Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Шахмат мектеп программасына киргизилет


Кыргызстандык жаш шахматчылар
Кыргызстандык жаш шахматчылар

Жогорку Кеңештин депутаттары мектеп программасына шахматты киргизүүнү сунуштады. Бул демилге ишке ашабы же ара жолдо калабы?

Депуттардын демилгеси

Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мектеп программасына шахмат сабагын киргизүүнү сунуштады:

- Мектеп программасына шахмат киргизүү керек. Бул оюн балдардын акыл-эсин өнүктүрөт. Калмыкияда мектеп программасына шахматты киргизгенден кийин окуучулардын жетишкендиги 40 пайызга өстү. Физика жана математика боюнча жетишкендик болгон. Буга көп акча да керектелбейт.

Депутаттын айтымында, өлкөдө дене тарбияга көңүл бурулуп жатканы менен адамдын интеллектуалдык өнүгүүсүнө маани берилбей келет.

Мыйзам долбоорунда 20-июлду шахмат күнү деп белгилөө, мектеп программасына шахмат оюнун киргизүү, каржы булактарын издөө да сунушталган.

Жогорку Кеңештин депутаттары сунушту жактырып, токтом менен бекити.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукееванын айтымында, шахмат мектеп программасына кошумча факультативдик сабак катары киргизилет. Ошондой эле Эл аралык шахмат федерациясынын жетекчилиги Кыргызстанда шахмат долбоорлорун ишке ашырууда адистерди даярдоого, усулдук жардам берүүгө убада кылган.

- Кыргызстандын мектеп программасына шахматты киргизүү сунушун былтыр Бишкекке болгон сапарында FIDE президенти Кирсан Илюмжинов киргизген. Чынында шахмат – бул балдардын аң-сезимин өстүрүп, терс көрүнүштөрдөн арылтат. Бул – мектепте рекетчилик, баңгизат менен күрөшүүнүн бир натыйжалуу жолу. Ошондой эле долбоорду каржылоо - биздин өкмөт чечүүчү маселе.

Шахмат федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Бактыгүл Тиленбаеванын пикиринде, шахмат мектеп программасына киргизилсе окуучулардын интеллектуалдык деңгээли жогорулап, илим-билимге болгон кызыгуу артмак. Бирок учурда шахматты окутуу боюнча өлкө боюнча кадр маселеси чечилиши кыйынчылык жаратканы турат.

Кыргызстанда шахмат ордосу да болот

Ошондой эле шахматты кышкы олимпиадалык оюндардын программасына киргизүү жана Кыргызстанда шахмат ордосун ачуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук олимпада комитетинин президенти Мурат Саралинов айтып, депутаттардын демилгесин колдоорун “Азаттыкка” билдирди.

- Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжинов Бишкекке эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн келген. Шахмат ордосун куруу, эл аралык мелдештерди өткөрүү жана кышкы олимпиаданын программасына шахматты киргизүү маселелерин талкууга алдык. Депутаттардын демилгесин дагы ар тараптан колдоого алабыз.


Армения - шахмат державасы болот

Мисалга Арменияны алалы. Бул өлкөдө былтыр 1-сентябрдан тарта башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат сабагы киргизилди. Өкмөт мектеп балдарынын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү үчүн 480 миң доллар бөлдү. Шахмат сабагы билим берүү министри Армен Айвазяндын пикиринде, Арменияны “шахматтык супер державага” айлантууга өбөлгө түзөт. Шахмат оюну Арменияда өтө популярдуу. Азыр Дүйнөлүк шахмат федерациясынын тизмесиндеги үчүнчү мыкты оюнчу -Армения жараны Левон Аронян. Дүйнөнүн тогузунчу чемпиону Тигран Петросян теги тбилисилик армян болгон.
Кыргыз өкмөтү армениялыктардай чечкиндүү аракет кылып, бул демилгени колдоого алышабы, же ара жолдо калабы аны мезгил көрсөтөөр.

Шахматтын тарыхы бай

Кыргызстандын шахмат биринчилиги үчүн атайын расмий мелдеш 1933-жылы өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамга бишкектик А.С.Савилев жетишкен.

Кеңеш доорунда Л.Юртаев, Н.Зильберман, Т.Иманалиев, Э.Молдобаев, Б.Канцлер, В.Ильинский ж.б. чемпион болгон.

Кыз-келиндер шахматында Б.Самаганова, И.Острий, Т.Пудкова, С.Сабирова, Б.Тиленбаева, А.Исакова, С.Матвеева сыяктуу мыктылар чыккан.

1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз командасы алгач ирет катышып, 15-орунду ээлеген. Ошондон бери кыргызстандык шахматчылар 7-8 олимпиадага катышты.

Ошондой эле 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну да киргизилген. Мында Семетей Төлөгөн тегин, Алгис Шүкүралиев, Насыр Акылбеков жана Александра Самаганова Азия оюндарында өлкө намысын коргогон.

Шахматчылар толкуну келатат...
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00



Кыргызстандын Шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун төрагасы болуп отуз жылдай Акылбек Муратбеков иштеп, шахматтын өнүгүшүнө салым кошкон.

Кыргызстанда Эрнест Инаркиев деген мыкты шахматчы жигит чыккан эле. Ага учурунда мамлекеттен колдоо болбой же демөөрчү табылбай Орусияга кетип калган. Азыр ал Москвада аспирантурада окуйт. Ал Кыргызстанда жүргөндө Азиянын чемпиону болуп, эң жакшы көрсөткүчтөрдү бере баштаган.

Эгемендүүлүк алганы шахмат федерациясына Карим Уразбаев, Таалай Дүйшеев, Таалайбек Окенов, Жогорку Кенештин депутаты Акылбек Жапаров, Жеңишбек Назаралиев президент болушкан. Азыркы учурда Алишер Сакебаев менен Милан Турпанов эки федерациянын жетекчиси болуп, бийлик талашып жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG