Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Абазбеков: Кагазда баары жакшы, иш жүзүндө...


Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги Сура-Таш айылы
Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги Сура-Таш айылы

Бир жагынан Тажикстандын Чоркух, Ворух анклавдары, бир жагынан Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткен аймагында чек ара, суу маселелери дагы деле оор абалда.

Өткөн аптада Сохко капталдаш жайгашкан өзбек-кыргыз айылдарында бири-бирине суу бербей, ага жооп катары жол буумай аракеттери дагы кайталанды.

“Азаттык” “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткендеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Роберт Абазбековду кепке тартты.

- Баткен аймагындагы чек ара, суу маселелерин чыр-чатакка жеткирбей чечүү жолдору сиздердин уюм тарабынан далай эле иликтенип келатат. Кандай жолдорун сунуштайсыздар?

- Бул маселе көптөн бери, Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле талкууланып келатат. Бирок жергиликтүү, райондук, облустук деңгээлде чечимдер кабыл алынганы менен алар толук аткарылбай жатат.

Ушул тапта чынында өтө чоң көйгөйлөр бар. Мисалы, аныкталбаган чек аралар, сугат суу, таза суу, жайыт маселеси. Былтыр Сохто жайыт маселеси да мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп, араң чечилген. Андан кийин жол, чек арадан өтүү ж.б. көп маселелер бар.
Биз бири-бирибизге көз карандыбыз. Союздун тушунда курулган инфраструктуралар бизди бири-бирибизден көз каранды кылып койгон.

Азыр "чек аралар аныкталса эле бул маселелер чечилет" деп айтып атышат. Бирок мен чек ара аныкталган күндө да чечилбей кала берет деп айтат элем. Себеби ошол эле анклавдардын ичинде Кыргызстандын айылдары бар. Мисалы, Сохто Апкан, Бөжөй деген айылдар бар. Бул айылдар тоо тараптан гана Кыргызстан менен чектешет.

Ал эми Тажикстандын анклавдарына, чек ара бекеттерине көз каранды айылдар бар. Мисалы, Аксай айылына баруу үчүн сөзсүз түрдө тажик чек ара бекетинен өтүшүбүз керек. Ошондуктан бул жерде өз ара келишүү жолдору менен жергиликтүү жана мамлекеттик деңгээлде бул маселелерди чечүүгө болот.

- Ар бир жолу ушундай жол, суу, чек ара маселеси чыгып, кырдаал курчуп баратканда “мамлекеттик деңгээлде чечилди” деп айтылат. Бирок жыл айланбай эле "баягысы баягы, жолоочунун таягы" болуп, кайра ошол эле маселелер калкып чыгат...

- Мамлекеттик деңгээлде чечилгенде кандайдыр бир келишимдерге эки тараптуу кол коюлат. Бирок алардын аткарылышына көзөмөл жок. Бизде көп учурда ошол келишимдер кагаз жүзүндө гана калып кетет, ишке ашпайт.

Бул маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу абдан жогору. Алар жергиликтүү деңгээлде өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бизде мамлекет, өкмөт тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк укук берилиши керек, анткени алар жер-жеринде иштешет, өздөрүн курчаган көйгөйлөрдү абдан жакшы билишет.

Ал жерде аксакалдар бар, аялдар, жаштар комитеттери бар, ошолорду мобилизациялап, ушулар менен чогуу, конструктивдүү жол менен чечүүгө аракет кылышыбыз керек.

- Жергиликтүү башкаруу органдары чек арачыларды айыптаган учурлар бар, өзбек же кыргыз чек арачылары өз билемдик кылып, жаап же бууп салышты дешет.
Бизде көп учурда ошол келишимдер кагаз жүзүндө гана калып кетет, ишке ашпайт.

- Бул жерде бир гана чек арачыларды күнөөлөгөн туура эмес, себеби алар деле өздөрүнө коюлган тапшырманы аткарышат. Биздин чек арачылар да, алардын чек арачылары да өздөрүнүн милдеттерин аткарып атышат.

Мисалы, “Дивайрам” бекети жабылгандан кийин кыргызстандыктар Сохту жаап салышкан. Сох жабылгандан кийин өзбек тараптан суу өткөрүлбөй буулган. Биз бири-бирибизге көз карандыбыз. Союздун тушунда курулган инфраструктуралар бизди бири-бирибизден көз каранды кылып койгон.

- Ушундай эле кырдаал Тажикстан менен чектешкен аймактарда, анклавдарда бар. Суу талаш жыл сайын кайталанып келет.

- Ооба, Тажикстан менен алып караганда деле кырдаал так ушундай. Себеби ал жерде деле бир каналдан Тажикстандын бир нече, Кыргызстандын бир нече айылдары суу ичет.

- Бул маселелерди чечүүдө эл аралык уюмдар кандай көмөк көрсөтө алышат?

- Адегенде мындай чектеш аймактарда дайыма мониторинг жүргүзүп, кандай көйгөйлөр бар экенин тактап туруу керек. Жайыт, сугат суу сыяктуу маселелер көбүнчө жаз-жай айларында чыгат.

Чек арадан өтүү, жол маселелери дайыма болуп турат. Ошондуктан аларды чечүү боюнча жергиликтүү деңгээлде да, мамлекеттик деңгээлде да стратегия болушу зарыл. Биз аны толук чече албасак да кандайдыр бир деңгээлде ошол кырдаалды башкарып, оң жагына чечүүгө аракеттенүүгө тийишпиз.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG