Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Апта: чиеленген Кумтөр, саясатташкан Анапияев


Кумтөр ишканасы
Кумтөр ишканасы

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү аяктоого өкмөткө дагы бир ай убакыт берди. Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшү эмнеге саясатка айлантылды?

Кыргызстан менен Беларусту уруштурган өлүм

Криминалдык төбөлдөрдүн бири эсептелген Алмамбет Анапияевдин сөөгүнүн Минскиде табылышы кыргыз-беларус мамилесин ого бетер бузуп, эки өлкөнүн жетекчилигин “жүз карашпай” кала турган деңгээлге алып келди. Бул эки тараптын бири-бирине карата жасаган билдирүүлөрүнөн байкалып турат.

Кыргыз жетекчилиги эч кандай тергөө, сот иштери жүргүзүлбөй туруп эле, шектүү жагдайлары абдан арбын Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөлөрүнө таянып, расмий Минск кылмышкерлерди, Бакиевдерди жашырып жатат деп кескин айыптады. Мындай айыптоо багытындагы билдирүүлөр жана кайрылуулар президент Алмазбек Атамбаев жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан 26-февралда жасалды.

Беларус Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүү
Беларус Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүү

Расмий Минсктин жообу да күттүргөн жок. 27-февралда жарыяланган Минсктин жообунда кыргыз бийлигинин билдирүүсү кордоочу катары бааланып, цивилдүү мамлекеттин башчысы андайга барбайт деп белгиленген. Беларус ошондой эле ар бир адамдын күнөөсүн мыйзамдарга ылайык, сот аныктарын, кыргыз бийлиги болсо адилеттүү соттоого, өз жарандарынын укугун коргоого жөндөмсүз катары бааланган. Билдирүүдө кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү боюнча Беларустун тийиштүү органдары тергөө ишин жүргүзүп жатканын, ага эч кимдин аралашуусуна жол берилбей турганы белгиленген.

Расмий Минсктин бул билдирүүсүнө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ошол эле күнү жооп кайтарды. Анда Беларустун аймагында кыргыз криминалын жаап-жашыруу маселесин обу жок көп сөзгө айландырып жаткандыгы белгиленген.

"Беларус Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсү Минск Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондорду, анын арасында Жаныбек Бакиевди калкалоонун бардык аракетин көрүп жатканын айгинелейт" деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

Ошондой эле беларус жетекчилигинин дүйнөнүн көптөгөн цивилизациялуу мамлекеттери кабыл албаган имиджи бар экенин эскерткен Кыргызстан "цивилизациялуу мамлекет", "адам укуктарын коргоо", "сот адилеттиги" деп кыргыз тарапты "үйрөткөнү" эч бир орунсуз экенин да кошумчалады.

Кыргыз бийлиги үчүн Бакиевдерди кайтарып алуу азыркы кезде абдан эле ылайыктуу болмок. Анткени парламенттик шайлоо алдында экономика, финансы жана башка чөйрөлөрдөгү кемчиликтерди Бакиевдердин чуусу менен жаап, көңүлдү башка жакка бурууга жардам бермек. Ошондуктан кыргыз бийлигинин билдирүүлөрү саясатты көздөгөнү айтылууда.

Кыргызстандык белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев:

- Бул жерде саясий мотив бар деп айтууга туура келет. Анткени мындай кылмыштар көп жолу эле болуп жатат. Аны эч билдирбей эле Интерпол, тергөө органдары аркылуу өз ара келишип иштеп, иш далилденгенден кийин гана ачыкка чыгарып келаткан. Эми бул жерде Кыргызстандын өзүндө кылмыш ишин козгобой туруп, булардын баарын ачык жарыялап жибериштин өзү өзгөчө шайлоонун алдында саясат бар экенин билдирип турат.

Мукар Чолпонбаев кылмыш иши ачылбай туруп берген Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөлөрү мыйзамга туура келбешин кошумчалады. Айтмакчы, Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Галмамат Анапияев Алмамбеттин өлтүрүлүшүнө Гүлжигит Абилазизовдун тиешеси бар деген пикирин билдирип чыкты.

Кыргызстандын мурунку башкы прокурору Байтемир Ибраев Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшүн Кыргызстан чоң саясатка айлантып жиберди дейт:

- Аябай чоң саясат болуп кетти. Мындай болбош керек эле. Укуктук мейкиндик жагынан алганда биз тараптан мындай болбош керек эле. Бул аябай чоң саясат болуп кетти.

Байтемир Ибраев кыргыз тараптын таянганы жалгыз Абилазизовдун көрсөтмөсү болуп жатканын, эгерде ал андан баш тартса, мамлекет кандай абалда калат деген суроону койду.

Ишенимден кеткен "Центерра"...

26-февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин карады. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Кумтөр боюнча жаңы келишим боюнча маалымат берди. Оторбаевдин айтымында, 50-50% үлүштөрү бөлүнгөн биргелешкен ишкана түзүү боюнча “Центерра” менен сүйлөшүү аягына чыгып калды. Аны бүтүрүү үчүн дагы бир ай керек. Азыркы кезде чечилбеген эки гана маселе калды:

- Рекультивация жана жаңы финансылык модель боюнча иштер калды. “Центерра голд” боюнча жаңы аудиттинин натыйжалары 26-мартта чыгат. Ошондон кийин жаңы модель менен эсеп жүргүзгөнгө даяр болуп калабыз. Ошондон кийин толук документти биз алып келебиз.

Рекультивация же “Центерра” Кумтөр кенин казууда айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча да мунаса табылып жатканын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди:

- 150 млн. доллар боюнча сүйлөштүк. Аны сомго айлантканда 10 млрд. сомго жетип баратат. 20 млрд. сомдук арсарга үмүт артканыбыз жакшыбы, же кепилденген 10 млрд. алганыбыз жакшыбы? Бул деген компромисс.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан Кумтөрдө айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсептеп, “Центеррага” 22 млрд. сомдук доо койгон. Ал Кыргызстан сотторунда каралып жатат. Бирок сүйлөшүүлөргө байланыштуу сот создуктурулууда.

Башынан алдоо жана коррупцияга негизделген Кумтөр келишимдерине Кыргызстанда ишенич дээрлик жок. Жаңы түзүлүп жаткан келишимде да Кыргызстандын кызыкчылыгынын корголушуна кепилдик аз. Өкмөт негизги кепилдик катары биргелешкен ишкананын Кыргызстанда катталышын жана директорлор кеңешинин паритеттик негизде түзүлүшүн атап жатат. Бирок эң негизгиси, Кумтөр кенин иштеткен оперативдик башкаруу “Центерранын” колунда кала берип, ал дале чет өлкөдө жайгашары ишенбөөчүлүктү күчөтөт.

Ошондуктан жаңы келишим Кыргызстанга эч нерсе бербейт дейт депутат Улукбек Кочкоров:

- Убагында 67% бизде болуп, 33% аларда болгон. Бирок оперативдик башкаруу алардын колунда болгондуктан каалагандай иштетип келген. 270 млн. долларлык фабрикасын 452 млн. доллар деп жазып койгон. Эч ким каршы чыккан эмес. Өздүк наркы өсө берген киреше да алган эмеспиз, дивиденд да алган эмеспиз. 50-50% жеткен кезде да киреше болбойт. Себеби алар өздүк наркын өтө жогору кылып коюшат. Биз жөн эле бул жерде жел менен күрөшүп жатабыз.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр маселесин чечүүдө эки гана жол бар деп эсептейт:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Кумтөрдү чечүүдө эки гана жол бар: улутташтыруу же багынып берүү. Багынып берсек, анда кыргыз мамлекетинин алсыздыгын, жарамсыздыгын көрсөтүп, тарап кеткенибиз оң. Багынып берген болсок ушул залда кыргыз мамлекетин тараткан, аны жоготкон болобуз. “Центерра” парламент койгон шартка макул эмеспиз деди. Колуңардан эмне келет деп айтты. Эл эмессиңер, мамлекет эмессиңер деп айтты.

Бирок парламентте жогору бийликтин ишаарасы менен жүргөн көпчүлүк сүрмө топ бар. Дал ушул топтун жардамы менен бийлик өзү коррупциялык деп атаган 2009-жылкы келишимди ушул мезгилге чейин созуп келатат. Эми парламенттик шайлоо алдында алар өкмөткө бир айлык мөөнөт коюп, жаңы келишимди алып келүүнү тапшырды. Эгерде бир айдын ичинде келишим даяр болбосо, өкмөттү кызматтан кетирүү чечими жактырылды.

Шайлоодо партиялар 7% босогону багындырыш керек

Жогорку Кеңеште шайлоого байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү активдүү талкууланып, кабыл алынып жатат. Бирок бийликтеги партиялардын шайлоодо жеңишке жетишүү босогосун 10% көтөрүү демилгеси ишке ашпай калды. Ал демилгени “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов жана КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков көтөргөн эле. Бирок ал Жогорку Кеңеште жетиштүү добуш алган жок. Ошондуктан парламенттик шайлоого катышкан партиялар үчүн 7% босого сакталып калды. Башкача айтканда, шайлоодо добуш берүүгө катышкан шайлочулардын 7% колдоосун алган партия парламентке келе алат. Партиялар ошондой эле ар бир тогуз региондон 0.7% босогону да багындырыш керек.

Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов шайлоо мыйзамдарындагы жаңы өзгөрүүлөр тууралуу буларды билдирди:

Абдыжапар Бегматов
Абдыжапар Бегматов

- Өзгөртүүлөр шайлоону жаңы технология менен өткөрүүгө байланыштуу. Шайлоочуну идентификациялоо, бюллетень берүүдө жаңы технология колдонулат. Бул- биринчиси. Экинчиси - шайлоочулардын тизмеси биометрикалык маалыматтардын негизинде түзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы автоматташтырылган түрдө жана кол менен классикалык ыкма менен чыгарылат. Жыйынтык чыгарууда автоматташтырылган жол дагы эсептелет, бирок акыркы жыйынтык катары классикалык ыкма менен саноо эсептелет.

Абдыжапар Бегматов ошондой эле шайлоого катышууну көздөгөн партиялар күрөөгө кое турган акча 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин көбөйтүлөрүн белгиледи. Партиялардын фонддору боюнча да өзгөртүү киргизилүүдө.

Саясий партия жана саясатчылар болсо алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү эчак эле башташкан. Ал күрөшкө жаңыдан түшүп жаткандар да бар. Алардын бири мурунку башкы прокурор Аида Салянова. Башкы прокурорлук кызматтан кетери менен парламенттик шайлоого камданган Салянова менен бийликтин ортосундагы араздашуу жаңы тепкичке көтөрүлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго көз боёмочулук боюнча айып койду. Ал “Тазалык” ишканасы боюнча козголгон кылмыш ишти жабуу үчүн 50 миң доллар алган деп күнөөлөнүүдө. Абдыкапаров өз кезегинде аны төгүнгө чыгарууда.

27-февралда Аида Салянованын партиялаштары маалымат жыйынын өткөрүп, бир жагынан каяшасын айтып, экинчи жагынан бийликке ийилүү ишаарасын билдиришти. Каяшасы Аида Салянованын кызматтан алынышына ал козгоону көздөгөн кылмыш иштер себеп болгону аталды.

Салянованын партиялашы Расул Үмбөталиевдин айтымында, Салянова кызматтан алынаарда бийликтеги чоң аткаминерлерге кылмыш ишин козгоого даярдык көрүп жаткан:

Расул Үмбеталиев
Расул Үмбеталиев

- Азыркы иштеп жаткан кызматкерлерге кылмыш ишин козгоого материал топтоп жаткан. Менин оюмча, ошол чоң кызматта иштеп жаткандар президентке Аида Салянованы жамандап, кызматтан кетиргенге аракеттенген.

Расул Үмбөталиев кылмыш иши козгоого материал топтолгон үлкөн кызматкерлердин арасында өкмөт жана парламент мүчөлөрү бар экенин кошумчалады. Бирок алардын ысымдары азырынча айтылбайт. Бул компромат материалдар Салянова менен бийликтин каршылашуусу күчөсө жарыяланчудай.

Бирок азырынча Аида Салянова президентке оппозицияда эмес экенин билдирип, мунаса жолун дагы издөөдө. Анткени күчтөр өтө эле тең эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG