Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:30

Элүүнүн кырына жаңы чыккан белгилүү журналист жана публицист, "Кут билим" гезитинин баш редактору, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору Кубат Чекировдун чыгармачыл бейнесине сүртүмдөр.

Студент Кубат

Биздин студенттик күндөр заман алмашып, доор жаңыра баштаган, азыркы биздин эгемендикке, эркиндикке, өз алдынчалыкка умтулуу күч алган кезге туш болду. Ал мезгилде студенттер арасында ар кандай талкуулар, чыгармачыл кечелер, жолугушуулар, жыйындар, ийримдер көп болор эле. Айрыкча филология факультетинин студенттери чыгармачыл форумдарга шыктуу боло турган.

Филологдор биздин универститетибиздин - Жусуп Баласагын атындагы КУУнун БАЗ деп аталган чоң жыйындар залында башка факультеттердин студенттерине кадыресе акын-жазуучулардай байма-бай чыгармаларын окуп, билип-билбегенибиз деле өзүбүздү Белинский сезип, алардын чыгармаларын талдап калаар элек.

Чыгармачыл кеченин бир жолкусунда Кубат да Дүйшөн Жапаров, Барчынбек Бугубаев сыяктуу акын атала баштагандардын катарында “Жаз, кыз жана мен” деген ырын окуп бергени эсибизде.

“Жаз менен кошо сүйүү келип,

Ашыкмынбы, билбеймин.

Ошол кыз мага гүл болуп

Күн болуп көрүндү”, - деген сыяктуу баёо саптары эсибизде калыптыр.

Кийин ыр жазбай да калды. Ал 1989-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине которулуп кетти. Студенттер - коомдогу жаңычыл күч, алардын улам бир мууну өз дооруна жараша изденип, дараметине ылайык коомго таасир эте ала турган калк болоору белгилүү.

Өткөн кылымдын 80-90-жылдары ачык-айкындык, кайра куруу менен удаа сөз эркиндиги, демократия тууралуу идеялар кыргыз турмушуна ат бастырып киргенде Кубат мырза сыяктуу курдаштарыбыз жаңычыл көз караштардын, ошол мезгилдин прогрессчил идеяларынын чабарманы болуп жүрдү. Улам бир жаңылыкка кулак төшөп, башка республикалардагы кыймылдарды жаза кетирбей байкап, аны биздин кыртышка өндүргөнгө аракет кыла баштаган учур болчу.

Ал кезде диссидент катары эсептелген, тыюу салынган чыгармалар “Самиздат” (Өз алдынча басма") деген жол менен тымызын чыгарылып, элге жең ичинен таркай турган. Ошол адабиятты студенттер колдон колго өткөрүп, ал тургай сатып алып окучубуз. Москвадан бир жолу Кубат Александр Солженициндин “Архипелаг ГУЛАГ” романын ала келип, аны биз Бишкекте курстук жана дипломдук иштерди бастырган 7-кичирайондогу жертөлөдө жайгашкан типографиядан көбөйтүп алып окудук.

Ошентип Кубат аркылуу Москва, Ленинград, Рига, Баку, Таллинде чыккан, бизге жете элек адабият тургай, ошол шаарлардагы айрым студенттик кыймылдар менен тааныштык. Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилген мыйзамды кабыл алуу боюнча кыймылды колдоп, жатаканaларды кыдырып кол топтогон күндөрү окуудан чыгып калуу же андан башка жазаларга кайыл болуп, чогуу жүрдүк.

Биз го биз, студенттер, окуудан айдалмагыбыз турулуу иш болчу. Элдин эңсеген тилеги ишке ашып, эркиндикке жетип, система алмашып, эгемендикке ээ болбогондо далай киши саясий айып тагылып, репрессияланмак экен.

Журналист Кубат

Кубат студент кезинде, тээ 1990-жылы эле белгилүү акын, журналист, котормочу Аман Токтогулов, журналист Бакыт Орунбеков менен бирге ал мезгилдеги эң курч, демократия идеясын туу көтөргөн “Майдан” гезитин негиздешти.

Ак Үйдүн дубалындагы Кыргызстан Компартиясынын лидерине каршы саясий плакат. "Майдан" гезитинин К.Чекиров сактаган архивинен. 23.10.1990.
Ак Үйдүн дубалындагы Кыргызстан Компартиясынын лидерине каршы саясий плакат. "Майдан" гезитинин К.Чекиров сактаган архивинен. 23.10.1990.

Алгачкы өкмөттүк эмес басылма, эркин гезит болгон “Майдан” Кубаттын кесипкөй журналистика жолуна салды окшойт.

"Баарыбыз Гоголдун шинелинен чыкканбыз" дегендей бир катар мамлекеттик кызматкерлер, илимде таанымал окумуштуулар, саясатчылар республиканын жалгыз агартуу гезити “Кутбилим” (мурдагы “Мугалимдер газетасы”) менен кызматташа турган.

Кубат Чекиров менен Замира Кожобаева элет жеринде "Азаттык" үналгысы үчүн маек уюштурууда. Архивден.
Кубат Чекиров менен Замира Кожобаева элет жеринде "Азаттык" үналгысы үчүн маек уюштурууда. Архивден.

Кубат Чекиров 1992-жылы “Кутбилимге" жооптуу катчы, аз өтпөй башкы редактор Талант Конокбаевдин орун басары болуп иштей баштайт. Ал эми 1996-жылдан бери ушул гезиттин башкы редактору. Андан бери далай суу акты, нравалык дөөлөттөр ала салып, баалуулуктар алмашты.

Бирок “Кутбилим” гезити окурмандарын сатпады, таянган принциптеринен тайган жок. Тескерисинче популярдуулугу артып, интеллигенция ой бөлүшө турган аянт катары, илимий-педагогикалык жападан-жалгыз гезит катары жүзүн сактап келатат. Илимий-популярдуу баяндамаларга, интеллектуалдык салмактуу публицистикага кеңири орун берилип, билим берүү маселелерин үзбөй чагылдырган гезит катары калк ичинде кадыры өсүүдө.

Кыргыз гезит күркөсү. Бишкек. 2015.
Кыргыз гезит күркөсү. Бишкек. 2015.

Билим демекчи, нукура илимий-педагогикалык тематикага жана усулдук (методикалык) орчун жаңылыктарга арналган “Кутбилим сабак” тиркемеси да он жылдан бери үзбөй чыгып келет.

Ушул ийгиликтер редактор Кубат Чекировдун жетекчилиги аркасында экени талашсыз. "Ат качырбас боз айгыр" дегендей, Кубат жетекчи катары эмгек жамаатына камкордук менен мамиле кылып, ынтымагына шек келтирбей баш-көз болгонун кесиптештери дайыма кеп кылышат.

Кубат Би-Би-Си радиосу 1996-жылы июнда Кыргызстанга келген күндөн тартып ушул күнгө чейин анын кабарчысы катары дээрлик ырааттуу иштеп келе жатат. 2006-2011-жылдары "Азаттыктын" интернет-редактору жана кабарчысы катары үзүрлүү кызмат өтөгөн.

Кубат Чекиров. 23.11.2017.
Кубат Чекиров. 23.11.2017.

Жогоруда айтылгандай далай жылдан бери тармактык гезитти тынбай жетектеп, ошол эле учурда өз стандарты, өз талаптары бар чет элдик маалымат каражаттарында үзгүлтүксүз иштеген мындай мисалдар кыргыз журналистикасында сейрек кездешет.

Киши Кубат

Кубат мырза ырга ынак, сөзгө канык, акылга камылга атасы Асангазы аксакалды тартып ыр-күүгө шыктуу. Келиштире кыргызча, орусча ырдайт. Адамгерчилиги бийик инсан.

Заман оош-кыйыш боло берет экен да. Ар кандай мезгилде Кубат кишилигинен жазган жок. Улам бийлик алмашканда жылдызы жанган жакындарына үзүлүп түшуп жакындабады. Оор басырык мамилесинен кайтпады. Четке сүрүлүп калган достору, курдаштары жана үзөңгүлөштөрүнөн качпады.

Арслан Койчиев,

Алмаз Кулматов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG