Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Кызын сыйлаган элдин келечеги жарык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.

Баткен мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Упанай Жаныбек кызы кыз-келиндер менен балдарын укугун коргогусу келет.

Ал тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга, жакындарынын каршы чыкканына карабай укук жаатында билим алып жатат.

Жайкы эс алуу учурунда калктын жардамга муктаж катмарына акысыз юридикалык кеңеш берүүгө да жетишип келет.

Нарында мындай ишти студенттерден куралган “Аруузат” кыймылы аткарууда. Алардын маалыматында, соңку жылдары өспүрүм куракта көз жарган энелердин саны өскөн.

Кыймылдын мүчөлөрү учурда облустун чар тарабын окутуучулар менен бирге кыдырып, айылдагы кыз-келиндерге турмуш сабактарын өтүп жатышат.

Келечекти ойлогон эл кызын кордобойт (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:23 0:00
Түз линк

Жалал-Абадда орто билим берүү мекемелеринде жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышында кыздар кеңеши түзүлөт. Анын мүчөлөрү өспүрүм кыздарга көз салып, тартипке чакырат. Ал эми жогорку окуу жайларда бул милдет окутуучуларга жүктөлгөн. Адистер мектептеги эски ыкмада иш алып барган кыздар кеңешинин ишмердүүлүгүн талапка ылайык өзгөртүү керектигин белгилешет.

Ошто болсо облустук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери никеге турууга жашы жетпеген бир үй-бүлөнү каттаган. Ошол эле маалда калаадагы “Ак жүрөк” кризистик борборуна эрте турмушка чыгып, анын азабын тартып кайрылган кыз-келиндердин саны арбын.

Эрте турмушка чыгуунун азабын көргөн келиндердин бири - Албина. Аны 9-классты бүтөрү менен тааныбаган бирөө ала качып алган. Бүгүн ал эки кызы менен Ысык-Көлдө реабилитациялоо борборунда күн кечирип келет.

"Азаттыктын" "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн жаңы чыгарылышы ушул темага арналды.

Күчтүү кыздарды эч ким токтото албайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:35 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG