Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Эже-сиңди: калың качан жоюлат?


Иллюстрация
Иллюстрация

“Эже-сиңди” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында калың маселеси талкууга алынды.

Талкууга коомдук активист Кумар Эргешова, “Русланова Айым” мода үйүнүн негиздөөчүсү Махабат Саманчиева жана банк кызматкери Жадыра Тазайбекова катышты. Талкууну Алия Суранова алып барды.

Алия Суранова: Кумар эже, сиз келин алып, калың берген экенсиз. Сиздин оюңузча, калың берүү биздин заманда дагы эле мурдагыдайбы же бара-бара маанисин жоготтубу?

Мен үчүн калың берүү - куда-кудагыйыма болгон сый-урматым. Илгеркилер тогуздап мал берген, азыркылар болсо, ошол тогуз малды акчалай беришет.
Кумар Эргешова

Кумар Эргешова: Калың - бул ата-бабаларыбыздан калган салтыбыз. Мен үчүн калың берүү - куда-кудагыйыма болгон сый-урмат. Илгеркилер тогуздап мал берген, азыркылар болсо, ошол тогуз малды акчалай беришет. Бул бүлө болуп аткан адамды сатып алууга барабар дегенге мен такыр кошулбайм. Азыр мурдагыдай эмес, алдын ала калыңдын өлчөмүн сүйлөшүп алышат. Жыйырма жыл мурда ала качуулар көп болчу. Жеңелери кызды кубалап келгенде, түшүнбөстүктөр жаралчу. Азыр болсо сөйкө салып барганда, калың маселесин куда-кудагый менен талкуулап жатабыз. Ар бир тарап өз сунушун айтып, бир чечимге келет.

Махабат Саманчиева: Ар бир улут өзүнүн каада-салты, улуттук кийими менен айырмаланат. Каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, улуттук жана баш кийимибиз ата-бабаларыбыздан калган мурас да. Кызды сатып алат дегенге мен такыр кошулбайм. Биздин салтыбыз уланышы керек.

Алия Суранова: Ошол эле учурда, келин алып жатканда, калың маселеси тууралуу көптөгөн чыр-чатактар чыгып жатпайбы. “Биз кызыбызга ушунча сеп берип атсак, силердин калыңыңар ушунча эле болуп калды, кызыбызды төмөн баалап койдуңар” деп кадимкидей соодалашуу болот. Калыңдын өлчөмү үчүн кудалаша элек жатып, уруша кетишет...

Кумар Эргешова: Бул адамдын өзүнүн деңгээлине жараша болот. Билими, аң сезими, жан дүйнөсү кандай экени адамга мамилесинен билинет. Келинди да жеке адамдык сапатына жараша кабыл алат. Бул, албетте, өтө өкүнүчтүү, алып аткан келин сага түбөлүктүү бүлө катары келип жатканын билип, ошондой күтүп алуу керек.

Талкуунун толук вариантын төмөндөгү аудиодон уга аласыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG