Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:57

Окуудан калып Орусияга кеткен көчөт кыздар


Иллюстрациялык сүрөт.

"Пикир" изилдөө борборунун акыркы сурамжылоосу эмгек миграциясына барган өспүрүмдөрдүн 30% сексуалдык, 60% психологиялык басымга кабыларын көргөзгөн.

Жыйырма жаштагы Алина учурда Бишкектеги жогору окуу жайларынын биринин студенти. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде үч жыл бала багуучу болуп иштеген.

Өзүнүн айтымында, апасынын туугандарынын балдарын жайкы каникул сайын карап берчү. Ошентип өспүрүм кезинде эле акча табууну үйрөнгөн.

- Көп балалуу үй-бүлө эле. Кийинки жылы бир жашка чыга элек баласын багып, аябай кыйналгам. Шаарда жашоо айылдагыдай эмес экен. Үйдү, апамды сагынып, күнүгө телефон чалаар элем. Кийин көнүп калдым.

Кыргызстандагы "Пикир изилдөө" борбору эки жүздөн ашуун кыз-келиндин арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында көпчүлүк өспүрүм кыздар миграция агымына эрте кошулуп, ата-энесине материалдык колдоо көрсөтүп жатканы аныкталган.

"Миграциянын назик күчү" деп аталган бул иликтөөнүн жетекчиси, социолог Гүлнара Ибраева жаш кыздардын басымдуу бөлүгү акча тапканы менен билим алуу укугунан ажырап жатканын билдирди:

- Биздин изилдөөгө ылайык 12-13 жаштагы өспүрүм кыздар көбүнесе ички, сырткы миграцияга жиберилип, билим алуу укугунан ажырашат. Кызыгы эмгек миграциясына эркектерге караганда өспүрүм курактагы кыздар көп кетет экен. Кыздар бала караганга жөндөмдүү, үй оокаттарына тың, ийкемдүү болот эмеспи. Ошол эле учурда тапкан акчасын үнөмдөп, кээде толугу менен ата-энесине салып жиберет экен. Бирок алар өзү бала болуп туруп балдарга кандай тарбия берет?

Иликтөөгө ылайык эмгек миграциясына кабылган өспүрүмдөрдүн 30% сексуалдык, 60% психологиялык басымга кабылат.

"Репродуктивдүү ден соолук альянсынын" жетекчиси Галина Чиркина кыздардын өспүрүм курактагы мындай оор абалы болочок жашоосуна да терс таасирин тийгизерин эскертти:

- Адатта эмгек миграциясына өз укугун билген, билимдүү кыздар эмес, ийкемдүү, тил алчаак кыздар кетет. Алар иш берген үй-бүлөдө чүнчүп, психологиялык басымга кабылышы мүмкүн. Курсагы тойбой, уйкусу канбай психологиясына доо кетет. Сексуалдык ыдык көрүп же зомбулукка кабылган учурлар да кездешет. Көбү бул тууралуу айткандан коркот. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калат. Өзгөчө жаңы жетилип келе жаткан кыздардын аң-сезимине ушул сыяктуу окуялар кетпес так калтырат.

Ушу күндө Кыргызстандан чет өлкөгө иштегени кеткен жашы жетелек кыздардын так саны белгисиз.

Адистердин айтымында, өспүрүмдөрдү чет жакка көбүнчө туугандары же тааныштары бала бактырып, үй-жайын тазалатып, талаа иштерине кол кабыш кылууга чакырышат. Иштеп тапканын айылда калган ата-энесине салып турушат.


Кыргызстандагы миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев жашы жете элек өспүрүмдөрдү жумушка алуу Кыргызстанда, ошол эле Орусияда мыйзамсыз экенин баса белгиледи:

- Чет өлкөгө чыгып жаткан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн саны 17% түзөт. Алардын көбү билим алуу үчүн жер которуп же ата-энеси менен сыртка чыгышкан. Ал эми аларды ишке алуу маселеси туурасында биз маалымат бере албайбыз. Анткени, Кыргызстанда жана Орусияда дагы негизги багыт катары жашы жете электерди жумушка алуу мыйзамсыз болуп эсептелет.

Жаш кыздардын чет өлкөгө чыгуусун чектөө тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында токтом иштелип чыгып, колдоо тапкан эмес. Каршы тарап муну адамдын эркин каттоо тууралуу конституциялык укуктарына каршы келет деп негиздеген.

Анткен менен Баш мыйзамга бул жаатта өзгөртүү киргизүү керек деген көз карашты карманган депутаттар бар. Алардын бири КСДП фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

- Биз бул маселени чечүүгө аракет кылып көргөнбүз. Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык он сегиз жашка чейин өлкөдөн жалгыз чыкпасын, андан кийин ата-эне көзөмөлгө алсын дегенбиз. Бирок токтом Конституция жана демократиялык баалуулуктар жол бербейт деп кабыл алынган эмес. Ошентсе да айрым учурларда адам укугу, коопсуздугун эске алып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошол эле учурда жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүү зарыл.

2016-жылы бала багып акча табуу үчүн Оштон Екатеринбургга кетип, каза болгон 13 жаштагы Айганыштын окуясы коомчулукка дүрбөлөң салган эле.

Төрт бир тууганы бар Айганыш ата-энесинин насыясын төлөө үчүн иштөөгө мажбур болгон. Орусиянын тиешелүү органдары окуяны иликтеп, “кыз тоңуп өлгөн” деген бүтүм чыгарган.

"Азаттыктын" архиви: Айганыштын аянычтуу өлүмү. 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG