Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:15

Цемент заводунун дагы бир ээси чыкты


Сүрөт www.ykc.kg сайтынан алынды.
Сүрөт www.ykc.kg сайтынан алынды.

Ош менен Баткен облустары талашып жаткан Кызыл-Кыя цемент заводу турган жердин дагы бир ээси пайда болду. Алар ошол эле Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургундары.

Ынтымактыктар совет бийлигинин тушундагы архивдик документтерге таянып, цемент заводу турган жердин чыныгы ээси деп өздөрүн аташууда. Бирок буга чейин ал жерди Ноокаттын Кулатов айыл өкмөтү менен Кызыл-Кыя шаары талашып келген.

"Балдарыбызга эмне деп айтабыз?"

Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын элүүдөй тургуну топтолуп, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө келишти.

Алар өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов менен жолугушту. Ынтымак айылынын тургундары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары менен Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтү талашып жаткан "Түштүк-кыргыз цемент" заводу турган жердин чыныгы ээси Ынтымак айыл өкмөтү экенин президентке жеткирүүнү талап кылышты.

Ынтымак айылынын тургуну Рустам Төрөбеков азыр талаш болуп жаткан жер аянты 1958-жылы Кызыл-Кыя шахтасына берилгенден бери кайтарылбай калып кеткенин айтты:

Рустам Төрөбеков.
Рустам Төрөбеков.

- Азыркы Ынтымак айылы 1958-жылы Сталин колхозу болуп турган. Ошол жылы Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин комсомолу атындагы көмүр шахтаны ачыш үчүн азыркы цемент заводу турган 210 гектар жерди бизден алган. Жер кошуна турган колхоз-совхоздордун катышуусунда түзүлгөн актынын негизинде көмүр шахтанын карамагына берилген. Азыркы Кулатов, ошол кездеги Ленин совхозунун аты кошуна катары гана актыда көрсөтүлгөн. Архивдик документтерде Министрлер советинин, облисполкомдун чечимдери, Сталин колхозунун 210 гектар жерин шахтага мөөнөтсүз колдонууга алуу жөнүндө чечимдер чыккан. "Шахта ачыш үчүн жерди бергиле" деди, биздин эл бийликке баш ийип, жерди берди. Бул ошол жердин картасы. Ал жер боюнча Кыргызстанда мындан башка документ жок.

Ынтымактыктар азыр талаш болуп жаткан 210 гектар жердин документтерин изилдеш үчүн беш кишиден турган активисттер тобун шайлашкан.

Активисттер тобу айыл тургуну Рустам Төрөбековдун төрагалыгы менен архивдик документтерди үч ай казышкан.

Айыл активисти Рустам Төрөбековдун айтымында, 1987-жылы шахтада инвентаризация жүрүп, сөз болуп жаткан жер Ноокат районунан алынган аянт катары дагы бир жолу картага түшүрүлүп, шахтанын архивинде сакталып калган. Ал картада жердин түпкү ээси катары Ноокат районунун Сталин колхозу, ошондогу ээси шахта болуп көрсөтүлгөн.

- Жерди Сталин колхозу (азыркы Ынтымак айылы) шахтага бергендиги аныкталды. Жер Кызыл-Кыянын эмес, Ленин шахтасынын жери болуп калганы аныкталды. Ал арада Сталин колхозу Ленин совхозунун (азыркы Кулатов айыл өкмөтүнүн) карамагына кирип калган. Бирок 1996-жылы Сталин колхозу Ынтымак айыл өкмөтү болуп, Ленин совхозу Кулатов айыл өкмөтү болуп кайра бөлүнгөн. Ошол эле жылы ошондогу өкмөт башчы Апас Жумагулов Ленин комсомолу шахтасын жоюу тууралуу токтом чыгарган. Токтомдо шахтанын жери түпкү ээсине кайтарылышы керек экени да көрсөтүлгөн. Демек, 210 гектар жер түпкү ээси Ынтымак айылына кайтарылышы керек эле да?, - деди Төрөбеков.

Ынтымак айылынын тургундары азыр жарыялап жаткан маалыматтар буга чейин эч жерде айтылган эмес.

Ал арада Кызыл-Кыя цемент заводу курулуп, жерди Кызыл-Кыя шаары менен Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтү талашып келет.

Ынтымак айылынын тургуну Камбар Ысмайылов болсо Ынтымак айылынын жери аз экенин жүйө келтирип, жерди урпактарына кайтарып берүүнү каалап жатканын айтты:

Камбар Ысмайылов.
Камбар Ысмайылов.

- Биз да карып калдык. Эртең ары карап кетсек, биздин балдар эмне дейт? "Аталарыбыз көрүнгөн жерди кошуналарга таратып берип, жеп-ичип, анан мазарга барып жатып алды" дебейби? Чындыгында эле азыр Ынтымак айылынын арзыбаган аз гана жери калыптыр. Азыркы калган жерибиз же балдарга там салганга жетпейт, же жарытып дыйканчылык кылганга жетпейт, же жалчыган жайыт жок. Жердин аздыгынан айыл өкмөттүн 5 миллион сом бюджети бар экен. Беш миллион сом азыр майдараак ишкердин чөнтөгүндө жүргөн эле акча да! Ушул жагынан алганда да биз ал жерди талашканга аргасызбыз.

Айылга кайтаруу аракети көрүлөт

Бирок ушул күнгө чейин жерди Кызыл-Кыя шаарынан талашып келаткан Кулатов айыл өкмөтү талаш жерге Жогорку соттун чечими менен ээ болгонун жүйө кармап жатат.

Кулатов айыл өкмөт башчысынын орун басары Данияр Көчкөнов ынтымактыктардын жер талашуусуна эч кандай негиз жок деп эсептейт:

Данияр Көчкөнов.
Данияр Көчкөнов.

- Азыр цемент заводу турган 210 гектар жерге Ынтымак айыл өкмөтүнүн эч кандай тиешеси жок. Бул маселе Жогорку соттун чечими менен чечилген.

Ошонун негизинде жерге Кулатов айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик акт берилген. Алар эми мыйзамдуу эле нерсени ар жакка бурмалап жатышат. Алар ошол цемент заводунан түшүп жаткан салыкка ээ болгусу келип жатышат. Негизи азыр Кызыл-Кыя шаары алып аткан каражат да мыйзамсыз. Себеби, жер Кулатов айыл өкмөтүнүкү.

Бирок буга чейин "талашууга негиз жок" деп, жер талашка аралашпай келаткан Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жоробеков архивдик документтер менен таанышкандан кийин "жер Ынтымак айыл өкмөтүнүкү" деген сөздөргө ынанганын билдирди: ​

Нурбек Жоробеков
Нурбек Жоробеков

- "Цемент заводу жайгашкан 210 гектар жер Ынтымак айылына караштуу" деген пикирлер биздин аксакалдар тарабынан мурдатан бери эле айтылып келкен. Бирок ага бир да далилдүү документ жок эле. Азыр айыл аксакалдары архивдерди казып, жердин Ынтымак айылына караштуу экенин ырастап беришти. Ошол документтердин негизинде айыл аксакалдары ошол жерди айылга кайтарууга аракет кылышымды талап кылып бир нече жолу келишти. Алар көрсөткөн документтерден улам мен да ал жер Ынтымак айылына караштуу экенине ынандым. Ошондуктан азыр ошол документтердин негизинде жерди айылга кайтаруу үчүн тийиштүү жерлерге кайрылууга даярданып жатабыз.

Ынтымактыктар айтып жаткан жер боюнча талаш токтобой келет. Буга чейин өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев талаш жер иш жүзүндө Баткендин Кызыл-Кыя шаарына таандык экенин айткан:

- Бул цемент заводу негизи башында жаңыдан түзүлгөн Баткен облусунун экономикасын көтөрүш үчүн курулган. Документтер боюнча бул цемент заводу турган жер Кызыл-Кыя шаарына карайт. Бирок көп жылдан бери бул боюнча талаш-тартыш болуп келе жатат. Себеби ошонун астында бир айыл бар. Ал жерде өндүрүштүк тилке бар. Ал айылга таза суу алып бардык, жолун оңдодук, мектеп, эмкана курдук. Анда жашаган тургундардын каттоосу бизде турат. Анан бул жер бир картада бир жакка, экинчисинде экинчи тараптын чек арасына кирип калганы үчүн талаш токтобой келе жатат. Бирок иш жүзүндө ал жер аянты Кызыл-Кыяга карап турат.

Талашка түшкөн 210 гектар адыр жер Ош облусундагы Ноокат районунун Ынтымак, Кулатов айыл өкмөттөрү менен Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда орун алган. Мурда эч ким маани бербеген адыр цемент заводу курулгандан кийин өрөөндөгү ар кайсы административдик башкармалыктардын кызыгуусун ойготту. Азыркы Ынтымак айылы союз учурунда Кызыл-Кыя шаарынын көмөкчү чарбасы болуп турган. Бул айыл кийинчерээк Ленин совхозунун (азыркы Кулатов айылынын) карамагына кирип, өлкө эгемендик алгандан кийин бөлүнүп чыккан.

Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов "Түштүк-кыргыз цемент" заводу орун алган жердин ээсин аныктоо боюнча мекеме аралык комиссия гана талашка чекит коёрун билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG