Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

"Вечерний Бишкектин" көз кызарткан кирешеси


"Вечерний Бишкек" гезити.
"Вечерний Бишкек" гезити.

Кыргызстандагы ири "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн айланасында кезектеги жаңжал чыкты.

Өткөн аптада "Вечерний Бишкек" басылмасынын учурдагы жетекчиси Александр Рябушкинге экинчи кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Рябушкин "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жана мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 миллион сомдон өндүрүү боюнча соттун чечимин мыйзамсыз аткарган, басма үйүнүн акционерлерине материалдык зыян келтирген" деп айыпталууда.

Ага чейин басма үйүнүн мурдагы кожоюну Александр Ким да "Вечерний Бишкек" медиа холдинги Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда рейдерлик жол менен басылып алынган деп арызданып, кылмыш иши козголгон.

Бул иштер боюнча Александр Рябушкин шектүү катары Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Басма үйүнүн мурдагы директору Мурат Божокоев болсо сурак берип чыкты.

Муну менен өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма саналган "Вечерний Бишкектин" айланасындагы кезектеги мүлктүк териштирүү башталды.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлктүк талаштардын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын "Вечерний Бишкектин" кожоюну да өзгөрүп келет.

Акаевдин доорунда тутанган чатак

Бул жаңжалдын таржымалын баяндоодон мурда гезиттин тарыхына учкай токтоло кетели.

"Вечерний Бишкектин" башатында коммунисттик доордогу Фрунзе шаардык бийлигинин басма сөз органы болгон "Вечерний Фрунзе" гезити турат. Кыргызстан эгемендик алган соң аталышын өзгөртүп, гезиттин жамааты кожоюн деп таанылган.

Басылманын башында ал кездеги редактор Александр Ким туруп, кийин көпчүлүк үлүшүнө ээлик кылып калган.

Басма үйдүн курамында "Рубикон" деп аталган жарнама компаниясы уюштурулуп, ал кирешелүү бизнеске айланган.

Александр Рябушкин.
Александр Рябушкин.

"Рубикондун" 50 пайыздык үлүшүнө ээлик кылган Александр Рябушкин өз үлүшүн ошол кездеги президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге 2000-жылы сатканы кабарланган.

Кийин Тойгонбаев баш болгон мурдагы бийлик өкүлдөрү басма үйдү толугу менен өз колуна алган. Александр Ким жетектеген гезиттин жамааты муну "рейдерлик басып алуу" деп атап, ал кездеги бийликке каршы оппозицияга өткөн.

2005-жылы март ыңкылабынан соң Акаевдердин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Александр Ким басылманы өз ээлигине кайтарып алган. Ал учурда медиа холдингдин курамы кеңейтилип, кыргыз тилинде чыккан “Жаңы Агым” гезити, vb.kg интернет порталы иштей баштаган.

Андан туура он жыл өткөн соң 2015-жылы "Вечерний Бишкектин" айланасындагы кезектеги мүлк талаш орун алды.

Бир убакта өз үлүшүн Акаевдердин жакындарына сатты деген Александр Рябушкин сотко арыз менен кайрылып, кезегинде үлүшүн күчтөп тарттырып жибергенин айтып чыккан.

Арызды алгач Биринчи май райондук соту, кийин башка баскычтагы соттор канааттандырып, холдингдин кожоюну катары Рябушкинди тапкан.

Экинчи жолу басылмадан кетүүгө аргасыз болгон Александр Ким соттордун мындай чечиминин артында бийлик турганын такай билдирип келген.

Тактап айтканда, мындай аракетти экс-президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов уюштуруп жатат деп шек санаган. Ниязов мындай божомолдорду четке кагып келет.

Эми кезектеги бийликтин алмашуусу менен "Вечерний Бишкектин" айланасында мүлктүк териштирүү башталып, Рябушкин камакка алынып отурат.

Акча жана кысым

Адистер өлкөдөгү кирешелүү жана ири басылманын мындай тагдырга туш болушун ар түрдүү себептер менен түшүндүрөт.

Журналист, медиа эксперт Азамат Тынаев "Вечерний Бишкектин" айланасындагы талаш каржылык кызыкчылыктан улам келип чыгарын айтууда:

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

- “Вечерний Бишкектин” айланасында канча жолу чыр чыгып, канча жолу рейдерлик басып салуу жөнүндө сөз болуп жатат. Мунун себеби, “Вечерний Бишкек” эң ири рекламалык компаниянын ээси. Гезиттик жарнаманын монополисти болуп калган. Жарнама менен кошо сөзсүз чоң акча түшөт. Менин пикиримде, талашка саясаттан мурда акча себеп болуп жатат.

Ал эми "Жаңы Агым" гезитинин редактору Аскер Сакыбаева басма үйү бийликтен көз карандысыз саясат жүргүзгөнү үчүн ушундай тагдырга туш болду деген ойдо. Ал "Вечерний Бишкектин" окуясы башка медиа уюмдарга сабак болгонун айтууда:

- “Вечерний Бишкек” туш болгон тагдыр бийлик менен чыр-чатагы жок массалык маалымат каражаттары үчүн чоң сабак болду. Ар ким өзүнүн тилин ичинен эле тыйып, “ушундай абалга түшүп калбайлы, “Вечерний Бишкек” ушундай кырдаалга туш болуп атса, биз эмне болобуз?” деп сестене түштү. Бул көрсөтмөлүү жазалоо болду деп айтса болот.

"Вечерний Бишкекте" баяндамачы болуп эмгектенген, журналист Нарын Айып мындай мүлктүк чырдын улам-улам кайталанышына өз убагында бийлик, коомчулук жана журналисттердин мыйзамсыз иштерге көз жумганы себеп болуп жатканын белгиледи:​

Нарын Айып.
Нарын Айып.

- “Вечерний Бишкектин” окуясында журналистиканын ичинде чындык кайда экен, чынында кандай болгон деп эч ким изилдегиси келген жок. Фарид Ниязов чыгып сүйлөп койсо же ал кезектеги бийлик өкүлдөрү ушундай болду деп айтып койсо, ошол жетиштүү дегендей унчукпай калып жатышты. Чындыгында андай болгон эмес. Кандай болгонун, эмне болгонун изилдеп көрүш керек болчу. Маселен, Фарид Ниязов башкалар 2005-жылы Ким деле ушинтип тартып алган деп айтып жатат. Чындыгында Акаевдин күйөө баласы Тойгонбаев мырза “Вечерканы” басып алган. Ал март ыңкылабынан соң качып кеткен. Кийин Александр Ким мыйзам жүзүндө өз үлүшүн кайтарып алып, калган үлүш ээлерин бөлүшөлү деп чакырган. Бирок Тойгонбаев “Петровски Корпорейшн” деген фирмага каттатып койгон экен. Ал Нью-Йоркто каттоодон өтүптүр. Аларды сотко чакырган каттарды жетти деген билдирме келген. Ошондуктан, 50 пайызды Кимге берип, калган 50 пайызы токтотулган. Мына ушуларга карабай туруп, кийин алып коюшту. Буга кезектеги мүлк талаш деп эч ким көңүл бурган жок.

Нарын Айып азыркы иш мыйзам чегинде каралып, мыйзамдуу кожоюндары кайрадан басылмага ээлик кылышы керектигин белгиледи.
Азырынча басылма мурдагы ээси Александр Кимге кайра өткөрүлүп берилеби же берилбейби белгисиз.

Бирок буга чейин Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов рейдерлик басып алуу боюнча арыз бергенин билдирип, мыйзамдуу үлүшүн кайтарып алууга аракет кыларын билдирген:

- Александр Кимдин арызынын негизинде Башкы прокуратура рейдерлик басып алуу боюнча кылмыш ишин козгоп, Ички иштер министрлигине тергөө жүргүзүүнү тапшырган. Учурда иликтенип жатат. Кимдин арызы боюнча иш козголгон, учурда ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы иш жүргүзүп жатат.

Бирок сот иштери аяктамайынча, окуянын кандай өнүгөрү тууралуу айтуу кыйын. Ошол эле кезде "Вечерний Бишкек" башынан өткөргөн окуялар Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы медиа айдыңдагы жалпы абалды чагылдырат деген пикирлер бар.

Гезитте бир нече жыл иштеген журналист Азамат Касыбеков басылмадагы олку-солкулук өлкөдөгү жалпы журналистиканын деңгээлине терс таасирин тийгизгенин белгиледи:

- Дал ушундай чыр-чатак “Вечерний Бишкектин” чыгармачыл жамаатына абдан терс таасирин тийгизди. Кинодо айтылгандай “улам бир кызылдар, бир актар” келип, кожоюн алмашканы ушундай ири басылманы абдан чарчатты. Болбосо эң күчтүү журналисттер топтолгон, таасирдүү маалымат каражаты болгонун эч ким танбайт.

Александр Ким.
Александр Ким.

Басылмадагы кожоюндун алмашканы өлкөдө жаңы маалымат каражаттарынын ачылышын шарттаган. Алгач "Вечерний Бишкек" мурдагы президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин колуна өткөндө, Александр Ким баштаган жамаат "Моя столица" деген гезитти ачкан. Ал гезит бийликтин кысымынан улам соттун чечимине ылайык жабылып, "МсН" же "Моя столица Новости" деген аталыш менен гезит чыгара баштаган.

Акаевдин бийлигине оппозиция болгон бул гезит 2005-жылы 24-марттагы ыңкылаптан соң Александр Ким "Вечерний Бишкекке" ээлик кылуу укугун кайтарып алып, ишмердигин уланткан.

2015-жылы "Вечерний Бишкек" Александр Рябушкиндин колуна өткөндө басылманын Интернет порталы vb.kgнин жамаатынын бир бөлүгү "Заноза.кг" маалымат порталын түзүшкөн. Кийин порталга миллиондогон доолор салынган соң жамаат "Кактус.кг" аттуу порталды негиздеп, учурда иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG