Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Түрк кеңеши таасирдүү бирикме боло алабы?


Чолпон-Ата: президенттер саммитке даяр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Чолпон-Ата.

Буга чейин маданий-гуманитардык байланышты чыңдоого багытталган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюму таасирдүү саясий бирикмеге айланабы деген маселе саммиттин жыйынтыгын талдоонун башкы темасына чыкты.

Анда орчундуу саясий маселелер көтөрүлүп, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорт-логистикалык кызматташтыкты жолго коюу боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүлөрү анын ири уюмга айлануу мүмкүнчүлүгүн караган талкууга жем таштады.

Бакунун саясий талабы

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмесинде Тоолуу Карабак маселесин көтөрүп, аны уюмдун алкагында кароону сунуштаганы саясат талдоочулар арасында кызуу талкууну жаратты.

Чолпон-Ата шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин саммити.
Чолпон-Ата шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин саммити.

Азери президентинин Арменияны айыптаганы жана аны Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын колдоп сүйлөгөнү бул уюмдун аянтчасында кызматташуунун саясий жагы дагы жанданганын ачыкка чыгарды. Парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев уюмдун алкагында азербайжан-армян чатагы сыяктуу маселени кароо кылдаттыкты талап кыла турган маселе экенин белгиледи:

- Бул уюм жаңыдан түзүлгөндө маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында эле сөздөр сүйлөнүп, анда жетекчилер тарабынан аярлап кадам ташталган болсо, азыр эми уюмдун алкагында өз ара саясий колдоо жана аскерий кызматташтык боюнча да маселе көтөрүлүп калышы мүмкүн экени белгилүү болуп калды. Муну биз соңку саммиттеги көтөрүлгөн маселелерден улам белгилесек болот. Бирок бул жерде биздин кыргыз дипломатиясы эске ала турган орчундуу жагдайлар бар. Анткени биз бир эле учурда ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдарга дагы мүчөбүз. Бул жагдайдан алганда, албетте, кызыкчылыктар кагылышы болбой койбойт. Мына ошонун баарын өлчөп туруп, кеңешип анан саясат жүргүзүү туура болот.

Саясий бирикмеге бышып жетилген уюм

Буга чейин Азербайжан жетекчилиги Тоолуу Карабак маселеси боюнча Бакуну жактаган Исламабад декларациясына кол коюудан баш тарткан Кыргызстанга расмий түрдө таарынычын билдирген. Мына ошондон уламбы азери президенти Чолпон-Атадагы жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунан колдоо күтөрүн ачык эле айтты. Бирок бул маселени түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешмесинин кийинки жыйындарынын күн тартибине киргизүү маселеси каралган жок. Анткен менен маселенин түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде көтөрүлүшүнүн өзү саясат талдоочулар арасында уюмдун аянтчасында саясий-аскердик кызматташтыкты кароого түрткү берүүчү жагдай катары каралды.

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммитине келген лидерлер.
Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммитине келген лидерлер.

Саммиттин жыйынтыгында кол коюлган документтердин арасында түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясынын Концепциясы болду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев соода-экономикалык алаканы тереңдетүү үчүн уюмга мүчө мамлекеттер арасында тариф саясатын жана административдик эрежелерди жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков транспорттук коридорду кеңейтүү, ишкердикке шарт түзүү жана инвестициялык кызматташтыкты жолго коюу маселесин көтөрдү.

Саясатчы Кубатбек Байболов түрк тилдүү мамлекеттердин уюмун чөлкөмдөгү таасирдүү саясий бирикмеге айлантууга мезгил келгенин айтты:

- Түрк тилдүү мамлекеттердин калкынын саны 250 миллионго барабар. Мүмкүн азыр андан дагы көбөйгөндүр. Буга чейин биз маданий байланыштар менен эле чектелип келатканбыз. Азыр бардык багыттар боюнча кызматташтыкты жолго коюуга убакыт келди. Эми мындан ары социалдык-экономикалык, саясий-аскердик кызматташтыкты чыңдап, аны жогорку деңгээлге чыгаргандан кийин мындан дагы олуттуу чечим өзүнөн өзү бышып жетилет. Болбосо, ушул күнгө чейин бириндеп жүрүп, эмнеге жеттик. Биз бир тууган элбиз. Биздин маданиятыбыз, тамырыбыз, тарыхыбыз бир. Тилибиз бир, дилибиз бир. Анан азыр самитте биздин алаканы жогорку деңгээлге чыгарабыз деп сүйлөшкөндүн өзү чоң тарыхый чечим.

Кыргызстанда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кезектеги саммитине Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын келиши жана Европадагы ал мамлекеттин уюмга байкоочулукка кабыл алуу маселеси андагы өнөктөштөр арасында колдоо тапты.

Виктор Орбан менен Сооронбай Жээнбеков.
Виктор Орбан менен Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле буга чейин түрк кеңешмесине кирбей, оолактап келген Өзбекстандын уюмга толук кандуу мүчө болуу ниети аталган бирикменин географиясынын кеңейүү мүмкүнчүлүгүн шарттады. Мына ошондо өзүнүн нейтралитет макамын жарыялаган Түркмөнстандан сырткары түрк тилдүү төрт мамлекеттин саясий союзу - Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана бешинчиси Өзбекстан менен толуктала турган болду.

Бирок бул мамлекеттер башын бириктирип, таасирдүү саясий-аскердик жана экономикалык бирикмеге айланышына ишенбегендер дагы бар. Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешмесинин баш катчысынын мурдагы орун басары, саясатчы Адахан Мадумаров бул мамлекеттерди толук кандуу күчкө бириктирип жибербей турган күчтөр бар экенин белгиледи:

- Эгерде түрк тилдүү мамлекеттер биргеликте саясат жүргүзсө, анда бул уюм аябагандай чоң күчкө ээ болгон эл аралык бирикме болмок. Бирок ага тишелүү мамлекеттердин өздөрүнүн күчү жана эрки жетпейт. Анткени андагы ар бир мамлекет ар башка жакка байланган. Алар бири-бирине карама-каршы тарапта турган эл аралык аянтчада жайгашып калышкан. Ошондуктан алар маданий кызматташык сыяктуу маселени карагандан ары карай жыла алышпай келишти. Көпчүлүк учурларда маданий-гуманитардык маселелер талкууга алынып, анан "бул жерде саясий-аскердик блок түзүүгө байланышкан эч кандай маселе жок" деп актануу менен чектелген жыйындардан ары кете албай калышкан.

Дипломаттар арасында түрк тилдүү мамлекеттерди күчтүү уюмга биригүүгө тоскоол болчу жагдайлар катары алардын өнүгүү ыргагынын ар башкалыгы, биринин улуттук кызыкчылыгы, экинчисине каршы келген учурлары жана ал мамлекеттердин башка эл аралык уюмдардын астындагы милдеттемелери тизмектелди.

Ушуга окшогон маселелер жөнгө салынганда гана уюмдун ишмердигин натыйжалуу уюштурууга мүмкүн болорун айткан мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев буларга токтолду:

- Соңку жылдары түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмесинин саммити ар кандай себептер менен өткөрүлбөй келген. Башында бул уюм түзүлгөндө тарыхый, маданий байланыштарды кеңейтүү, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана эл аралык уюмдардын алкагында бири-бирине саясий колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн болчу. Бирок тилекке каршы ар бир мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы роль ойногон же болбосо мамлекет башчыларынын жеке дымагы таасир эткен жагдайлардан улам уюмдун жыйындарына толук курамда чогулуп, натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу жагы кечеңдеп келген.

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммитине келген лидерлер.
Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммитине келген лидерлер.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмеси уюму 2009-жылы 3-октябрда Түркиянын, Казакстандын, Азербайжандын жана Кыргызстандын демилгеси менен негизделген. Бул макулдашууга Нахичеван шаарында кол коюлуп, уюмдун штаб-квартирасы Стамбулда жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG