.

Бул тууралуу өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев билдирди. Талдоочулар “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу учурунда газды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Өзбекстан менен түзүлгөн былтыркы келишимди жетиштүү мөөнөткө камсыздоо жагы каралбай калганын сынга алышууда.

Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына жаратылыш газын берүүнү токтотконуна бир айга чукулдады. Кыргызстандын өкмөтү расмий Ташкен бул боюнча ушул күнгө чейин эч кандай түшүндүрмө бербей жатканын айткан.

Кедеринен кеткен кепилдик

Андан соң газды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү “Кыргызгаздын” жаңы кожоюну жүргүзө турганы маалымдалган. Бирок өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев “Газпромдун” да бул маселени чечүүгө тиши өтпөй жатканын НТС телеканалындагы маегинде билдирди:

- Биз ушу кезге чейин эч кандай түшүндүрмө ала элекпиз. Мен өзүм Өзбекстандын өкмөт башчысына газ берүүнү улантууну суранып кат жаздым. Жооп жок. Мында ар кандай жоромолдор болуп жатат. “Кыргызгазды” “Газпром” алган соң, ал газ берүүгө жооп бериш керек. Бирок менин байкашымча ушундай кубаттуу “Газпром” да бул маселенин төркүнүн түшүнө албай турат. Башкача айтканда биз алардын таасиринин жардамы менен да түшүндүрмө ала албай жатабыз.

Өзбекстан менен газ келишими 2014-жылдын 15-апрелине чейин түзүлгөн. Бирок бул келишим газ алуучу тараптан баш тартуу болбогон шартта жана төлөмдөр өз учурунда жүргүзүлгөн учурда автоматтык түрдө улантыла бермек. Анткени Кыргызстандын газ боюнча Өзбекстанга карызы болгон эмес. Бирок эки тараптуу эрежеге ылайык, газ таратуучу компаниянын кожоюну алмашкан шартта Өзбекстан газ берүүнү токтотууга укуктуу.

Жогорку Кеңештин отун энергетика боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Кыргызгаз” боюнча келишимди бекитүүдө газ үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик болгонун эске салды:

- Биз мына ошол келишимди бекитип жатканда аны бизге алып келген жетекчилер газ үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик бар экенин айтышкан болчу. Бирок жыйынтык андай болгон жок. Демек мына ошол келишимди парламентке көтөрүп келген өкмөт мүчөлөрү жана “Кыргызгаздын” жетекчиси жооп берүүгө тийиш.


“Газпромго” чаң жугузбаган саясат

Анткен менен талдоочулар газ берүүнүн токтотулушунда чоң саясий оюн бар экенин божомолдошууда. Кремлчил багыттагы экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев өкмөт мына ушундай жагдайдын алдын алса болмок деген ойдо:

- Бул жерде “Кыргызгаздын” жетекчилиги жана өкмөт жактан чоң кемчилик кеткен. Себеби мына ушул жагдайды алдын алып, Өзбекстан менен келишимди узартуу керек болчу. Анткени келишим 15-апрелде эле бүтүп жатат. Бирок газ тармагын “Газпромго” өткөрүп берүү 1-2 айды алышы мүмкүн экенин алдын-ала эле билишсе болмок. Себеби “Газпром” укуктук жактан келишимге кол койгону менен газ чарбасын толук өткөрүп алуу жагы создугуп кетишин эске алуу керек болчу.

Ошол эле кезде энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишимде “Газпром” газды үзгүлтүккө учуратппоо боюнча кепилдик бергенин белгиледи:

- Газ маселеси боюнча ал келишимде “Газпромдун” милдеттери жазылган. Ага ылайык, аталган компания газды берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш керек эле. Анан эми ушундай бизден көз каранды болбогон жагдай болуп калат экен. Азыр мына ошол газды калыбына келтирүү боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Орусиялык “Газпром” компаниясы Өзбекстанда газ чыккан эки кенди иштетет. “Кыргызгазды” сатып алуу боюнча келишимде “Газпром” “Өзбектрансгаздан” сыйгалыштыруу аркылуу алган газын Кыргызстандын түштүк аймагына бермек. Бирок мына ошол маселелер жеткиликтүү иштелип чыкпагандыктан газ берүүнү калыбына келтирүү дагы көп убакытка создугушу мүмкүндүгү айтылууда.

XS
SM
MD
LG