Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

“Москвага жагалданып иштегенбиз”


Ишемкулов: Москванын оозун карап отурчубуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:07 0:00

Ишимкулов: Москванын оозун карап отурчубуз

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку маектеши Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Тилектеш Ишемкулов болду.

Ал мамлекеттик кызматка келүүдөгү орус тилинин күчү, кадрларды тандоодогу Усубалиевдин ыкмасы, советтик цензуранын жүзү, диссиденттерди каралоо кампаниясы ж.б. маселелер жөнүндө кеп салат.

-1963-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында катардагы мугалим болуп иштеп жаткан Тилектеш Ишемкулов райондук комсомол комитетинин экинчи секретары болуп дайындалып жатат. Өтө эле катуу секирик эмеспи, ага кандай жагдай себеп болгон?

-Ал кызматка дайындалышымдын себеби жана шарты – менин орус тилди жакшы билгендигим болгон. Ал кезде балакет баскан талап бар болчу. Мейли башкалардан айырмаланган жөндөмүң, акылың, көз карашың болсо да, кадр тандап жаткандагы биринчи суроо “орус тилин билеби?” дешчү.

-Кадрга болгон биринчи талап тил билүү жөндөмү экен да?

-Ооба. Ал кезде Кыргызстанда орустардын саны эле 772 миңден ашык болчу, азыр 200 миңдин тегерегинде орустар калды. Андан сырткары орус тилдүү башка улуттар да көп эле. Орус тили – улуттар аралык баарлашуунун тили эле.

-Ошол кезде Москванын улуттук республикалардын укугун кыскан саясаты катуу болгон деп калышат. Кремлдин буйрукчул саясат болгон 1970-80-жылдары сиз Кыргызстандын Борбордук Комитетинде, компартиянын Нарын жана Ысык-Көл обкомдорунда секретарь болуп иштеп жатасыз, кандай жагдайларды айта аласыз?

-Ал кезде Кремлди көзүн тиктеп турчубуз. Москвадан чыккан гезит-журналды, телерадиону биринчи укчубуз. Ал жактан айтылган сөздөрдү, чечимдерди биз үчүн иштей турган тапшырма, багыт, деп түшүнчүбүз, кыңк этпей аткарчубуз. Ошол убакта бизде балакет баскан “орус тили – экинчи эне тилибиз” деген идеялар чыгып кетпедиби. Жогору жакка жакшы көрүнөбүз деп “Ата мекен эмес, Родина деп жазабыз” дегендер чыккан. Сөздүн ачыгын айтканда, андай идеялардын башында ыраматылык Турдакун Усубалиевич турду да.

“Кыргыздарда мамлекеттүүлүк болгон эмес, жарым жапайы улут болчубуз, Октябрь революциясынын, Лениндик саясаттын кеменгерлиги менен эркиндикке жетип, эл катарына кошулдук” деп турду. Ошондой саясаттын натыйжасында 127 миң кыргыз “орус тили – эне тилим” деп жар салганы ал кездеги социологиялык сурамжылоодо белгилүү болгон.

-Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө эмне себеп болгон, жалгыз эле Кремлдин буйрукчул саясатыбы, же жергиликтүү жетекчилердин мажирөөлүгүбү?

-Москвага тизе бүгүп, жагалданган учурлар көп болгон. Мисалы, “Фрунзе шаарында бир эле кыргыз мектеп болсун” деп Москвадан буйрук болгон эмес да. “Баарыбыз орусча окуп жатабыз”, деп рапорт берип жаттык. Кыргызстандын мурдагы биринчи жетекчиси Исхак Раззаковду “улутчул” деп кызматтан алууга да кыргыз тилдүү мектептердин ачылышы, ысык тамак уюштурганы себеп болгон.

-Усубалиевди ошол жагдайлар сестенттип койгон дейсизби?

-Ооба, сөзсүз, ошол жагдайлар ал кишини тайсалдатып койду окшойт.

-Тилектеш Ишенкулович, Турдакун Усубалиев жөнүндө пикир бир кылка эмес. Ал кишини трайбалист, жердешчил болгон деп калышат, сиздин пикир?

-Туура эмес, андай пикирлерге кошулбайм. Ал киши нарындыктарды эле көтөрүп чоң кызматтарга койгон эмес, баарына бирдей, тең карачу.

-Ал кишинин мамлекетти башкаруудагы, кадр тандоодогу кайсы бир сапаттарын белгилей аласыз?

-Бул киши кадр тандоодон эч жаңылган эмес, ар бир майда нерсеге чейин тактап турчу. Ал кезде кызматка бараткан кадрга бейтарап үч кишиден сунуштама, мүнөздөмө жазылчу. Аларды конвертке салып кадрлар бөлүмүнө тапшырышчу. Ал кездеги кызматкердин таза болушу үчүн КГБ аркылуу жети атасынан чейин текшертчү. Мен комсомолдун Борбордук Комитетине катчы болуп көрсөтүлүп жатканда Турдакун Усубалиев кабыл алып, “Тилектеш Ишемкулович сиздин туугандарыңызда сот жообуна туртылгандар барбы?” деди. “Алысыраак таякелерибизден бирөө соттолгон” десем, “аны билебиз” деди. Көрдүңүзбү, кадрдын таза болушу үчүн баарын кылдат текшерткен.

-Совет заманында бийлик басма сөздү катуу көзөмөлдөгөн, журналисттер эркин жаза алган эмес, цензура болчу, деп келатабыз, убагында өзүңүз “башкы цензор” болгонсуз. Бул боюнча бир окуя, мисалдардан айтып бербейсизби?

-Өтө начар кызмат болчу, жүрөк түшүп эле жүрчүбүз. Биздин башкармалыкты “КГБнын 21-канторасы” деп коюшчу. Эмгек акыны да түз Москвадан алчубуз, кварталына барып отчет берчүбүз. Анда бир укмуштуудай: “совет өкмөтүнө, анын коммунисттик партиясына сын-пикир, акарат келтире турган, ар-намысына тие турган, маркстык-лениндик идеяларга шек келтире турган маалыматтар кетпеши керек, болсо катуу жазалоо керек”, деген талаптар болчу. Жалпы алганда гезит-журнал, китеп, ТВ, радио, кинодо тыюу салынган 475 беренелер бар болчу. Бардык облустарда жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөп отурган кызматкерлерибиз бар болчу. Мен кол коймоюнча Кыргызстанда бир дагы гезит-журнал, китеп, радиотелематериал жарык көрчү эмес. Керек болсо театрда спектакль, балет, опера биздин уруксатыбыз жок коюлчу эмес, мына ушундай каар заман болчу.

-Сиз “Советтик Кыргызстан” гезитинде башкы редактору болуп турганда диссидент Азамат Алтай ж.б. каралаган материалдар жарыяланды эле, ал кандайча болгон? Ким тарабынан уюштурулду эле?

-Бул түздөн-түз Москванын көрсөтмөсү менен уюштурулган кампания болчу. Биз Азамат Алтайдын же башкалардын качан партизан болгонун, качан туткунга түшкөнүн, батышта эмне иш кылып жүргөнүн кайда билебиз, маалыматтардын баарын КГБ берчү.

“Алардын баары СССРге чыккынчы, ар-намысы жок, өлкөсүн саткан” дей берсе биз деле ишенип калганбыз. Бизге жашыруун делген маалыматтарды беришчү. Анын негизинде бизге “чыккынчыларды” ашкерелеген материалдарды уюштургула деген тапшырмалар келчү. Айталы, Москва бизге “чыккынчыларды бетине түкүргөндөй кылып материал даярдагыла десе, биз андан да өтүп, жагалданып ашкерелечүбүз”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG