Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:02

Түрк тилдүүлөр: идея жана кызыкчылыктар


Түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлери. Чолпон-Ата, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Кыргызстанда үч жылдык тыныгуудан кийин Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жогорку деңгээлдеги жыйыны өттү.

Бул уюмдун геосаясий аймакта салмагы кандай, уюмга мүчө өлкөлөрдү бириктире турган жалпы кызыкчылык барбы же кайсы бир өлкөнүн алдына бириктирүүгө аракет күчтүүбү, деги бул уюмдун келечеги кандай факторлорго көз каранды? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издөөгө аракет кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков жана Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов катышты.

“Азаттык”: Аликбек мырза, акыркы үч жылдан бери жылына чогула турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жогорку деңгээлдеги жыйыны эмне үчүн өтпөй келди, ага эмне себеп болду?

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Аликбек Жекшенкулов: Негизгиси саясий себеп болгон. Ток этер жерин айтсам, биздин мурдагы жетекчибиздин Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын лидерлери менен мамилесинин бузулганы өзүнүн терс таасирин тийгизген. Мамлекет башчынын жеке мамилеси өлкөнүн позицияларына да тескери роль ойноп коюшу мүмкүн. Кыргызстандын Түркия, Азербайжан жана Казакстан менен саясий, коопсуздук, коргонуу жаатында маселеси жок. Алар менен келишимдерибиз да бар, дипломатиябыз өнүгүп келет.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, бул уюмдун түзүлгөнүнө он жылга жакындап калды, ушул аралыкта Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши өз аймагындабы же эл аралык деңгээлде өз салмагын, таасирин көрсөтө алдыбы?​

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Чыныбай Турсунбеков: Албетте, бул суроо өтө олуттуу. Эгерде дүйнөдө болуп жаткан кайсы бир окуялар боюнча уюм бирдиктүү билдирүү менен чыкканда, анын таасири дагы артмак. Бир канча өлкөлөр бир позиция менен чыгып турганда анын күчтүүлүгү билинет, андай болгон жок.

Уюмга биригүүнүн тарыхы 1993-жылы башталган. Айрым маселелер боюнча орток позициялар болуп келген. Бирок, кийинки кездерде солгундап кетти. Мындай жыйындарда ар ким өзүнүн позициясын биринчи планга чыгарып келаткандыктан ошондой жагдай түзүлүп жатат. Мындан сырткары биз мүчө болгон же башкалар мүчө болгон аймактык жана эл аралык уюмдар бар, алардын позициясы менен кайчы келип калышы мүмкүн. Мисалы, Кара-Деңиз өлкөлөрүнүн көз караштары менен биздин аймакка кирген өлкөлөрдүн позицияларында айырмачылыктар чыгып калышы ыктымал. Ошондуктан чоң саясатта орток пикирлерди табуу бир топ кыйынга турат.

“Азаттык”: Аликбек мырза, мамлекет башчыларынын жыйынында көптөгөн демилге, идеялар көтөрүлөт, алардын ишке ашканы кандай? Мисалы, казак лидери Назарбаев уюмга мүчө мамлекеттердин арасында бажы союзун түзүү идеясы көпчүлүккө жаккандай болгон, кийин колго алынбай унутта калды...

Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын ойлоп келгенде жалпы жыйындагы идеялар колдоо таппай, өкмөттүн деңгээлине барганда токтоп калган учурлар болгон.
Аликбек Жекшенкулов.

Аликбек Жекшенкулов: Мурда бул уюм “Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити” деп аталчу. Ошондон бери эле президенттер тарабынан көп сунуш-пикирлер, идеялар айтылып келген.

Эмне себептен биз күткөндөй боло алган жок. Анткени түрк тилдүү мамлекеттерде саясий системасы, экономикалык абалы, реформалардын жүрүшү, чарба жүгүртүүсү ар башка болду. Ал мамлекеттердеги тышкы саясат лидерлеринин көз карашына байланыштуу болуп келди. Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын ойлоп келгенде жалпы жыйындагы идеялар колдоо таппай, өкмөттүн деңгээлине барганда токтоп калган учурлар болгон. Айрым учурларда мыйзамдар айкалышпай калат.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, бул уюмга мүчө мамлекеттерди эмне кызыктырып, эмне бириктирип турат? Мамлекеттер ортосундагы тилдик окшоштугубуздан башка дагы эмне бизди жакындатат? Кызыкчылыгыбыз төп келген саясий, экономикалык максаттарыбыз барбы?

“Колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү” демекчи, экономикасы күчтүү мамлекеттердин сөзү өтүмдүү болгон учурлар болуп келет.
Чыныбай Турсунбеков.

Чыныбай Турсунбеков: Бизди бириктирип турган фактор – бул тилибиз жана динибиз. Экинчи фактор, бул “колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү” демекчи, экономикасы күчтүү мамлекеттердин сөзү өтүмдүү болгон учурлар болуп келет.

“Азаттык”: Аликбек мырза, жыйында Азербайжан президенти башка мүчө мамлекеттерге Тоолуу Карабакта армян оккупациясын таанууну көтөрдү, түрк президенти Фетхуллах Гүлен кыймылы менен күрөшүүгө, өлкөлөр ортосунда улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүүнү сунуш кылды. Ушул сыяктуу демилгелер колдоо таппай калса, уюмдун келечегине кедергисин тийгизип койбойбу?

Аликбек Жекшенкулов: Илхам Алиев өзүнүн Азербайжан мамлекетинин улуттук кызыкчылыгынан, анын коопсуздугунан улам ошол маселени коюуда. Эрдоган дагы Түркия менен АКШнын мамилесинен жаралган көйгөйлөрүнөн улам улуттук валюталар менен эсептешүү демилгесин көтөрдү. Бирок турмуштагы реалдуулук башка нерсени айтып турат. Кыргызстанда түрк лирасын чогултуп, башка мамлекеттер менен эсептешүү мүмкүн эмес. Түркияга деле биздин сомубуздун кереги жок. Анын үстүнө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода балансында чоң айырма бар. Биз Түркияга аз эле товар экспорттойбуз, тескерисинче, Түркиядан Кыргызстанга көп товар кирет. Ошондуктан бул жерде маселе татаал....

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Түрк тилдүүлөр: идея жана кызыкчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:04 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG