Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Мальтада премьер-министр алмашты


Киши колдуу болуп өлгөн журналист Дафна Каруана Галициянын сүрөтү. 16-октябрь, 2018-жыл.
Киши колдуу болуп өлгөн журналист Дафна Каруана Галициянын сүрөтү. 16-октябрь, 2018-жыл.

12-январда парламенттин депутаты Роберт Абеленин премьер-министрликке талапкерлигин Лейбористтер партиясы 58% добуш менен колдоп беришти. 42 жаштагы Абела кесиби боюнча юрист. Анын атасы Жордж Абела 2009 -2014-жылдары Мальтанын президенти болгон.

- Мен мурункудай эле катачылыктарга, жаңылыштыктарга көз жуумп койбойм. Биз сабак алган жаңылыштыктар менен биз кайталабай турган каталар болот, менин сөзүмө ишенип койгула, - деди ал шайлангандан кийинки сөзүндө.

Мальтанын экс-премьер-министри Йозеф Мускат былтыр декабрдын башында журналист Дафна Каруана Галициянын өлүмүнө байланыштуу кызматтан кетүүгө убада берген.

Журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп өкмөттө таасирдүү байланыштары бар белгилүү ишкер Йорген Фенекке шектүү катары камакка алынган.

Антикоррупциялык блогу менен таанылган журналист Галиция «Панама досьеси» менен да алектенген. Анын машинесин 2017-жылдын октябрында баш калаа Валеттада жардырып жиберишкен. 53 жаштагы журналист Галициянын өлтүрүлүшү боюнча Мальтада эки бир тууган менен алардын курбусу 2017-жылы камакка алынган. «Reuters» агенттиги аларга киши өлтүрүү үчүн 165 миң доллар төлөнгөнүн жазган.

XS
SM
MD
LG