Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:27

Текебаевдин жактоочулары БУУга кайрылат


Текебаев менен Чотоновду бошотууну талап кылган ураандар.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жатышат.

Кыргызстанда оппозициялык саясатчыга карата соттун акыркы инстанциясынын чечими чыккан. Укук коргоочулар "Текебаевдин адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылышы үчүн саясатчынын ишинде эл аралык нормалар бузулганын негиздеп бериши керек" деп жатышат. Кыргызстанда БУУга буга чейинки саясий иштер боюнча кайрылгандар кандай натыйжаларга жетишти эле?

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 21-ноябрда чыгарган акыркы чечимин жактоочуларга бере элек. Мыйзам боюнча бул документ соттолуучу тараптын колуна он жумушчу күн аралыгында тийиши керек. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова чечимди алгандан кийин БУУнун тиешелүү комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярдана баштай турганын маалымдады.

Чынара Жакупбекова Текебаевдин сот жараянында.
Чынара Жакупбекова Текебаевдин сот жараянында.

- Чечим бериле элек. "Жазып бүтө элекпиз" деп жатышат. Мыйзам боюнча 10 күндө жазып бериши керек. Биз улам-улам кайрылып жатабыз, "чечимди эртерээк бергиле" деп.

Ал эми Жогорку Сот "Азаттык" радиосуна Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча чечим даяр болуп калганын билдирди. Азырынча Текебаевдин жактоочулары эл аралык кайсы сотторго, укук коргоо уюмдарына кандай тартипте кайрыларын билдире элек.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында саясатчылардын сот иштери боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган жана анын негизинде уюм айыпталуучунун кызыкчылыгына шайкеш сунуштарды берген учурлар бар.

Юрист Нурбек Токтакунов адам укуктарын эл аралык деңгээлде коргоп жүрөт. Анын айтымында, БУУнун тиешелүү комитети тигил же бул адамдын арызын адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык келишимдердин 26 беренеси боюнча укук бузулганын далилдеген документтери болсо кабыл алат:

- Эл аралык мыйзамда жазылган 26 беренеге туура келиши керек. Андан тышкары айыпталып жаткан киши мыйзам бузуу боюнча мамлекет берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, өзүн коргоодо жигердүү болушу керек. Эгер ал аягына чейин күрөшпөй, мамлекет берген мүмкүнчүлүктөрдү четке какса, ал арыздын кабыл алынышы ылайыктуу болбойт.

Нурбек Токтакунов Азимжан Аскаров боюнча БУУга арыз жөнөткөн жактоочулардын бири. Укук коргоочулар "БУУнун комитетине 115 беттен турган арыз даярдаганбыз" дейт. Анын айтымында, эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуу өтө татаал иш. Маселен, БУУнун комитети Аскаровдун арызын алты жыл караган.

2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен 2016-жылы кайра каралып, бирок 2017-жылы 24-январда Чүй облустук соту ошол эле чечимин күчүндө калтырган.

Экс-президент Аскар Акаевдин доорунда түрмөгө кесилген саясатчы Феликс Куловго карата БУУ “саясатчыны кармоо учурунда мыйзам одоно бузулган учурлар болгон” деп бүтүм чыгарган. Бирок уюмдун бүтүмүнө чейин эле 2005-жылы бийлик алмашып кетип, Кулов Жогорку Соттон акталат. Мындай учурда саясатчы БУУнун чечим негиз кылып мамлекеттен кенемте өндүрүүгө укуктуу. Бирок Кулов БУУнун чечими боюнча мамлекет менен аягына чейин соттошкон эмес.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Жол-жобо боюнча өлкөдөгү бардык соттук инстациядан өтүшү керек. Андан кийин жактоочулар адам укуктары кайсыл жерден бузулганын так, даана далилдеп арыз жазышы керек. Бириккен Улуттар Уюму арызды изилдеп чыккандан кийин аны өкмөткө жөнөтөт. Ал эмнеге өкмөткө жиберет? Анткени, сотторго жазып отурбай ошол өлкөнүн бийлигине кайрылат. Ал эми өкмөттүн атынан ким жооп берээрин өздөрү чечишет. Анан бийликтен жөнөтүлгөн катты кароо уюмдун кезегинде турат. Мунун баары бир нече жылды талап кылат, – деди саясатчы Феликс Кулов.

Кулов Текебаев боюнча арыздар эл аралык уюмдарда каралып бүткүчө саясатчынын абакта жаза өтөө мөөнөтү бүтүп калышы мүмкүн экенин божомолдойт. Бирок укук коргоочулар акыйкаттык үчүн аягына чейин соттошуу керек экенин белгилеп жатышат.

2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети "2007-жылы Нарындын убактылуу кармоо жайында өзүн асып алды" деп эсептелген активист Бектемир Акуновдун өлүмүн кайра териштирүүнү талап кылып, Кыргызстанга ал талаптарды аткарууга алты ай мөөнөт чектеген. Бирок азырынча ал иш боюнча тиешелүү органдардан жооп боло элек.

Активисттин уулу Урмат Акунов БУУнун комитетине сот жүрүп жаткан жылдары арыз менен кайрылган. Туугандары Акуновдун денесинде кыйноо белгилери болгонун, ал тумчуктурулуп өлтүрүлгөнүн айтып келишет. Маркумдун уулу Урмат Акунов БУУнун чечими жоопсуз калганына нааразы болуп жүрөт.

Урмат Акунов, активист Бектемир Акуновдун уулу.
Урмат Акунов, активист Бектемир Акуновдун уулу.

- 2007-жылдагы, андан кийинки чечимдерде дагы "Бектемир Акунов өзүн өзү өлтүргөн" деген чечим чыгарган. Болгону "шалаакылык" деген берене менен кылмыш ишин козгоп коюшкан. Бирок БУУ "кайрадан тергелсин, өзүн өлтүргөн эмес" деп чечим чыгарып берген. Атабызга бийлик жапкан жалааны жокко чыгарып бергени жеңиш болгон. Саясий болобу, карапайым адамбы, мамлекет ар бир жаранга чыгып келген чечимге баа бериши керек болчу.

Урмат Акунов күчтүү жактоочулар менен Текебаев боюнча эл аралык уюмда арыздын каралышын тездетүүгө болоорун айтууда.

Кыргызстан - БУУнун адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык конвенциясына кол койгон өлкө. Ошол эле учурда укук коргоочулар акыркы жылдары өлкөдө адамдын түпкүлүктүү укуктарына байланышкан эл аралык келишимдерди аткарууда кемчиликтер кетип жатканын белгилеп келатышат.

Бийлик БУУнун Азимжан Аскаров боюнча кайрылуусун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалаган. Укук коргоочулар Баш мыйзамдын адам укуктарына байланышкан беренелерин кыргыз бийлиги дал ушул Азимжан Аскаровдун ишинен кийин өзгөрткөнүн айтып жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG