Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Мээрим: Сауд Арабиядан мекениме кайта албай жатам


Жидда. 4.7.2016.
Жидда. 4.7.2016.

Сауд Арабстанга оор шартта иштөөгө мажбур болуп, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык аял коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Анын айтымында, Сауд Арабстанда өзүнө окшош оор ишке тартылган кыз-келиндер көп.

Бөлөк эл, бөтөн жерде кара жанын карч уруп иштеп жүрүп, ден соолугунан ажырап, эми Кыргызстанга келе албай жаткан, ысымы жашыруун калышын каалаган бул айым - жакшы жашоо издеп кеткен мекендештерибиздин бири.

Мээрим деп аты өзгөртүлгөн бул айым Сауд Арабстандын борбору Эр-Рияд шаарына үй кызматкери жумушуна иштөө үчүн келишим менен 2016-жылы кеткен. Ал өзүнүн таржымалы жана азыркы жагдайы тууралуу Сауд Арабстандан интернет аркылуу байланышып айтып берди.

Мээрим иштеп, жашоосун оңдойм деп максат кылганы менен, ал жерде күңдүн жашоосу күтүп турат деп ойлогон эмес. Бөлүнгөн үй-бүлөгө баргандан бери күн сайын тыным албай 10-15 сааттан, дем алышсыз иштеп келатканын айтат:

- Бул жакта жумуштун шарты өтө оор экен. Алганың 400 доллар, бирок эшектей иштейсиң. Бала дагы карайсың, үй дагы жыйнайсың. Үйлөрү эки кабат хан сарайлар. Малай жалдагандай мамиле кылат. Эч жакка басалбайсың, кадимки түрмөгө түшкөндөй болдум.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Ушундай абалга кириптер болгондо кайра мекенге кайткысы келип, бирок жумуш издөө көкөйүнө тийгендиктен эптеп чыдап иштей берүүнү чечет. Бирок азыр эми ден соолугу начарлап, мындан ары жумуш жасоо кыйын болуп баратканын кеп кылды:

- Жумуш абдан оор. 10-15 саат басып жүрүп иштешиң керек. Буттарым, колдорумдун тамыры чыгып, түйүлүп ооруй баштады. Аябай оор, болгон жериң ооруйт. Малай жалдап алгандай иштетет. Медициналык камсыздоо деп айткан, андан эч нерсе жок. Барганда каттоого турдук. Бишкектен барганыңарда паспортуңарды албайт деп айтышкан. Бирок барганда эле паспортумду алып койгон.

“Колуман чака, чаң сүргүч түшүрбөй жүрүп сөөктөрүмө суук тийгенби, кыймылдашым кыйын болуп калды” – деген Мээримдин ушундай шартта иштегенине туура бир жыл төрт ай болуптур. Буга чейин иштеп тапкандарын Бишкекке жакындарына салып турган. Аларды санаага салбайын деп, бул жактагы жашоосу жөнүндө айткан эмес. Жакындары менен телефондогу imo тиркемеси менен гана сүйлөшө алат.

Эми анын бул жаткан кетсем дегенде эки көзү төрт, бирок аны алып келген компания келишимдин мөөнөтү бүткөндө кетесиң же олчойгон айып пул төлөп, өз каражатың менен жолго чыгасың деген шарт койгон:

- Биз кетебиз деп элчиликке да, консулдукка да кайрылганбыз. Алар келишим менен келгенден кийин бүтмөйүнчө кете албайсыңар деп койду. Бирок бизге эшектей иштейсиңер деп эч ким айткан эмес да.

Дубай
Дубай

Ошентип бүгүн Мээрим кимден жардам сурап, кимге кайрыларын билбей алыста кыйналып турган чагы. Кыргызстандагы жакындарын сагынып, карыган энесинин телефондон “качан келесиң?” деген суроосуна тилин тишине катып ал жактагы оор турмушун айта албай жүрөт. Мээрим мекенине качан кайтаары азырынча белгисиз.

Чыныгы ысымын жашырганы менен менин абалым башкаларга сабак болсун деп, коомчулукка үнүн жеткирүүнү суранды.

Себеби ал Сауд Арабиясына жакшы жашоо издеп келип, кыйын шартта, ден соолугунан ажыраган жалгыз Мээрим эле эмес. Өзү менен барган эки кыздын тагдыры тууралуу кабары жок. Бирок үй кожоюндарынан сексуалдык ыдык көргөн кыргызстандык кыз-келиндер жөнүндө уккандары бар экен.

- Ыйлап жүргөн башка кыздар бар. Аттарын айткысы келбейт, уялышат. Кетем же чыдап иштейм дегендер. Бирок көбү кетем дегендер. Кетем дегендерден менмин, дагы бир кыз ыйлап жүрөт. Мен билбей жатам, калгандары менен байланыша албай жатпайымбы. Алардын телефондорун дагы алып коёт.

Өз мекенинде ишсиз жүргөн Мээрим Сауд Арабиясындагы жумушту жарнамалардын бири аркылуу тапкан.

Мээрим бул ишти колго алган Бишкек шаарындагы "Виза старт" фирмасына кайрылып, ал фирма өз кезегинде Мээримди Сауд Арабиясындагы “Аль-Муттахидда” ишканасына жөнөткөн. "Виза старт" үй кызматчылык иште эки жыл иштөө боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде Мээрим менен кошо дагы эки кызга виза ачып, документтерин даярдап берген.

Бишкектеги “Виза старт” компаниясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок, атын атагысы келбеген мурда иштеп кеткен кызматкери Мээрим бардык келишимге өзү макул болуп, кол коюп кеткен жана ден соолугу начарласа, медициналык камсыздоо кызматына кайрылуу каралганын айтып берди.

Ошондой эле учурда ишкана жабылып калганын, ал иштеп турган учурда Бишкектен 30дай жаранды Сауд Арабиясына кетиришкенин билдирди. Ишкана эмнеге жабылып калганы белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG