Ошол күндөрү Нарындын борбордук аянтынан ары-бери баскандар “ушундай кантип болсун” деп өтүп атышты. Алардын айрымдарын кепке тарттык:
- Менин атым Асель, Нарын мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти болом. Негизи баннер мага жаккан жок. Себеби, кыргыздын салтына жатпаган нерсе менен жасалыптыр. Алып салышса жакшы болмок.
- Атым Бактыгүл, келе жатканда аябай жаман көрүндү. Жакшынакай эле 2011 деп жазып койсо болмок.Кол белгилер менен жазбай эле. Баарынан дагы колун көрсөтүп жазганы чындыгында жаман көрүнөт экен. Акимчиликтин алдын бузуп салат экен.
Бирок бул кайсы бир компаниянын жарнагы болсо керек, түшүнүп караса эмнеси уят дегендер дагы болду:
- Кадырбек, оюбуз жакшы эле, жарнама катарында илип койсо керек. Түшүнбөгөн адам уят деп айтат, түшүнгөнгө уят эмес.
Калк ичиндеги түрдүү пикирлерден улам Нарын шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Кубан Чымылдаковго кайрылганыбызда, ал бул көрнөк жарым саат ичинде алынаарын айтты:
- Бизге караган ушундай жарнактарды илген эки эле такта бар, калганы менчик. Бул шаардагы менчик департаментке караштуу, алардын жумушу. “Таза Нарын” шаардык ишканасынын жумушчулары илген. Маанисине караган эмес. 3-4 күн иш күн эмес болуп калып туруп калыптыр. Азыр жарым сааттын ичинде алынат.
Такташтырып көрсөк, бул жарнама тактасын “Ордо” телерадиокомпаниясы субижарага алышкан экен. Аталган компаниянын орун басары Рашит Турсунов мындай сүрөттөр Кыргызстандын бардык аймактарында илинип турганын белгиледи:
- Өлкөнүн эгемендигинин 20 жылдыгына карата сүрөтчүлөр арасында сынак өткөн. Сынактагы мыкты деп тандалган сүрөттөр Кыргызстандын аймактарына илинип жатат. 20 жыл ичинде жакшы да, жаман да нерселер болду. Эч кандай саясат жок. Бул социалдык маанайдагы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган кесипкөй сүрөтчүлөрдүн, дизайнерлердин, фотосүрөтчүлөрдүн чыгармачыл акциясы эле.
Бул сүрөттө тартылган кол белгилерге келсек, анын маанисин ар ким ар кандай чечмелейт. А түгүл мындай кол белгилер ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүү маанини билдирет экен. Мисалы, бизде баары жакшы болсо “ОК” деп койсок, айрым өлкөлөрдө “ОК” деген белги менде азыр бир да тыйын жок деген маанини берет экен.
Мүмкүн бул сүрөттү тарткан сүрөтчүлөрдүн, аны жактырган калыстардын ою башкача болсо керек. Ошентсе дагы бул көрнөк Нарын шаардык мериясы тарабынан 5-сентябрь күнү кечке маал алынып, ордуна башка көрнөк илинип калыптыр.
P.S. Мындай көрнөктөр ордо калаа Бишкектин көчөлөрүндө да илинип турат. Бул сүрөт биздин орусча сайтыбыздын окурмандары арасында да кызуу талаш-тартыш туудурду.