Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновду абакта калтырды


Текебаев менен Чотонов быйыл жазында кармалган.
Текебаев менен Чотонов быйыл жазында кармалган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата мурдагы сот өкүмү күчүндө калтырылды. Мындай чечим бүгүн Кыргызстандын Жогорку Сотунда кабыл алынды.

21-ноябрда Жогорку Соттун судьялар коллегиясы чыгарган чечимди оппозиционерлердин жактоочулары “саясий буйрук” катары баалап, эми эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрыларын айтышты.

20-21-ноябрда өткөн соттук жараянга абактагы Текебаев менен Чотонов катыштырылган жок. Жогорку Сот судьялар коллегиясы чечим чыгаруу үчүн кеңешкени баратканда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түрмөдөн жазган катын адвокаты Канат Хасанов окуп берди.

Абактагы оппозиционер Өмүрбек Текебаев ишти караган Жогорку Соттун судьяларына кайрылып, кимдир бирөөнүн "малайына айланып" калбоону эскерткен:

- Силердин чечим тагдыр чечүүчү чечим. Сиздер Текебаевдин иши боюнча чечим чыгаруу менен элдин сотторго болгон ишенимин актайсыңар же биротоло тебелеп жок кыласыңар. Текебаевдин иши Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу иш. Анын жүрүшүнө бүт коомчулук көз салып турат. Жогорку Соттун судьясы деген наамыңарга татыктуу болгула. Силер Конституцияга жана мыйзамга кызмат кыласыңар.

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновду абакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:42 0:00

Соттук коллегия дээрлик бир сааттык кеңешмеден кийин Текебаев менен Чотоновго чыккан Биринчи Май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Адвокаттардын сот залында келтирген өтүнүчтөрү канааттандырылган жок, болгону мунапыстын негиздемеси гана өзгөртүлүп, анын мазмуну ошо бойдон калды.

"2014-жылдын 27-январындагы чыккан “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына мунапыс жөнүндө мыйзамы" деген сөздөр "2011-жылдын 19-июлундагы “КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” деп алмаштырылды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын" деп чечим менен тааныштырды сот отурумунун төрагасы Кеңешбек Токтомамбетов.

Сот чечимин аягына чейин угуп-укпай эле Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары “сотторго уят” деп кыйкырып, нааразылык билдиришти.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко сотторду “бийликтин саясий буйругун аткарды” деп сындады.

- Азыр Жогорку Сот сот реформасынын табытынын капкагына мык урду. Бүгүнкү күндө биз Жогорку Сотко да ишеним кеткенин көрүп жатабыз. Салык төлөөчүлөр бардык саясий буйрукту аткарган паракорлорду багып жатат.

Оппозициялык фракциянын депутаты акыркы инстанциянын чечими чыкканына карабай партиянын лидеринин жана таасирдүү мүчөсүнүн актыгын далилдөө үчүн аракеттер уланарын айтты.

Ал эми Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов кылмыш ишиндеги жаңы жагдайларды карап чыгышарын жана аны менен катар эл аралык укук коргоочу уюмдарга кайрылышарын айтты.

- Азыр документтерди дагы бир сыйра караштырабыз. Балким жаңы жагдай издегенге аракет жасайбыз. Мындан тышкары Адам укуктары боюнча эл аралык, Европа сотторуна кайрылабыз.

Мамлекеттик айыптоо Текебаев менен Чотоновго жаза чегерүүдө колдонулган мунапысты алып салууну соттон суранып, өтө оор кылмыштарга мунапыс колдонулбай турганын эскерткен. Баштапкы өкүмгө ылайык, мунапыс боюнча Текебаев менен Чотоновдун жаза мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Тергөө абагында жаткан бир күнү эки күндөн деп эсептелет. Ошентип эки саясатчынын абак мөөнөтү төрт жарым жылды түзөт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Текебаев жана Чотоновдун иши боюнча эл аралык сотторго кайрылса болорун айтат. Эми адвокаттар эки саясатчынын ишинде эл аралык нормалардын бузулганын негиздеп бериши керек.

- Кулов камалганда эл аралык стандарттарга туура келбеген бир укук бузуу болгон. Ал кармалган учурда эч ким менен байланыша алган эмес. Ушул сыяктуу эл аралык стандарттарга туура келбеген 28 берене бар. Ошолордун кайсынысына туура келген жок деп карап чыгыш керек. 2016-2017-жылдары биз сегиз жеке арыз менен БУУга кайрылдык. Баары кабыл алынды, себеби биз кайсы эл аралык беренелерге туура келбегенин так көрсөттүк. Бул абдан татаал иш.

Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен соттолуучулардын адвокаттары да, прокурорлор да кайрылышкан.

Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекованын Жогорку Соттогу отурумга соттолуучуларды катыштыруу тууралуу өтүнүчүн “соттук коллегия“ дароо четке какты.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов, 11-август, 2017
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов, 11-август, 2017

Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Октябрдын ортосунда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка жаза өтөөгө жиберилген.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG