Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:19

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочулардын жазасы күчөтүлүп жатат.

Негизинен Кылмыш-жаза кодексинин 281("Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу"), 284 ("Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок кишиге аны башкарууга жол берүү") жана 285 ("Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу") беренелерине өзгөртүү киргизилди. Документке ылайык, жол эрежесин бузгандардын жазасы күчөтүлөт.

Маселен, айдоочу эреже бузуп, жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келсе, ал үч жылга чейинки мөөнөткө автоунаа айдоо укугунан ажырайт. Үч эсе айыпка жыгылат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Ал эми жол кырсыгында киши өлсө же анын саламаттыгына оор зыян келтирилсе, айдоочу үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылып, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө кесилет. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кетип, анын натыйжасында жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келсе же каза тапса, ал үч жылдык мөөнөткө күбөлүктөн айрылып, жети жылга түрмөгө түшөт.

Ичкилик ичкен, маңзат колдонгон, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок адамга машинесин ишенип берген кишиге дагы атайын жаза каралган. Адамдар жабыркап же өлгөн учурда ал үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратылат. Андан тышкары үч эсе айып төлөйт же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөөгө, белгилүү бир ишти кылууга тыюу салынып, беш жылга эркинен ажыратылат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Аны Жогорку Кеңеш былтыр 21-декабрда кабыл алган.

Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталып, 907 киши каза тапкан.

Адистер эмне дейт?

“Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды. Ага "Жол коопсуздугу кыймылы” коомдук уюмунун төрайымы Чынара Касмамбетова, ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов жана эксперт Агзам Дүйшөналиев катышты.

Чынара Касмамбетова: Бул беренелер негизинен катаалдашып жатканы туура. Анткени мас абалында машине айдоону, кырсык болгон жерден жаракат алгандарды таштап коюп качып кетүүнү токтотуу керек. Бул мыйзам элде коркуу сезимин, жоопкерчилигин күчөтүшү мүмкүн. Бирок муну элге жакшылап түшүндүрүп, пропаганда кылышыбыз керек. Бул негизги милдеттердин бири. Мыйзамдар канчалык катаалдашып жатат, кесепети кандай болот, кандай жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин түшүндүрүү зарыл.

Иманалы Саркулов: Жол кырсыктарында медициналык жана ага чейинки жардамдар көрсөтүлбөй, адам өмүрү көп кыйылып жатат.

2017-жылдын жыйынтыгын карасак, миңден ашуун жол кырсыгында айдоочулар жараат алган адамдарды таштап коюп качып кеткен. Жаңы өзгөртүүдө качып кеткендерге жаза күчөтүлдү. Мисалы, айдоочу качып кетсе, жети жылга соттолсун жана үч жыл айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылсын деп кирип жатат.

Биз чындыгында эле жаңы өзгөртүүлөр боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Эгер айдоочу мыйзамды билсе, качып кетип жети жылга кесилип кеткенден көрө жардам берейин десе, жол кырсыгынан каза болгондордун саны азаят эле. Ошону менен айдоочу өзүнүн ала турган жазасын да жеңилдеткенге мүмкүнчүлүк алат.

Агзам Дүйшөналиев: Эгер толук кандуу колдонулса, бул өзгөртүүлөр иштеп кетиши мүмкүн. Бирок козголгон иштер сотко жеткенде эле бир-эки жылга созулуп жатпайбы.

Экинчиден, бул мыйзамдын башындагы максаты – коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу болчу. Бирок азыркы өзгөртүүдө деле “же мындай болот же тигиндей болот” деген, коррупциялык элементтер сакталган альтернативдүү чаралар калып жатат.

Маселен, айдоочу эреже бузуп, жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, ал үч жылга чейинки мөөнөткө автоунаа башкаруу укугунан ажыратылат же үч эсе айыпка жыгылат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Башында сунушталганда бул мыйзамда "же мындай болот, же тигиндей болот" деген альтернативдүү чаралар жок болчу. Жазалар так жазылган эле.

Талкууну толук төмөнкү аудиодон угуңуз:

Жолдогу жоопкерчиликти күчөткөн беренелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:21 0:00
Түз линк

Кайгуул кызматы: "форма" өзгөртүү реформабы?

Кайгуул кызматы: "форма" өзгөртүү реформабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG