Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:17

“Эже-сиңдилер” уктуруусу бул ирет балдарды тарбиялоого арналды.

Биз балдарга туура тарбия берип жатабызбы, аларды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан кантип коргоо керек жана эркин, өзүнө ишенген муунду тарбиялоо үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорго клиникалык психолог жана “Данакер” үй-бүлөнү коргоо борборунун адиси Перизат Асылбаева, жазуучу жана режиссер Назира Жуман, йога машыктыруучусу Анара Шыгай менен бирге жооп издейбиз.

Зомбулукка кабылса же ата-эненин урушун көрүп чоңойсо, курсакта жатканда энеси аны жерисе же бирөөнүн колуна калтырып кетсе мунун баары балага чоң сокку болот.
Перизат Асылбаева

Перизат Асылбаева: Үй-бүлөлөр ар кандай болот. Кээ бир ата-энелер өздөрү кандай таалим-тарбия көрсө, балдарына дагы ошол моделди өткөрүшөт. Кээ бирөөлөр заманбап китептерди окуп, интернеттен тапкан ар кандай маалыматка жараша тарбия бергенге аракет кылат.

Бала тарбиялоодогу каталарга токтоло кетсек, айрым ата-энелер балдарын “өлүгүңдү көрөйүн” же “жашабагыр” деп урушат. Алар бул жөн эле жеме, балага эч кандай таасири тийбейт деп ойлошот.

Америкалык психиатр Эрик Берн жаман сөздөр, ачуу тил балдарга программа болуп, мээсине сиңип каларын изилдеп чыккан. Адамдын 80 пайызы суудан турат эмеспи, демек, ага айткан сөздөр аң-сезиминде орноп калып, келечекте ошол программа иштей баштайт экен.

Зомбулукка кабылса же ата-эненин урушун көрүп чоңойсо, курсакта жатканда энеси аны жерисе же бирөөнүн колуна калтырып кетсе мунун баары балага чоң сокку болот.

Келечекте андай балдар түнт, таарынчаак, кызганчаак болуп чоңоет жана өзүнүн ден соолугуна зыян келтирүүчү жүрүм-турумга туш келет: ичкилик ичип, маңзат колдонуп, кооптуу иш-аракеттерге барат.

Кээ бир ата-энелер иштеш керек, акча табуу керек деп жүрүп балдарын унутта калтырат. Азыр миграциянын айынан канча бала ата-энеси жок, тарбиядан өксүп жатат.
Назира Жуман

Назира Жуман: Мен өзүмдү жоош энемин деп айтсам болот, балдарым тил албаса, таарынып, унчукпай калам.

Бала ата-эненин айтканын түшүнбөсө, анда өз жайына коюп, өзү жетишкендей кылып шарт түзүп берүү керек. Шаарда чын эле ата-энелер көп нерсени интернеттен карап, китеп окуп, үйрөнүп турат.

Бирок айылдарга чыксак, ал жерде түйшүк деген нерсе бар. Экономикалык, социалдык абалдан уламбы бала тарбиялоого да көп маани берилбейт. Кээ бир ата-энелер иштеш керек, акча табуу керек деп жүрүп балдарын унутта калтырат. Азыр миграциянын айынан канча бала ата-энесинен алыс өсүп, тарбиядан өксүп жатат.

Бала – бул инсан. Аны кичине дебей сүйлөшүп: “Эмнеге умтуласың? Эмнени каалайсың?” деп кызыккан ата-энени көрө элекмин. Баланы сен эмне үчүн жарыкка алып келдиң? Сени багышы үчүнбү же бактылуу болушу үчүнбү?

Балдар бизди туурайт. Биз кылган нерсени балдарыбыз кылат. Биринчиден, өзүбүздү оңдошубуз керек – сүйлөгөн сөзүбүздү, жасаган ишибизди, ата-энелерибизге жасаган мамилебизди карашыбыз керек.
Анара Шыгай

Анара Шыгай: Менин эки балам бар. Беш жылдай мурда мен дагы балдарымды урушуп койчумун. Акыркы үч жылдан бери аюрведаны изилдеп, окуп, үйрөнүп жатам. Йогада эжелер жогоруда айтып кеткен сөздөргө окшош, үндөш нерселер абдан көп.

Балдар бизди туурайт. Биз кылган нерсени балдарыбыз кылат. Биринчиден, өзүбүздү оңдошубуз керек – сүйлөгөн сөзүбүздү, жасаган ишибизди, ата-энелерибизге жасаган мамилебизди карашыбыз керек.

Балдар айткан сөзүңдү эч качан укпайт, алар сен кылган гана нерсени кылат. Чарчаганда менин дагы жиним келип, урушкум келет, бирок кийин терс эмоцияны балам мага кайтарып берерин билем. Ошондуктан биз өзүбүздүн терс сапаттарыбызды оңдошубуз керек.

Уктурууну толугу менен төмөнкү аудиофайлдан уга аласыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG