Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:31

Лейлектеги өрткө май чачкан кайдыгерлик


Лейлекте май куюучу жайда өрт чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Лейлекте май куюучу жайдан чыккан өрт.

4-июль күнү кечке жуук Лейлек районунда Тажикстан менен чек араны бөлүп турган чоң жолдун жээгиндеги жүк сактаган кампада өрт чыккан. Тилсиз жоо ээ бербей май куюучу жайга жармашкан. Өрттөн Кыргызстандын эки жараны жана тажикстандык төрт киши жабыркап, ооруканага түшкөн.

Өрт чыккан аймакка облустун жетекчиси барып, териштирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Облус аймагындагы бардык май куйган бекеттерди текшериш үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Лейлектеги Тажикстан менен чектеш Жаштык айылында 4-июль күнү жүк сактаган кампада өрт чыккан. Жалын ээ-жаа бербей жанындагы май куйган бекетке жармашкан.

Күбөлөр чөнтөк телефонуна тартып алган видеодон өрт учурунда катуу жарылуу болгонун да көрүүгө болот. Кырсыктан эки кыргыз жараны, өрттү өчүрүш үчүн жардамга келген тажикстандык үч өрт өчүрүүчү жабыркаган. Дагы бир тажик жаранын өрттөн качууга аракет кылган айдоочу коюп кеткен.

Баткен облусунун жетекчилиги ооруканада жаткандардын абалы менен таанышты.
Баткен облусунун жетекчилиги ооруканада жаткандардын абалы менен таанышты.

Баткен облусунун жетекчилиги 5-июль күнү окуя болгон жерге барды. Өкмөттүн облустагы өкүлү Тажикстандын Бабажон Гафуров районундагы ооруканада денеси күйүп, дарыланып жаткандарга жолукту.

- 5-июль күнү эртең менен ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев окуя болгон аймакка барып, абал менен таанышты. Тийиштүү кызматтар менен жыйын куруп, тапшырма берди. Өрттөн жабыркагандардын абалынан кабар алыш үчүн Тажикстандын Гафуров районундагы ооруканага барды. Ал жерде эки тажик жараны, бир кыргыз жараны дарыланып жатат. Дарыгерлер бейтаптардын абалы дурус, керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин билдиришти. Өкмөт өкүлү өрттү өчүрүүгө жардамга келген тажикстандык өрт өчүрүүчүнүн да абалы менен таанышып, ага ыраазычылык билдирди. Бейтаптардын абалы дурус экен, - деди облустук бийликтин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.

Окуядан жабыркаган дагы бир тургун Лейлек районунун Кулунду айылындагы ооруканада дарыланып жатат.

Чыгымдар жана өрттүн себептери боюнча атайын топ ишин аяктай элек. Негизи Тажикстан менен чек араны бөлүп турган жолдун ушул кыска аралыктагы бөлүгүндө 20га жакын май куйган бекет жайгашкан, атайын жүк сактоочу кампалар да бар.

Буга чейин бул жайлардан Тажикстанды көздөй аткезчилик аркылуу жүк ташылып жатканы айтылып келген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Канатбек Сейдалиевдин айтымында, кампа ичиндеги автоунаалар бири-бирине газ өткөрүп жаткан учурда өрт чыккан.

- Кыргызстандын жаранына таандык автоунаадан тажикстандык жаранга тиешелүү автоунаага газ суюктугун өткөрүп жаткан учурда өрт тутанган. Кырсыкка техникалык коопсуздук сакталбаганы себеп болгон. Атайын эрежелер менен тийиштүү жайдан куюлганда мындай болмок эмес, - деди ал.

Тилсиз жоонун айынан кампа ичиндеги ондой автоунаа күйүп кеткен. Айрымдарынын ичинде жүк да бар болчу.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда газ куюштуруу атайын жайда эмес, Кыргызстандын аймагынын ичинде жүргөнү, чакан айылда ондогон автоунаалар жүгү менен турганы ар кандай суроолорду пайда кылды. Бирок кампа кызматкери Тынарбек Нурматов мында эч кандай мыйзамыз аракет жок деп эсептейт:

- Бул жерде сөз кыла турган эч нерсе жок. Өтө баалуу жүк да жок. Көп деле чыгым болбоду. Бул жерде турган автоунаалар жүгүн сатууга алып келген. Кардар жоктугунан айрымдары жүгүн ушул жерге таштап кеткен.

Облус жетекчилиги бул окуядан кийин аймактагы бардык май куйган бекеттердин мыйзамдуулугун, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча атайын текшерүү жүргүзмөй болду.

- Облус аймагындагы бардык май куйган бекеттердин абалын иликтеп, тийиштүү коопсуздук эрежелеринин сакталышын карап чыгыш үчүн облус жетекчиси комиссия түзүп, тапшырма берип жатат, - деди Чолпон Бердикулова.

Жергиликтүү тургундардын арасында өрт чыккан кампаны өлкөдөн чыгып кеткен парламент депутаты Аскарбек Шадиевдин жакындары иштетип турганы айтылууда. Облустук милиция бул маалыматты тактаган жок, азырынча тергөө иштерин жүрүп жатканын гана кабарлады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG