Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

“Масалиевди жети кишинин ичинен тандап алышкан”


“Масалиевди жети кишинин ичинен тандап алышкан”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:13 0:00

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку мейманы "легендарлуу парламенттин" депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов.

Ал маегинде илимден мамлекеттик кызматка өткөнү, ага ким сүрөгөнү, Усубалиевдин 25 жылдык бийлик сыры, Масалиев кантип биринчи жетекчи болгону, Таштанбек Акматовду баатыр кылганы, эки чанач кымыз, бир козу белеккке алганы ж.б. сырлары менен бөлүшөт.

- Кубанычбек агай, сизди мамлекеттик кызматка алып келген, таптаган, даярдаган деп кимдир бирөөнү атай аласызбы?

- Мени комсомолдон бери үйрөтүп, такшалтып, таптап жүргөн адамдардын бири - ошол кездеги жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Акылбек Муратович эле. Ал Сузакта комсомолдун райондук комитетинин биринчи секретары болгон, комсомолдук-партиялык иште бир топ такшалып калган жигит болчу. Мени окууга, комсомолдун съезддерине делегат кылып көрсөтүп жүрдү. Эл кыдырабыз, “Билим” коому аркылуу жер-жерлерде жаш окумуштуу катары лекцияларды окуйбуз. Ошентип ал кишинин жардамы менен көп нерсени көрдүм, үйрөндүм.

- Сизди Турдакун Усубалиевичтин кол баласы болчу, колуна суу куйуп чоңойгон, анын колдоосун аябай көрдү, дегендер бар. Буга эмне дейсиз?​

- Албетте, Турдакун Усубалиевичтин көмөгү бар. Мени Борбордук Комитетке кызматка алып жатканда өзү жылуу кабыл алып, акыркы эки жылдан бери эмне менен алек болуп жүргөнүмө кызыккан эле. Анткени Илимдер академияда иштеп жүргөндө эки жыл Борбордук Комитет менен штаттан сырт кызматташып, алардын сыноосунан өтүп жүргөм. Ал кездеги Ак үйгө аппаратына кызматка алыш үчүн төмөнтөн баштап бюрого даярдап, бир топ бөлүмдөрдөн, тиешелүү секретарлардын сыноосунан өткөрүшчү. Эң акырында Усубалиев өзү кабыл алып, сүйлөшчү. Ал киши кызматкердин кийинки карьерасы эмне болду, кандай иштеп жатат, деп да кызыгып турчу. Мисалы, мен Турдакун Усубалиевичтин колдоосу менен бир жылдан кийин эле БКнын партиялык комитетине жаш коммунист катары мүчө болгом.​

- Кубанычбек агай, Турдакун Усубалиевдин 25 жыл бийликте турушунун сыры эмнеде?

- Биринчиден, ал киши өз ишине таза жана берилип иштөөчү. Экинчиден, ошол кездеги мурун-кийин иштеген Борбордук Комитетинин катчыларынын арасында билимдүүсү болчу. Мындан сырткары Турдакун Усубалиевич, Москвада, Кремлде 10 жыл иштеп, мамлекеттик кызматта зор тажрыйба топтогон адам эле. Эң негизгиси Коммунисттик партиянын саясатына, ишине өтө берилген, аларды кынтыксыз аткарган адам эле. Кол алдындагыларды да күнү-түнү иштетчү. Москва менен Фрунзенин саат айырмасы 3 саат болсо да, Усубалиев Кремлдегилер кетмейинче отура берчү. Аны карап аппараттагылар да күтүп отурчубуз.

- Ошол эле учурда Усубалиев өзү демилге көтөрүп, өз алдынча саясат жасай алган эмес, жогору жакты эле карап отурчу, деген пикирлер да бар эмеспи...

- Анысы туура эмес. Башкасын коюп, азыркы Ак үйдүн курулушу Усубалиевдин жеке демилгеси болгон. Аны курарын уккан башка республиканын жетекчилери “эмне үчүн Кыргызстанга уруксат берет" дешип ичтери күйгөн. Аны жөнүн мындай болгон, Турдакун Усубалиевич да амалкөйлүк кылган. Кыргызстанда уран өндүрүлчү, ал “Средазметал” деген органга карап, СССРдин коргоо министрлигине баш ийчү. Убагында Москвадагы коргоо министрилигинин имаратынын сыртын бизден чыккан мрамор таш менен чапташкан, Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” деген пансионатты да ошол таш менен кооздоткон. Анан берки жетекчилерге, аркы министрлерге, кийин Брежнев, Черненкого чейин кирип, көндүрүп, макулдугун алып, каражатын бөлдүрүп, азыркы Ак уйдү курдурткан Усубалиевдин эмгеги унутулбашы керек...​

- Горбачев башкарып турган “кайра куруу заманында” көп талапкердин ичинен эмне үчүн Масалиев Кыргызстандын биринчи жетекчиси болуп калды деп ойлойсуз?

- Апсамат Масалиевич, ал кезде Ысык-Көл обкомунда биринчи катчы болуп иштеген. Москвадан чоңдор көп келип, көлдө эс алышып, чай-пай ичип турушкан, алар менен жакшы мамиледе болгон. Негизи ал киши абдан таза адам болгон. Ал учурда Өзбекстандын жетекчиси Рашидов, Казактын жетекчиси Кунаев коррупцияга шектелишип, катуу сындар айтылып жаткан эле. Кремлдегилер талапкерлерди абдан текшеришкен. Демейде 7 талапкерди карап көрүшчү, андан 5ке түшүшкөн, андан үчөөнү калтырып, дагы карашкан. Анан ошол үчтүн ичинен Масалиевди жактырышкан. Ал кишинин өндүрүштө көп жыл иштегени, өнөр жайды жакшы түшүнгөнү чоң утуш болгон. Жаш курагы да абдан туура келген. Үй-бүлөсү, баскан-турганы да тарбиялуу, таза болгон.​

- Кубанычбек агай, совет заманында чоңдорго пара-белек беришчү беле, болсо ал кандай формада эле?

- Айрым учурларда иш бүткөндөн кийин ыраазычылыгын билдирүү үчүн “эки чанач кымыз, бир козуну” бирөөдөн берип жибергендер болчу. Кээде райкомдун жетекчилери курортко кетип жатканда чарба жетекчилери “чай ичип коюңуз” деп кичине тыйын-тыпыр беришчү деп угуп калчубуз...

- Сиз өзүңүз кандай белектерди алгансыз?

- Кымыз, козу алып келишчү...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG